Токмокто компьютердик клубда ойноп жаткан өспүрүм көз жумган

© Sputnik / Нурис АлымбаевКомпьютердик клуб. Архивдик сүрөт
Компьютердик клуб. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023
Жазылуу
Милиция өспүрүм реанимацияда жатканда каза болду десе, Саламаттык сактоо министрлиги ал ооруканага жеткенге чейин эле үзүлгөнүн айтууда.
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Токмокто 17 жаштагы өспүрүм компьютердик клубда ойноп жатканда көз жумду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, 1-сентябрда саат 23:30да 17 жаштагы Т.Б. компьютердик клубда ойноп жаткан.
"Өспүрүм эс-учун жоготуп койгон. Достору аны Чүй райондук ооруканага алып барышкан. Бирок ал реанимацияда үзүлгөн. Факт каттоого алынды. Баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүм ооруканага жеткенге чейин эле үзүлгөнүн Sputnik агенттигине билдирди.
"Баланын сөөгү Чүй райондук жалпы дарыгердик практика борборуна алып келинген. Окуяны медиктер милицияга кабарлаган", — деди министрлик.
Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы Козубаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн түндө өрт чыгып, жалын эртең менен өчүрүлгөн - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023
Кара-Сууда түндө чыккан ири өрт эртең менен өчүрүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0