Манастын элин чаап өч алмак үчүн кытайлардын кеңешкени. Улуу баяндан 7 факт

© Фото / Теодор ГерценГерцендин "Манас" эпосуна тарткан иллюстрациясы
Герцендин Манас эпосуна тарткан иллюстрациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2023
Жазылуу
Көктатар менен Алаткак кол салганда Манас көп кол албаганына, ортосу болот, оозу албарс, аманат келген Аккелте мылтыгын таштап койгонуна өкүндү. Ушул жерлерде жүрүп көп эл, түгөнбөс жер бар экенин түшүндү, ал согушуп талашкан жерлер бир кыпын экенин аңдады.
Жалпы кытай жыйыны. Бир күнү баягы эле кытайлардан Коңурбай, Кырмуз уулу Мурадил, кызыл чоктуу Нескара, калмактардын Ушаңы, кара жалдуу Бороончу, каңгайдан Ороңгу, каткалаңдын Сайкалы, Солоондон Алооке, доңуз мүнөз Эр Жолой, Токшукердин Бозкертик, Солобонун Соорондук чогулуп алып чоң масилет курушту. Манас баш болуп Алмамбет, Сыргак, Токтой баатырлар Меке-Медийнеде жүргөн кезде кыргызга кыргын салууга, кылайтпай кегин алууга, алачка азап салууга, арттырып кегин алууга, чантууну чаап алууга, Түркстандын журтуна дүрбөлөңдү салууга кеңешип жатышты. Ойдон-тоодон жыйып, Ногой уулу болгондон он киши койбой кырууну ойлошту. Бу Манас жарык дүйнөгө келгени адырга мал жуушабай, адамдар тынчып уктабай, бөксөдөн мал жуушабай, бөксөртүп уйку уктабай калганын айтышты. Кара калмак элинен канча жылкы алдырдык деп санап киришти, Каз-Уянын белинен, кызыл чок кытай элинен кырк миң жылкы бир алды дешти, Кыяндуунун белинен, Алтайда кыргыз туругу, анжы калмак уругу чаптырып жүрүп ар качан, чаркы келбей куруду дешти. Баатыр Жолой балбанын баш кылып манжы, калмак журтунун далдалын чыгарганын айтышты. Согушунан кыргыздын, соо калган эл барбы, согушуп жүрүп түрктөн, союлбаган эр барбы, кармалып кетип чантууга, канзаада кетти кул болуп, канча-канча жан өлүп, катыны калды тул болуп, урушуп жүрүп ногойго, улуктар түшүп колуна, ушу бойдон жоголду, урматтуулар кул болду, ургаачысы тул болду, кырк жылы көрүп кыргынын, Кытайдын журту кор болуп, такалган жери шол болду дешти. Манастын айтканына атпай алач баарысы көнгөнүн, ага кытайдан Соорондуктун Алмамбет барып кошулганын айтышты. Кара кыргыздар кытай менен калмактын келин-кызын ыйлатып, кериден бээсин туйлатып, керегесин кыйратып, боз үйлүүсүн боздотуп, тамдагысын талкалап жүргөнүн, алардын кордугуна чыдабай көбү кыргыз болуп барганын, түрккө кетип кутулганын айтышты. Эми кыргыз менен казактын колуна берип азапты, алыстан Манас келгенче кетирбей кекти алууга шерттешти. Билеги жоон балбандан, миңди бири алгандан, Какан менен Анжыдан, өлүмдү билбес өжөрдөн, калбаган кийин өнөрдөн, сезбей турган себилден, сегиз миң урук элинен аскерди арбын жыялык, алысты көргөн көздүүдөн, айтарга даңгыл сөздүүдөн аскер башчы кылалык акылга дыйкан эстүүдөн деди бири. Бири болсо казак менен кыргыздын түшүрөлү жерге жылдызын деп чыкса, бири эмерегин эңшерели, жүктөп алып өлүүсүн, жүдөтө чаап өрүүсүн, көсөп чаап чантуунун көчүн алсак канетет, көп чапкандын биз да бир өчүн алсак канетет деп чыкты. Дагы бири кыргыздын боорун жарууга, өтүн алууга, казынасын бузуп, калдыраган жамбынын накта өзүн алууга эми эле даяр турду. Биздин мүлктөн миңден жамбы бир жүктөп, алтын, күмүш, ак жамбы асылдарын алганын, жылкы, төө, кой айдап жолго салганын, торгун, тубар, дүрүйө талап кеткенин айтып чыкты. Бу кыргыз дегениң тоодо жүргөн башаламан эл эле, Манас чыгып балакет болгонун, бузук журт букта болгонун айтып бири күйүп атат, бири олжолуу келе жатканын элестеп сүйүнүп атат.
Коңурбай. Герцендин сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Коңурбайдын тойдогу таарынычы, кытайлардын кыргызга тартуу бериши. Эпостон 6 факт
Алооке кары кеп айтат. Жыйында Алооке сөз алды. Ал "биз менен Манас өзү курчалып куда болсок деп, куушканды койсок деп, сүйүшүп куда болсок деп, сүрүшкөндү койсок деп чыгып, Эсенкан кызы Мыскалды Алмамбетке бергиле дегенин унуттуңарбы. Ошентип араң кутулганбыз, ошондо чабыша кетсек чантуулар таппайт беле эбиңди, курутпайт беле кебиңди, төкпөйт беле жашыңды, жулбайт беле башыңды, ошону ойлогула, дагы бир бүлүнүп жүрбөйлүк, бузуктукту сүйбөйлүк, кубаттуулары алыс кетти деп кутмандуу журтка кол салганыбыз болбостур" деди. Анан соң ойлонуп-ойлонуп туруп, бир кезде Анжиянда кан болуп турганда Манастан ажыдаары, жыланы, кабыланы, жолборсу калбай качканын эстеп, алыс араб жеринен өлбөй калып, өзү келип, Түрк уулунан түк койбой, Бараңдан алып башчысын, Урумдун алып жакшысын, Оогандын алып озгонун, Калчанын алып канчасын бизге калабаны салбасын дейт. Кытайлардын Көмөктөн ары чеги жогун, көчүп качар жери жогун, чечилерге түйүнү жогун, жүктөп качар үйү жогун эскертип, бу Манас деген "там үйүңдү талкалап, таш үйүңдү кыйратып, көчөңдүн боюн кан кылып, көрүнгөндү нан кылып, калааңдын ичин кан кылып, как жериңди чаң кылып кетет. Кыргыздарды бир күнү көрсөң, бир күнү жогун, жүктөп кеткен үйү барын, төрт аяктуу мал иштетерин, үй жүктөгөн нары барын айтат, кытайлар баштан-аяк жыгач ок атса, чандуулар кой чагыр, бараң, замбирек менен топ атса, биз ошолорго теңеле алар белек, менин оюм кыргызга катылбаш керек" дейт, кытайлар сүйрөлүп, кайратсыз болуп турганына көөнү толбой атканын кошумчалап коёт. Алоокенин бул сөзүнө кытай-калмак кандарынын көбү баш ийкеп макул болот. Муну угуп Коңурбай менен Жолой күүлөндү, ачууланып сүйлөндү, ордосу Бээжин жер экенин, оң тарабында Ууталык, Шаңкай эл экенин, мынча аймакты бир ат менен токтолуп-токтолуп жүргөндө тогуз айлык жер экенин, башкы атагы мар экенин, күн шашкелик жагында Мангүү журту бар экенин, Күн чыгыш жагы Саяң да Күлдү кытай жан экенин, жер атагы Чынмачын экенин, Күн жүрүшү жагында Бакбурчундун базары барын айтып, ушунча жерди көзгө илбей Алоокенин шашылып айтканын карагыла дейт. Кентун, шаар Тагалак, алдырып ийсек бурутка, кетериң ырас табалап деп келип, корккондор кол салбай эле коюшун, атка артып алтын биз алсак, алар чака булун албашын, Эсен кан баш болгон эчен жан чантууга чабуул коёбуз деп жатканын кулак кагыш кылбай шар айтты. Аягы мурун жериңдин Арал деңиз, Муют көл, Самардын каны чегибиз, сан жетпеген элибиз, жалтанып жүрүп чантуудан, омурулду белибиз деп Алоокеге карап, кара кыргыз менен кармашпайт деген эмине, көп алгандын биридир, алдырсак анан жемеле дейт. Мындай сөздөрдү угуп Алооке ачууланды, Коңурбай менен Жолойго жини келди, атына шарт минди да, масилет-ордодон чыгып кетти.
Соорондук кары кеп айтат: "Балдар, артыңарды карагыла, жамандык түшсө башыңа, кайкайлаган көп аскер камалап келсе кашыңа, жебенин огу кыркырап, мылтыктын огу зыркырап, жетсе душман чуркурап, обого тозоң буркурап, кол салып келсе душманың, өзүңдө болуп бушманың, кайгыга толуп карының, алыска жетпей арымың, нак ошондо кантем деп, өзүңдү өзүң тааныгын, өкүнүч менен өлбөңөр, өлүм жакын кезинде өзгөдөн билип көрбөңөр", - деп туруп Соорондук, бир баласы мусулман болуп кеткенин, аны үчүн калаасы кыйраганын айтат. Уулу Алмамбеттин Жолой менен Бозкертикти, жоо бөрүсү Незкараны жекеде жыгып, Мекеге зиярат үчүн кетти дейт, ал ачуусу жаман неме эле азапты бизге салбасын, жаалы катуу жан эле, жаман кылып кетпесин деп келип, жалгызына жан тартып ыйлап алды. "Койгун ата, тоспо деп, өзүмдөн сурап өтүнүп, кеткен балам ал эле, ошо күндөн ушу күн кейиште жаным бар эле, узаган балам ал эле, ушу күнгө жеткенче убайымым бар эле" деп баласы колдон кеткенден кийин уругу соолуганын айтып, эмне кылсаңар өзүңөр билгиле, өлгөндөн калгандар өз баламсыңар деп жыйынды таштап, ал да кетти. Алооке менен Соорондук кеткен соң калган кандар айбаты бар тыңынан, урушту сүйгөн желдүүдөн, уйгу-туйгу демдүүдөн, калабаны сүйгөн желдүүдөн, кайраты толук демдүүдөн арбын аскер жыйнашты. Канжанын оту жылтылдады, түмөн-түмөн кол жыйып, дүнүйө жүзү былкылдады. Соорондук менен Алооке элинен жарым жан бербеди, жарым мыскал дан бербеди, күрөөкөсүн жамынып, терс карап жатып алды.
Манас эпосуна картылган иллюстрация. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2023
Чубактын Алмамбеттен жол талашканы. Улуу баяндан 6 факт
Эсенкан кызы Мыскал. Баягында Манастын тоюнун аягы Коңурбайдын чыры менен уланып, ага каршы кыргыз колу аттанып чыгарда айткан сөзү үчүн Эр Коңур тил айыбын тартмак болуп, миң кыз беребиз дегенде миңди коюп Алмамбетке жаш кезинде арзышканы Мыскалды гана бергиле деп туруп алган. Ошондон бери Мыскал кызга же бир аян жок, же бир кайра келген жан жок. Алмамбет келбей кеткенге армандуу жүрөт ал байкуш. Кыз дегендер эр каалайт, атагы чыккан арстанды, Алмамбет деген баатырды келсе көрсөм деп Мыскал күнү-түнү санаада. Ансыз да уламалап угуучу, уккан сайын Мыскал кыз убайым тартып куруучу, ашыктыгы артуучу, Алмамбетти көрө албай азабын ар кез тартуучу. Кызыл сакал, нур жүздүү, арстан кыял, эр түстүү, көзү кара, кыйган каш, кырк ичинде келген жаш Алмамбет деп катат баш. Алмамбеттин Кытайдан качып чыкканын, кызыл чоктуу кыйынын кыйрашкан жерде жыкканын, Кан Коңурбай баатырды кан жөткүртүп сойлотконун ойлойт. Ойлойт да, күтөт. Күтөт да, үшкүрүнөт. Кандыгын санап кайгырып, калдымбы деп айрылып, аташканын көрө албай, айтканын кылып көнө албай, ажалы жетип өлө албай, кылайып жүзүн көрө албай, кызматын кылып көнө албай, кыямат кетип өлө албай, бу дүйнөдө бары-жогу билинбей кыйналды кыз байкуш. Алыска кеткен жагынан Алмамбет Түркстандын жерине, түмөн кыргыз элине аман келгенин уксам, аябас элем барымды, алтын, күмүш зарымды, аныктап жүзүн бир көрсөм, андан кийин мейли өлсөм дейт муңдуу муңканып. Кытайлардын, анын баарынын башчысы Эсен кандын Алмамбет менен Манас гана эмес, кыргыздын түгүн койбой кырууга камданып жатканын Мыскал кыз кайдан билсин? Кытай колу кумдай арбышып, Алтайдан бери дарбышып, кылычты бүлөп курчутуп, кылымды жыйып кутуртуп, айбалтаны миздешип, алдырбайбыз биз дешип, мылтыкты камдап түздөшүп, канжарды бүлөп миздешип, найзасын оңдоп учташып, күлүгүн байлап тапташып чантуунун журтун чабууга, чамгарагын чагууга кеңешип бүткөнүн Мыскал кыз кайдан уксун? Лайлама окулганын, дүрбөп кытай көп журту сүрөтүнө чокунганын, Лаанатка жалынганын Мыскал кыз кайдан көрсүн?..
Көктатар менен кармашуу. Манас менен шериктери алыс жолго катуу жүрдү, оңу-солуна карабады. Түштүктүн тоосун кыдырып, Эзеттин суусун сыдырып, Тезектин белин ашыптыр, Байнанын чөлүн басыптыр, кылчайбай жүрүп кырк күндө Айыктын суусун сыдырып, Азаттын журтун кыдырып, тоо түгөнүп уч болду, жол түгөнүп түз болду, суу түгөнүп чөл болду, адам түрүн көрбөгөн албан түрлүү эл болду. Бул жерди Көңкү Сая журт дейт экен, баатырынын аты – Көктатар. Машалак деген бир жигит ошол Көктатарга издеп жүргөн Манас келди, сенин колуңдан ажал буйруган экен атагы чыккан бул немеге дейт. Көктатары угуптур, көтөрүлүп туруптур, көзүнөн жалын чыгыптыр, ачуу менен караса, көз кирпиги сыныптыр. Таңталуу деген унаасын минди. Анысы котос эмес, жылкы эмес, коркойгон жүз кез мойну бар, керик да эмес, бил эмес, эл көргөн жандын бири эмес, эки кулач төш жары мойнуна чыккан жал экен, таноосуна, мурдуна таз иттер чуркап киргендей, жеке өзүн ал аттын, жетимиш киши мингендей, кулачтан артык көрүндү кулагынын бийиги. Көктатар найза, кылыч көтөрбөйт, карагайдан камчы алат, турагында жүз он кулач, жоондугу кырк кучак тереги өсүп турат экен. Көптөн бери ушул атагы чыгып аткан Манас менен бир кармашсам деп жүрчү экен, анын минтип өзү келген дайынын угуп, Таңталууга минип Көктатар терекке жетип барып, капшырып катуу кармады, алп күчүнө салып, аны короо ордундай чымы менен жулуп алды. Машалакты ээрчип Манаска атып жөнөдү. Бир убак бейкапар келе жаткан Манас менен жигиттер "таңга", "таңга", "таңга" деген сөз укту. Анысы "токто" дегени экен. Кыйкырган Көктатардын өзү экен. Тоодой неменин башы даш казандай, эки кара кашы комдонгон кара дөбөттөй, аргамжыдай чубалган алты кулач чачы бар, муруну тоонун кырындай, муруту билдин кылындай, көзү кайнар кудуктай, эриндерин караса, эки жашар тананын саман тыккан тулуптай. Адамдан башка жандыктан ажалдын келе жатканын көрүп Алмамбет тосуп чыкмак болду, ага карабай Арстан Сыргак алеңгир саадагын алып, Акчамбыл менен ат коюп каршы жөнөп калбайбы. Көктатар терек менен урмак болуп кол көтөрдү эле, Сыргак жаа менен көзгө таамай аткан экен, жебенин огу оң көзүнө мадалып, аны сууруп ыргытайын деп буйдалып бурула албай жатканда сандыргалуу Алмамбет сол көзгө коюп калганы. Эки көзү тең агып, тегеренип калыптыр. Ошо кезде теминип барып Эр Манас, Айкожо берген ач албарс кылычын шиледи эле бир кулак менен бир колун шылып түштү. Аркасынан Эр Сыргак айбалта менен салды. Токтолуп турбай Токотой Машалак менен токмоктошту. Ачуусу келип Арстан Манас баатыр кылыч менен кыйкырып шилисин кести. Эми анын эки көзү көрө албайт, оң колу аман, ошонусу менен кармаса тирүү жанды мыжыгат. Оң колун ачып оңдоду. Кыраан Алмаң жетти да оң колун кесип кетти кылычтап. Кол, көзүнөн айрылды, айгайын салып кайгырды, Алмамбет, Сыргак эки дөө, арага алып токмоктоп, аш бышымда жай кылды. Машалак болсо Көктатарынан айрылып, буларга ыраазы болуп, ээрчип жолдош болуп алды.
Манастын эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
Баатырдын балалуу болуп той бериши, тойдогу тополоң. "Манас" баянынан 6 факт
Алаткак менен алышуу. Моют деген деңизге келишти Манас баштаган жигиттер. Деңиздин ары жагы Баянды деген зор калаа. Бери жакта саяны деген эл, Чычалак деген тоо бар. Бүдүрөк деген коону ташка жапайы эле чыгат, тал, тереги, кайыңы кучак жетпейт жоонуна. Сая журту усталарын жыйышат, узун жыгач жоонунан арбын кылып кыйышат, анан аяк-башы миң кулач сал дегенди кылышат. Дариянын жээгине ошондой салдан Кунаса деген сеңирге бешти байлап коюшат. Кунаса тоонун оюна, Куланды суунун боюна, төрөсү баштап төрт баатыр, Машалак болуп келишти. Сууну кечип карагайлуу, токойлуу черге киришет. Ал жердин адамдары нар сыяктуу, башы түктүү, көзү алты-жети, сөөгү чоюн, эти жез, ар тиши албарс кылычтай, ар тиши жарым кез келет, куйрук жүнү тикендей, кулагы узун сүйрөлгөн, токойлуу тоо-таштарды жапайы жүрүп үйрөнгөн, кичирейсе муштумдай, адамды көрсө үйдөн чоң боло калчу бир жаныбарлар экен. Орою суук, айбаттуу, жүз миң адам болсо да, булардын жүргөнүн көрсө талаада, жүрөгү чыгып өлгөндөй. Буларды алаткак эли дейт экен. Аягы жалгыз, көзү көп, ичи сөөк, тышы түк, эти темир, сөөгү таш, доңуз баш бул немелер адамдын кайсыл жери оозуна туш келсе, канын соруп алат. Канча кан сорсо да карыны тойбойт. Эми булар менен кез келди. Экөө экен жолукканы. Алеңгир жаа менен Алмамбет, саадагын алып Сыргак аларга жакын барды. Бир убак Алмамбеттин жебеси биринин башына жетти, анысы тегеренип кетти. Бирине Сыргактын огу жетти эле, анысы кичирейип кетти. Манас карап турбай башына кылыч урду эле, кылыч тийген башынан кызыл от күйдү. Алмамбет айбалта урду эле, башынан ак жалын чыкты. Бирок өлүшпөдү. Машалак булардын өлүмү суудан болот деп угуп жүрчү экен, эки чанач суу алып чачканда экөө тең жыгылды. Тоодой кылып от жагып, экөөнү өрттөп жиберди, дооштору күркүрөп обо жарып жок болду. Ал жерден тез кетишти.
Сууда жана чөлдө жүргөн баатырлар. Көктатар менен Алаткак кол салганда Манас көп кол албаганына, ортосу болот, оозу албарс, аманат келген Аккелте мылтыгын таштап койгонуна өкүндү. Ушул жерлерде жүрүп, көп эл, түгөнбөс жер бар экенин түшүндү, ал согушуп талашкан жерлер бир кыпын экенин аңдады. Манас ушуларды ойлоп кайгыра бергенде Алмамбет ага ушунчасына шүгүр деп тообо келтир дейт. Анан аларды Көктатарды жок кылды деп урмат менен алты жүз кулач кемеге ат-тону менен салышты. Аптапта он тогуз күн кемеде сүзүп жүрдү. Көл ичинен башы адамдын башындай, жаркыраган көздөрү Баяндын жакут ташындай бир жанды көрдү, дагы бир жандын куйругу балык, дагы биринин башы балык, калган жагы адамдай. Дагы бир жерде көбүктөрдү жастанган, тептегерек сөөк жатыр, Машалак айткан боюнча ага сүйлөбөш керек экен, ким сүйлөсө, ага жетип, албарстан мурун кесет экен, тийген жердин баарысы талкаланып кетет экен. Кургак жер же тоо көрбөй көк жалдар көп жүрдү. Топон каптап кеткенби деп да ойлошту. Дүйнө жүзү бүт эле суу экен деп таң калышты. Машалак он миң кулач узуну лаган жаян чыкпаса экен, ал чыкса сал-мал менен сап кылып, жутуп алып кетер деп турганда толкуну тоодой бөлүнүп, жаян жандап, шары тийип толкундун өтө берди. Бир күнү жер көрүндү, алты дилде бир тонго бир тайлак сатып алып аксарбашыл жыгышты. Андан ары жүрүштү, Жийде маарак деген жерге жетишти. 23 күн суу ичинде жүрсө, эми алты күнү бир тамчы суу көрбөй акакташты. Анан алар Меккеде буйругу менен кудайдын Ыбырайым салган зыярат кылчу жерине эки күндүк калганда Абунасир заманы астынан тосуп чыкты. Арстан Манас сен үчүн төрт жүз жашап калдым деп ал жерде ар бир парызын аткарып, ат менен жети күн жүрүп Медийнага барат. Араптар абдан сыйлайт. Акыры дариянын жээгине, баштагы өткөн жеринен, он күндүк төмөн жерине алып келип салды эле, бул жак Багдат, Мисир, Шам жолу экен. Алтымыш кеме туруптур, Абунасир кемечиге дайындап буларды отургузду эле, беш күн, беш түн болгондо Урумдан өтүп алышты. Анан ооган элине, андан Кебил жерине өттү, Кашкар жолуна чыкты.
Этнофестиваль. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Төрт баатырдын Кытай калааларын дүрбүдөн көрүшү. Улуу баяндан 7 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0