00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Таберик
17:05
45 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
НДС на корма или почему кыргызская форель может подорожать
08:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо аркылуу инвестициянын көлөмү өсөт — стартаптарга басым жасалат
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Бишкектик студент дүйнөгө белгилүү оюнду кыргызча сүйлөттү
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
«Тамчы» финансылык инвестициялык аймагы: алдыга кандай максаттар коюлган?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда канча стадион салынып, калыбына келтирилип жатканын айтты. Президент былтыр 10 стадион ишке берилсе, Каракол, Өзгөн, Токтогул, Кара-Суу жана Бишкек шаарларындагы стадиондор жакынкы мезгилде тапшырыларын белгилеген. Быйыл дагы 15 объектиде курулуш иштери башталып, анын ичинде Баткен, Нарын, Талас жана Токмок шаарларында дагы ири стадиондор салынат. "Мындан тышкары, Бишкекте 51 миң адамды сыйдыра турган, Борбор Азиядагы эң ири "Бишкек Арена" стадиону салынууда. Анын курулушу эмдиги жылы бүтүп, Эгемендик күнүндө тапшыруу мерчемделип жатат", — деген Садыр Жапаров "Достук Арена" футболдук стадиондун ачылышында. Кечээ Чүйдүн Беш-Күнгөй айылында "Достук Арена" стадиону ачылды.
Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев Сары-Талаа — Кызыл-Таш — Зардалы жолунун курулуш иштеринен кабар алды. Аталган жолдун жалпы узундугу 17,5 чакырымды түзөт.“Министр курулуш аймагында жумушчулардын коопсуздугу биринчи орунда болушу керектигин белгилеп, жаралган тоскоолдуктарды тез арада чечүүнү тапшырды”, — деп билдирди мекеме. Былтыр президент Садыр Жапаров аталган айылга барып, калктуу конушка бара турган жолдун курулушу башталарын айткан.
Сузакта 15 жаштагы кызды зордуктады деп шектелген киши 2 айга камалганын Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, 16-апрель күнү Ысык-Ата РИИБине райондук балдарды социалдык жактан коргоо башкармалыгынын адиси арыз менен кайрылган. Анда Сузакта 43 жаштагы жаран көп убакыттан бери 15 жаштагы өгөй кызына зомбулук көрсөтүп, зордуктап жүргөнү жазылган. Бул окуя боюнча акыйкатчы да үн катып, тартип сакчыларды кыздын укугун коргоого чакырган. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренеси боюнча иш козгоп, өгөй ата кармалып, экспертиза дайындалган. ОИИБ кылмышка шектүү Сузак райондук соту тарабынан эки айлык мөөнөткө камакка алынганын кошумчалады. Тергөө иштери уланууда. Ал эми жабыркаган кыз соцкызматкерлердин кароосунда.
Борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Ачык Дельфи оюндары башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Иш-чарага өлкөнүн булуң-бурчунан келген 7ден 25 жашка чейинки жаштар катышууда. Алар өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп, чыгармачылыгын тартуулашат."Кыргызстандын чар тарабынан жаш таланттар чеберчилигин таанытуу үчүн чогулуп келишти. Дельфи оюндары балдар менен жаштарды бириктирип, ар бир катышуучуга талантын, дымагын, жөндөмүн көрсөтүп таанылууга мүмкүнчүлүк берет", — деп билдиришти мэриядан. Дельфи оюндарын Бишкек шаарынын мэриясы, анын маданият башкармалыгы жана Дельфи комитети уюштурууда. 30-апрелге чейин уланган бул иш-чарада музыкадан тарта санариптик чыгармачылыкка чейин ар түрдүү номинациялар бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0