Чубактын Алмамбеттен жол талашканы. Улуу баяндан 6 факт

© Фото / Теодор ГерценМанас эпосуна картылган иллюстрация. Архив
Манас эпосуна картылган иллюстрация. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2023
Жазылуу
Өткөн баянда Алмамбет баатырдын чалгынга Сыргакты ээрчитип жөнөгөнүн айтып берген элек. Бул сапар кеп Чубактын нааразылыгы, андан соң Манас аны ээрчитип Алмамбетке барганы туурасында жүрөт.
Бакайдын Чубакка айткандары. Чубактын ачуусун баса албай, Бакай ага: "Ай-ай, балам, токто деп, акылым угуп, жокто деп, аңдасаң, сонун ушу бар, Алла таала жараткан албан түрдүү кушу бар, канаты менен учуп жүр, калкылдап көктө ушу жүр, куйругу менен конуучу, Манастын Манас болмогу экөөбүздөн болуучу", - деп келип, эми буттан тартса пил да болсо жыгыларын, миң да болсо кырыларын, Алмамбат кытай болсо да кыргызга кызмат кылып атканын, ал али кыргыздын кыйырынан жыла электигин айтат.
"Куу сөз айтып кожоңдобо, доомат айтып догурунба, кыйшык кеп айтып кылтыңдаба", "бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет" дейт. Алмамбет жол билерин, жол билген киши кол бийлээрин, өзү дале кандыгын ага бергенин айтып келип, мен үчүн кыйналбай эле койгун деп эскертет. Ушундай кылып акылын Бакай айтып турганда экөө тең токтой калат ойлонуп, миң түркүн санаага толгонуп.
Манастын келиши. Ошол кезде Айманбоз минип зоңкоюп Арстан Манас зоо жылгансып жылып келет аларга. Каалгадай кашка тишин көрсөтүп, Чубакка карап күлөт: чуулгандуу жүрүштө чуу кылганың курусун, сенин бул күндө султандык кылар убагың эле, анан сенин бузук кылып турганың неси дегендей ачуу сөзүн ичтен чыгарат. Буластаган Чубак айтканынан кайтар эмес, Манаска он үч жашар кезинде Алтайдын Арал көлүндө, Ак-Чаңгыл таштын белинде кошулганын эстетип, ошондогу кол алышып айтышкан сөзүн, айрышкан бөзүн айтат. Ошондон берки сага кылган кызматты, канкор, билбедиң дейт. Ак болот мизин жалашканын, кыргыздын намысын талашканын, ар кыл душман менен салышканын, күч жетпес жоо менен да алышканын айтат да, эми жол баштаарга келгенде, чалгын чаларда андан калмак кыйын болуп кеткенин, ал кытай жолго жалгыз кондурбай, жоболоңго салганын, кандык өкүм алганын, кары-жаштын баарысын каттап алып бир жолу калабага салганын бир-бирден терип-тепчип айтат. Өзүнүн тентип келген калмакка теңелбегенине, ар качан кеңешкенде Манас Алмамбет менен кеңешип, Чубакты четке сүрүп койгонуна арданып калганын айтып арман-бугун чыгарат.
Манас менен Чубактын Алмамбеттин артынан түшүшү. Бу Чубактын бугу чыгып кетсин деп, буулукканы тарасын деп буудан Манас тим койду. Чубак айтты баарысын, ичине батпас арманын, Манаска жакындоодо кайдагы бир тентип келген Алмамбеттен артта калганын. Манас деген Манас да, муну угуп жай гана Чубакка карай "арманың болсо чалгындан азыр жөнө, бол тез" дейт. Манастан Чубак кем бекен, атына камчы бастырып жөнөп калды бу дагы. Ошондо кайран Бакай карыя – акылы журтка дарыя сырты менен кылычын заңк дедире бир коюп, жоон үн менен кыйкырып "кызыталак, санталак, атыңа минип анталап, кытай жакын эмедей, кыйкырып жөнөп калдыңар, кырылышар душманды кайдан таап алдыңар, кыйкырып алып чаптыңар, кана, кытайды кайдан таптыңар" деп келип, имерип тийген жаандай, ителги тийген таандай, Акбалтанын Чубагын ээрчиген элди кууду дүргүтүп, бөрү тийген кой өңдүү, бөлүп-бөлүп үркүтүп. Эл токтоду. Акбалтанын Чубагын ээрчитип, Эр Манас элдештирмек болуп Алмамбетке жөнөдү.
Теодор Герцендин Манас эпосуна тартылган сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2023
Алмамбет баштаган колдун жол жүрүшү. Улуу баяндан 8 факт
Алмамбеттин алыстан Манас менен Чубакты көрүшү. Алмамбет Сырттан Сыргак менен аттанып кеткенге күнчөлүк болуптур. Түп Бээжинге али узак. Ошол Алмаң болжогон жерде ак кулжа жаткан бели, куу өрдөк жаткан көлү боло турган экен, барып чалышса көлүндө өрдөгү, белинде кулжасы көрүнбөйт. Булардын келишин туйган экен деп Түйүндүн Сары-Кыяда аз аяндап токтолду. Аттарын чөпкө чалдырды. Ошол кезде алыстан алтындуу доол кагылды, Аккелте мылтык атылды. Эмне болуп кетти деп, Эр Манас кайдан жетти деп Алмамбет, Сыргак таң кылды. Манас менен бирөөнүн карааны аларга кара десе, каргадай көрүндү. Алмамбет дүрбүсүн сууруп кабынан оң көзүнө салды. Дүрбүсүнөн бирөө деген караан – оён Чубак, артынан Эр Манас көзүнө урунду. "Кызматын актап кылсам да, кытайлыгым билинди, ишенбеген кишидей, аркамдан чабыш не жумуш" деп бир ойлонду, "башка жактан жоо чыгып, башына түйшүк салганбы" деп бир ойлонду. Алмамбетти баатырдын Аккуласы жок Айманбоз минип алганы андан бетер санаага салды.
Чубак менен Алмамбеттин бет келиши. Жакындаганда Көктекесин алкынтып келген Чубактын жаалын байкап Алмамбет буга не болгонун дароо билди. Эр Манас бута атым арттан ээрчип алган. Чубак салам айтса, Сыргак алик алып, Алмамбет тетири карап терс отуруп калат. Акбалтанын Чубагы "кызыталак, куу кытай, кыйратып ийчү немедей, салам айтсам кебелбей, тескери карайт мага деп, табайын буга даба деп, кайраты толуп боюна, аркасын салып Алмаңа, капталын салып Сыргакка, бул да отуруп алды. Ошонгуча болбоду, оён Манас баатыры буларга келди акыры. Алмамбет, Сыргак экөө аттан түшүп Манаска салам берди. Эр Сыргак баатырдын атын алып, астына орун салды. Айкөлүң отуруп алып, Чубак менен Алмамбетти астыртан карайт, кимисинен кандай сөз чыгарын аңдайт, калп эле каткырык салган болот. Төрт баатыр дөбөдө кыйла турду. Бир убак Алмамбет сөзүн баштайт. Сөзүнө карап турса дүнүйө каңгырган эрдин шору экенин, калкынан азган кор экенин, калктуунун баары эр экенин, канча айтса кеби эм экенин айтат. Эгемдин иши болбосо, элиңдин четин ким көрсүн, алтын так сынсын, кан өлсүн, азап тартпай жан өлсүн, алдамдын иши болбосо, айлыңдын четин ким көрсүн деп келип, Манаска "айбанды коштой чабышың, акылсыз кандай төрөсүң, артыкча кордук көргөнчө, азыркы турган Алмамбет акыретке жөнөсүн" деп өзүнүн бүтүмүн чыгарат. Чубакка болсо "каардансам шу жерде, калабалуу Чубагым, кагайымбы жиниңди, билипсиң кытай зилимди, кезегиң келди бу күндө, кесейинби тилиңди, элге кызмат кылдырбай, ээрчип келиш кай күчүң", "чечейинби бүчүңдү, жарайынбы өтүңдү", "азыр саа теңелсем, мына шу жерде сойлойсуң", "кутуруп кеткен бадырек, көрүнөмбү көзүңө, келипсиң өлөр кезиңе" дейт ачууланып, Алмамбет баатыр кырданып, азат боюн чыңданып.
Алмамбеттин Манаска айткандары. Алмамбеттин айтканын Акбалтанын Чубагы кенебеди, кечирди. Кыймылдабай, кыңк этпей, кыраан Чубак былк этпей, Алмамбеттин күүлөнгөн ачуусун алды мойнуна. Алмамбет Чубак менен сөз бүттү дегендей эми Манастын өзүнө кайрылды: "Арбагы бийик анткорум, Арстан Манас канкорум, алакандай Анжиян айыл кылып алгансып, алым зекет салгансып, кочуш болгон Коконду койдой багып алгансып, коркутуп алым салгансып, узакка сапар жол келип, отуз жүз миң кол келип, көпсүнөрсүң, көк жалым, кыйынсып келип кытайга, кылып келген ишиң бу, эрегиштирип эрбейтип ээрчитип келген кишиң бу" деп, анан Манастын сүрбөгөн элим, жүрбөгөн жерим жок дегенине арданат, Бээжин кайда, жер кайда, кытай кайда, эл кайда, Туңша калаа жер кайда, тутанган кытай эл кайда деп кайра Манастын өзүнө суроо коёт. Ошондо Манас башын ийип, каткырыкты салып, "макул, Алмам, баатыр деп, бадырек кытай журтунун баянын айтчы акыр деп, бу жериңде жүрбөдүм, мурун муну көрбөдүм" деп, кечээги түн эшикке чыгып караса Жетиген жылдыз желкеден, Үркөр жылдыз кутпудан, Чолпон жылдыз чокудан көрүнгөнүн, ошондон Бээжин жердин чети экенин билгенин айтат. Манас тоого чыгып караса көз учунда мунарык, көз жетпеген тунарык, томуктай тоо көрүнбөйт, тозоңу көктөн бөлүнбөйт. Анан ал берен калсын Бээжиниң, кыргын алсын кытайың, ким билиптир мындайын, өрттөнүп кеткен кытайдын өрдөгү кончу көлү, кулжасы жатчу бели, аскери жатчу жери кайда экенин Алмамбеттен сурайт. Алмамбет баатырга олурая бир карап Бакбурчундун баянын айта баштайт.
Атчан баатыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
Алмамбет баатырдын чалгынга Сыргакты ээрчитип жөнөшү. Улуу баяндан 7 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0