00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Бишкектин четиндеги Беш-Күңгөй айылында "Достук Арена" стадиону ачылганын УКМК билдирди. Бул Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында курулган биринчи спорттук жай. Салтанатка президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты."Достук Арена" 2,26 гектар жерге түшкөн. Трибунага 2 563 киши сыят. Андан сырткары жатакана, ашкана, фитнес-зал, өтө сыйлуу коноктор үчүн бөлмөлөр жана башкалар бар. Стадиондун ачылыш урматына өлкөнүн премьер-лигасынын 7-турунун алкагында "Талант" жана "Алга" футбол клубдарынын оюнчулары жаңы жайда беттешти.
Кыргызстандын делегациясы Рим папасы Францискини акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Бул туурасында ТИМден кабарлашты. Юстиция министри Аяз Баетов жана Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев 50дөн ашык дүйнөлүк лидерлер жана башкаруучу 10 монарх менен кошо понтификти жерге берүү ырасымында болушкан. Коштошуу зыйнаты Ватикандагы Ыйык Петр аянтында өттү.Рим папасы Франциск 89 жашында 21-апрелде көз жумган.
"Тазалык" ишканасына 32 заманбап атайын техника берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиев "Бишкекжашылчарба" жана "Тазалык" муниципалдык ишканаларынын иши менен таанышып, шаарды тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн атайын техниканын жана өздүк курамдын даярдыгын текшерди. Ошондой эле "Тазалыкка" 32 заманбап атайын техника берилди. Муну менен катар Айбек Жунушалиев "Бишкекжашылчарба", "Тазалык", "Бишкекжарык" муниципалдык ишканаларынын жана "Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү" агенттигинин кызматкерлеринин эмгек акысын аткарылган иштердин көлөмүн жана алардын жоопкерчилик деңгээлин эске алуу менен 20% көтөрүүнү тапшырды.
Эми кыймылсыз мүлк сатып алуу-сатуу келишимин толугу менен онлайн форматта, жаңыртылган Tunduk тиркемеси аркылуу каттоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директору Урматбек Камбаров билдирди. "Эч кандай кезек күтүүсүз, кагаз иштерисиз — тез, ыңгайлуу жана коопсуз, — деп белгиледи Камбаров. Бул иштин негизги максаты — мамлекеттик кызматтарды ар бир кыргызстандык үчүн мүмкүн болушунча жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылуу. Эми кыймылсыз мүлккө байланыштуу маселелерди толугу менен онлайн режиминде чечүүгө болот.
Исламабад Индия менен өзөктүк согушка барышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу Пакистандын коргоо министри Хаваджа Асиф РИА Новостидеги маегинде билдирген. Ал буга чейин дүйнө эки өзөктүк держава болгон Индия менен Пакистандын ортосундагы тирештин күчөп кетишинен кооптонуусу керектигин, ал толук масштабдуу согушка айланып кетиши мүмкүн экенин билдирген. "Индия менен Пакистан экөө тең өзөктүк держава, бирок иш мынчалык тереңдеп кетет деп ойлобойм", — деген Хаваджа Асиф. 22-апрелде Жамму жана Кашмир аймагында теракт болуп, 26 адамдын өмүрү кыйылган. Бул окуядан кийин Индия менен Пакистандын алакасы курчуган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Лашкар-е-Тайба" террордук уюму менен байланышы бар "Каршылык көрсөтүү фронту" тобу алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0