00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
17:59
1 мин
Ежедневные новости
18:00
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда канча стадион салынып, калыбына келтирилип жатканын айтты. Президент былтыр 10 стадион ишке берилсе, Каракол, Өзгөн, Токтогул, Кара-Суу жана Бишкек шаарларындагы стадиондор жакынкы мезгилде тапшырыларын белгилеген. Быйыл дагы 15 объектиде курулуш иштери башталып, анын ичинде Баткен, Нарын, Талас жана Токмок шаарларында дагы ири стадиондор салынат. "Мындан тышкары, Бишкекте 51 миң адамды сыйдыра турган, Борбор Азиядагы эң ири "Бишкек Арена" стадиону салынууда. Анын курулушу эмдиги жылы бүтүп, Эгемендик күнүндө тапшыруу мерчемделип жатат", — деген Садыр Жапаров "Достук Арена" футболдук стадиондун ачылышында. Кечээ Чүйдүн Беш-Күнгөй айылында "Достук Арена" стадиону ачылды. Бул Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында курулган алгачкы спорттук жай болуп саналат.
2025-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө жашоо минимуму 8 253 сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 290 сомго өскөн, ал эми 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2 пайызга көп. Жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында байкалган. Ал эми эң азы Ысык-Көл регионунда экени айтылат. Мындан тышкары, эмгекке жөндөмдүү курактагы жарандардын жашоо минимуму 9 217 сом, пенсионерлердики 7 282 сом, балдардыкы 7 042 сом деп белгиленген.
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Баткен облусунун Сары-Талаа-Кызыл-Таш- Зардалы жолунун курулуш иштеринен кабар алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. Министр курулуш аймагында жумушчулардын коопсуздугу биринчи орунда болушу керектигин баса белгилеп, жаралган тоскоолдуктарды тез арада чечүүнү тапшырды. Аталган жолдун жалпы узундугу 17,5 чакырымды түзөт. Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 29-сентябрда Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.
Владимир Зеленский кандай болгон күндө да АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу сунушун кабыл алууга аргасыз болорун британиялык The Telegraph басылмасы жазды. "Трамптын тынчтык сунуштарынын негизинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн башка арга жоктой сезилет. Анда Украина эпке келиши керек болот. Россия бул жаңжалда туруктуулугун, чыдамкайлыгын көрсөтө алды", — деп жазган басылма. Ошол эле учурда макаланын автору НАТО ишин жөндөй албаганын көрсөтүп жатканын, андыктан уюмдун да келечеги бүдөмүк экенин белгилеген. Ал эми Киевдин европалык өнөктөштөрүнүн колдоо көрсөтүү боюнча тынымсыз билдирүүлөрү жөн гана сөз бойдон калып кетип жатканын айткан. Европа чатакты жөнгө салуу жаатында аскердик аракеттерди улантуудан башка жолдорду сунуштай албай жатканын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0