00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:07
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
2025-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда жашоо минимуму 8 253 сомду түзгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 290 сомго өскөн, ал эми 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2 пайызга көп. Жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында байкалган. Ал эми эң азы Ысык-Көл регионунда экени айтылат. Мындан тышкары, эмгекке жөндөмдүү курактагы жарандардын жашоо минимуму 9 217 сом, пенсионерлердики 7 282 сом, балдардыкы 7 042 сом деп белгиленген.
Ысык-Көлдүн жээктеринде объектилерди курууга уруксат берилет. Бул тууралуу буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документке ылайык, өзгөчө учурларда суу четинен 100 метрлик жерге объектилерди курууга болот. Бирок алар капиталдык курулуш болбошу керек. Эми Ысык-Көлдүн жээгине пирс, пирсте жуунуучу зонасы жок буу бөлмөлөрүн, бар текчелерин жана саркынды сууну тазалаган системасы менен коомдук ажатканаларды курса болот. Туристтик кызматты жакшыртып, келгендер үчүн ыңгайлуу эс алууну камсыз кылуу үчүн аталган сунушту буга чейин Мамкурулуш киргизген.
Куланак ГЭСи 2026-жылы ишке берилерин Энергетика министрлигинен билдиришип, кубаттуулугу 100 мегаватт экенин айтышты. "Нарын дарыясындагы станция жыл сайын 450 миллион киловатт-саатка чейин электр энергиясын иштеп чыкмакчы. Бул электр кубатына болгон ички керектөөнүн бир бөлүгүн канааттандырууга, CASA-1000 долбоорунун алкагында экспорттук милдеттенмелерди аткаруу үчүн кошумча кубаттуулук түзүүгө жардам берет", — деп жазылган маалыматта.Долбоор жалпысынан 124 миллион долларга бааланып, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду анын 44 миллион долларын каржылаган. ГЭС электр энергиясынын тартыштыгын 18 пайызга кыскартары айтылган.
Крымды жана башка аймактарды Украинага кайтаруу керек деген талаптар акылга сыйгыс. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп соцтармактагы баракчасына жазганын РИА Новости кабарлады. Буга чейин New York Times гезити, тагыраагы, анын башкы кабарчысы Трамптын аракети Россия үчүн пайдалуу экенин жазган. мындан улам АКШ президенти басылмага жооп кылган. "Мен Россия-Украина боюнча кандай келишим түзбөйүн, ал буга чейин түзүлгөндөрдөн канчалык жакшы, чоң келишим болсо да, оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан New York Times гезити бул тууралуу жамандап гана жазат. "Басылманын акылы жок автору Украина өзүнө аймактарын, анын ичинде, менин оюмча, Крымды да алышы керек деген сыяктуу болбогон талаптарды жазган", — деген Трамп. АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийдин Крым боюнча айтканын сынга алып, бул Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө зыянын тийгизерин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0