00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыймылсыз мүлк боюнча келишимдерди “Түндүк” аркылуу каттоого болот. “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору Урматбек Камбаров жаңы кызмат ишке киргендигин билдирди. “Эми кыймылсыз мүлктү сатып алуу, сатуу келишимин толугу менен онлайн-форматта, жаңыртылган “Түндүк” тиркемеси аркылуу каттоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эч кандай кезек күтүүсүз, кагаз иштерисиз, тез, ыңгайлуу, коопсуз алууга болот”, — деген Камбаров. Келишимди каттоо үчүн “Түндүк” тиркемесине кирүү; электрондук кол тамга; кыймылсыз мүлк боюнча төлөнгөн салыктар; эгер жубайы же күйөөсү болсо, анын макулдугу талап кылынат. “Кыймылсыз мүлктү кайра каттоо” кызматындагы келишим 5 сааттан 3 иш күнүнө чейинки мөөнөттө катталат.
"Тазалык" ишканасына 32 заманбап атайын техника берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиев "Бишкекжашылчарба" жана "Тазалык" муниципалдык ишканаларынын иши менен таанышып, шаарды тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн атайын техниканын жана өздүк курамдын даярдыгын текшерди. Анын алкагында "Тазалыкка" 32 заманбап атайын техника берилди. Муну менен катар Айбек Жунушалиев "Бишкекжашылчарба", "Тазалык", "Бишкекжарык" муниципалдык ишканаларынын жана "Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү" агенттигинин кызматкерлеринин эмгек акысын аткарылган иштердин көлөмүн жана алардын жоопкерчилик деңгээлин эске алуу менен 20% көтөрүүнү тапшырды.
Баткен облусунун аймагында өскөн кулпунай ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоло баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бул ишти Кадамжайдын Ак-Турпак айылындагы "Кызыл Алтын" айыл чарба кооперативи жасап жатканы айтылды."Кооперативдин мүчөлөрү "клери" сортундагы кулпунайдан 1 гектарына 30 тоннага чейин түшүм жыйнап, килограммын 420-430 сомдон Россия, Казакстанга экспорттоп жатышат", — деп кабарлашты. Эске салсак, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө жылына 4,6 миң тоннанын тегерегинде кулпунай сатып келет.
Владимир Зеленский кандай болгон күндө да АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу сунушун кабыл алууга аргасыз болорун британиялык The Telegraph басылмасы жазды. "Трамптын тынчтык сунуштарынын негизинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн башка арга жоктой сезилет. Анда Украина эпке келиши керек болот. Россия бул жаңжалда туруктуулугун, чыдамкайлыгын көрсөтө алды", — деп жазган басылма. Ошол эле учурда макаланын автору НАТО ишин жөндөй албаганын көрсөтүп жатканын, андыктан уюмдун да келечеги бүдөмүк экенин белгилеген. Ал эми Киевдин европалык өнөктөштөрүнүн колдоо көрсөтүү боюнча тынымсыз билдирүүлөрү жөн гана сөз бойдон калып кетип жатканын айткан. Европа чатакты жөнгө салуу жаатында аскердик аракеттерди улантуудан башка жолдорду сунуштай албай жатканын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0