Баатырдын балалуу болуп той бериши, тойдогу тополоң. "Манас" баянынан 6 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековМанастын эстелиги. Архивдик сүрөт
Манастын эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
Жазылуу
Баян Семетейдин тою, балага ат коюу расмиси, андагы чыккан жаңжал менен уланмакчы.
Күрөш жана эр сайыш. Кыйшыңгүү кетти, кеч болду. Эртеси тогуз жүз бээ, тогуз нар байгеси бар эмес беле, дагы балбандар ортого чакырылды. Кышталактын элинен Санибил деген балбаны майданга келди теңселе. Ага Кышты-Коңкош журтунан Каталык деген балбаны каршы турду жөөлөп. Каталыктын балтыры өгүз белиндей, оозунан чыккан илеби көйкаптын сары желиндей. Кол салышты. Кышты-Конкош балбаны кыйынсынып кол берди эле Санибил колун жулуп алды, жердин баары кан болуп, колуна далысы кошо кетиптир, Каталык качып кутулду, кара бою бузулду, текебер болсо ушул деп, тегеректеп турушту. Кышталак журту кыйкырып, мөрөйүн бөлүп алышты, кыйынсынып калышты. Күрөшкө күрөш уланды, эчен балбан сулатты, эчен балбан сулашты. Олжолор кетти туш-тушка. Бел күрөш тамам болду да, эр сайышка чакырылды. Байгеси токсондон жамбы, тогуз төө деп айтылды. Алдын эле Ангилия журтунан Керебил аттуу балбаны кесенип чыгып келди. Артынан Жаяндыктын элинен, Таңшаңдыктын жеринен Сообол аттуу баатыры, согушка чыгып акыры, чарайна, соот, кыягы, Дажалдайын сыягы, көкүлүн көккө түйдүргөн, көзүн оттой күйдүргөн, куйругун жерге шүйдүргөн, ат сонунун минишип, найзаны колго илишип, шашкеде чыгып калышып, күн батканча салышып, бирин бири жеңбеди. Эртеси Манастын алдына Эр Кошой келди. Сайышкан балбандар жыга албаганын айтты, Көкөтөйдүн ашында өзүнүн Жолой менен жоолашканын, эр сайышта чырлашканын акырын кыйытып келип, мындай деди: "Тойлордо, аштарда коогасыз качан жүрүштүк, тойго тозок салбасын, кезенишкен шектүү көп, кекенишкен кектүү көп, айтышарга кептүү көп, алеңгир бузук болбосун, акыр заман журтуна айтууга жаман болбосун, акылды баатыр ойлонсоң ат чаап эле, тоюңду таратып жибер".
Ат чабыш. Кан Кошойдун акылын угуп Эр Манас башкаларды чакырды. Төрө Төштүк келди, Жамгырчы келди, Айдаркан уулу Көкчө менен акылга дыйкан, ак ала сакал Музбурчак келди. Акылдарын жыйды. Ат чабыш гана кылмакка токтолду. Баш байге беш жүз кой, жүз жылкы, сегиз төө, сегиз нар. Экинчи байге – шунун теңи. Ошентип тогуз атка байге дешти. Күлүгү барлар – чапсын, күлүгү жоктор – күлүп ойноп жатсын дешти. Доолду катуу кактырып, дооштоп баарын айттырып, Ысардын берки белине – ат чубатар жерине жетип калды көпчүлүк. Күчтүүлөр жаа тартышып, күлкү менен жатышып, байлаган шаншуур жамбыны кезек менен атышат. Баланын тоюна келгендерге сан жетпейт: жарактуу тонун кийишип, тамашага киришип, көкүрөгү кирилдеп, көзү-башы ириңдеп, өлчөлүү тонун кийишип, тизеге ээги тийишип, колунда кылар иш калбай, оозунда жалгыз тиш калбай кемпир келген бу тойго, кырк-отуз жашка баргандар, кылып жүргөн күнөөдөн кыябы өтүп калгандар, буулум, бута, баашайы баса кийип алышып, башына дастар чалышып, катын келген бу тойго, акак тиштүү, кыйгач каш, алма моюн, түймө баш, он бештен өткөн жыйырма жаш, келин келген бу тойго, сурайылдай суналган, суу чыбыктай буралган, жылдызы ысык, жылуу сөз, чырагы жарык, жоодур көз кыздар келген бу тойго. Алай жери кең экен, баш-аягы тең экен, келгендерге олтурарга жай даяр, чайнаарына май даяр, май басууга чай даяр, ачыган кымыз сабаада даяр. Ат чабар жайга барышты. Карысы Кан Кошой бар. Жылкыларды санашты. Төрт туягы чарадайы бар, башындагы кулагы Мазар Ойсул атанын шамы күйүп тургандайы бар. Жаамы жети жүз экен, тандалып отуруп жарышка жараар токсон эки ат болду. Аттардын көкүлдөрүн түйдүрдү, куйруктарын шүйдүрдү, ат чабар балдарга күрмөлтүп күрмө кийдирди, жети-сегиз чубатты. Эми баары ызылдап Кан Кошойдон аттардын кайтар жерин сурашты. Оогандан кары Акун кан, ойроттон чыккан канча жан сурап ийди чыдабай аттар кайтар жерлерди. Манастын нөкөрлөрү: акылманы Бакайы, Кыргыл карысы, Алмамбет, Сыргак баарысы, кутмандуусу Кутунай, акылга дыйкан Ажыбай, чакчарылган Чалыбай – баарысы кай жерден аттар кайтарын билбей башы маң. Анан сол жагында Көлөп бар, оң жагы Букар, Самаркан, Сырдын боюн сыдыртып, Келептин түзүн кыдыртып, Маймылдуу тоонун учунан аттар кайтсын ушундан дешти. Аттар кетти айдоого...
Манас эпосунан Теодор Герцендин иллюстрациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2023
Манастын ажыга бармак болгону. Улуу баяндан 7 факт
Кыйшыңгүүнүн кеги. Алай тоодо Кыйшыңгүү менен келген он үч неме урушун токтотпой туруп алды. Кыйышыңгүүбүз өлдү деп көпчүлүктөн кек алды, жетимишин жеп алды. Кетебиз деп таарынып, ат чабар жерге жыйылган адамдарга кол салды. Он үчүн ортого алып, жазайыл менен топ атып, замбирек менен ок атып, кууп сүрүп Наамутту суунун боюна, Алаңгир тоонун оюна алып барышты. Алар аралдагы камышты аралашты эле, камышты өрттөп ийишти. От көрбөгөн журт экен, тоодой жалын отторго токтолбой качып киришип, отко күйүп жүндөрү, обону жарып үндөрү, көл дайрага бой уруп, баары да өлүп калышты. Ушуларды чакырган уруп кеткир Манасты деп аткандар дагы көп. Булар менен согушуп бир жарым күн өтүптүр, аттардын келер маалы да жетиптир. Аягынан Алайдын ат айдаган кең жайдын, тоо түгөнгөн учунан, Сардын талаа тушунан карап турса канча жан, аркардай шаңы көрүнгөн, артынан чаңы бөлүнгөн, кулагын басып жапырып, куюндай чаңын сапырып, Багыштын аты Суркийик адырмактуу талаадан анда-санда бир тийип, астына чыгып алыптыр. Аркасынан караса Алкара менен Чалкуйрук, бирде бири озуптур, туягы тийген таштары талкаланып тозуптур, эликтей мойнун созуптур, чаң илешпей Чалкуйрук Алкарадан озуптур. Коңурбайдын Алкара аркардай мойнун созуптур, өөдө жерге келгенде арышын керип Алкара Чалкуйруктан озуптур. Арышын керип Чалкуйрук Арабанты түзүндө, дагы чыкты алдыга. Алдыда Суркийик, аркардай шаңы көрүнөт, аягы анда-санда бир тийип, экинчиси Чалкуйрук. Кыргыз-кыпчак кыйкырат, Суркийик, Чалкуйрук деп чакырат. Ушул кезде Коңурбай атамдын жолун буушту деп өжөрлөнүп таарынды. Анын Алкарасы үчүнчү келди. Төртүнчүсү – Ачбуудан, бешинчиси – Кошойдун аты Тоокара. Алтынчысы – Эр Көкчөнүн Көкала, чукул жерге чуркабайт, жетинчиси – Музбурчактын Желкызыл, сегизинчи – Алоокенин Тоотору, тогузунчу – Жамгырчынын Жабуукер. Ат байгеси берилди, алтындуу доол кагылды, той тарады кылынды.
Ошол кезде тополоңду Коңурбай баштады. Эрегишип, күүлөнүп сүйлөндү: "Алтайдан көчүп томаяк, кытайдан качып жан аяп, жер түбүнө келгени, жетим уул, тул катын, артык эмес андан да, азоолок бир той бергени, той берет экен Манас деп, ааламдын баары келгени, берген тою ушубу, Манас деген эмеңер баштатан кылар ишиби, бейлин көрсөм ар качан берекесиз кишиби, дүнүйө жүзүн чакырып, бенденин кылар ишиби, Алкара ат чыгып алды деп, алдын тосуп кыргыздар кийиндетип салды" деп келип, "Тоюна тозок кылбасам, тоодон-ойдон кырбасам, кордук көрдүм мунусун, Коңурбай атым курусун" деп чамгарактап турду. Кырмуз уулу Мурадил, кызыл чоктуу Нескара, кара жалдуу Бороончу, каңгайлардан Ороңгу, каткалаңдын Сайкалы, солоондордун Алооке, доңуз мүнөз эр Жолой, токшукердин Бозкертик, солоон башы Соорондук – бүт баарысы жүз он беш миң адамын жүргүн деп жыйып алды. Кыргыздар андан бейкапар, малчылары мал багып, тойдун баарын таратты. Бир гана Алмамбет бир нерседен шек алгандай кытай журтун бакалап, жакын барды шыкаалап. Алары Эр Алмаңды тааныбайт да какайдын этин жебедик, торопой гөшүн бербеди, суур менен кашкулак, таттыдан даам таттырбай, сарайлап үйгө жаткырбай, чантуунун көрдүк кордугун, кылымдан бенде көрөрбү кыргыздын кылган зордугун, чыгар атты тосушуп, өмөлүшүп өздөрү биринен бири озушуп, кызыл чок ойрот кытайга орустан балбан салганы, Кыйшыңгүү деген немеден балбаны өлүп калганы, кубанабыз деп келип, куурап кантип кетели, эч болбосо элин чаап, кунубузга жетели дешип туш-туштан сүйлөп кыжылдайт, ар сөздү айтып быжылдайт. Бул сөздү угуп Алмамбет түз эле Бакай абасына айтып барат. Эр Бакай карс-карс күлдү, "какай менен доңузун, кашкулак менен бөрүсүн адырдан алып келип бере бербей" деп, "кыйынсып айткан сөздөрү, кыргын болор өздөрү" деп сырдуу жылмайып койду Алмакеге, анан да муну Манас укпасын дейт. Бакайдын сөзүн акыл көрүп Алмамбет кошуунга барып кошулду.
Баатырдын баласына Абунасирдин ат коюшу. Балага ысым коюш убагы келди. Арстан Манас баатыры ат койсун деп акыры, ата уулудан түк койбой ак сакалдарды түгөл чакырды. Акун кан, Кошой карылар, атактуунун баары бар, динге бекем эшен бар, тилге жүйрүк чечен бар, даабат айткан молдо бар, кыраат кылган каары бар. Бул жердин илимдүүсү Абунасир улуктур, ага салам берип зардалдын баары барышты. Абунасир азиз беш жүз сексен жашаптыр, ал урмат көргөн ар жайда, улук болгон баашадан, баани дүйнө жалган деп, баары журт изат кылуучу байгамбардан калган деп. Ошол кишиге таклиб болду, балага ат коюп берүү милдети. Ал кызматы үчүн алтындан жамбы бир тогуз, аруудан токсон тон менен ар асылдан бир тогуз алдына тартылды. Баланын ысымына садага деп алтымыш бээ союлганы байланып турду. Кедик койдун тармал жүнүнөн кесе басып кылдырган ак кийизге оротуп, ак чүчтөгө бөлөтүп, чоң энеси Чыйырды алты кемпирге жөлөшүп баланы алып кирди. Абунасир замани астына алып баланы, аста-аста карады. "Сээ" дегени – "үч", "мээ" дегени – "күч", "тай" дегени – "өкүмөт", баланын аты – Семетей деди жай гана. "Кырк жылга жашы жетер, отуз жыл өкүмөт болор, кыркында кыяматка кетер" деди. Семетей аты коюлуп, Көк жал Манас баатырдын көңүлү тынып тоюнуп, казынаны карк кылып, карк алтын канча дүйнөсүн баласы үчүн зарп кылып, колунда барын аябай Кокон, Ташкен калаасы, Анжиян журту алынып, тойго тойлор уланды.
Манас эпосунан Герцондун иллюстрациясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2023
Кыргыз колунун Бээжинден тартуу алып, жерине кайтышы. Улуу баяндан 6 факт
Коңурбайды аксакалдарынын тыйышы. Коңурбай атынын шылтоосу менен эски кегин эстеп, дагы эле чантууларды чабам деп чамынат, кой десе болбой алынат. Алооке менен Соорондук сындуу ак сакалдары ачууланат, "Коңурбай деп койгонго жерге батпай домпоңдоп, күүлөнөсүң каласың, күмүрөй болчу адамсың, Какан, Бээжин жериң бар, Кардут кытай элиң бар, Кара кыргыз журтунун как ортодо олтуруп, катылам деген демиң бар, Азиянын жерине, атпай чантуу элине келгенде көзүң ачасың, каар салып Канкор Манас сураксыз алса зарыңды, сулайтып салса баарыңды, анда кайрат сенде жок, алда кайда качасың, камап барса калааңды, кан ыйлатып барганда, катын менен балаңды, Арстан Манас канкорду азыр көрө койгондой аскериң араң бир жүз миң, алсырасаң чантуудан, саа болушар кишиң ким?" деп, Коң төрөнүн жинин кагып, кара кыргыздар тууралуу мындай айтат: "Билдин жүгүн кийишкен, бири миңге тийишкен, жарагын темир кийишкен, жангызы санга тийишкен, болотту жарак кылдырган, болжолсуз дөөнү сындырган, тутушканда бир катар душмандын көөнүн тындырган, карагай найза сундурган, калаба сүйгөн душманын кайсап жутуп тындырган, айтканы арам болбогон, аттанып чыкса жол болгон, атышкан жоосу оңбогон, алдасы азыр колдогон, кайрыдин деп биздерди, казаттын жолун издеди, Каканга чейин какшатып, Кумулду алып курутуп, Төрөңдү төөдөй тиздеди, Бээжин кайда, жер кайда, бекер сөздө не пайда, Кытай кайда, эл кайда, кырылууда не пайда, упалуу беттен кан акса, убалы калар мойнуңа, сурмалуу көздөн суу акса, жашы кирер койнуңа, жандан тойгон адамдай, койбоймун сенин оюңа, курт кайнаган мусулман, катылып коюп канкорго, кутулуп көрчү ушундан, кайнап жаткан мусулман, катылып коюп канкорго, калып көр аман ушундан". Муну угуп алынып аткан, кеги ичинде кайнап аткан Коңурбай жоошуй түшөт. Ошондо көрбөгөндү бүт көргөн кандардын каны Алооке айтат акыл токтотуп: "Чантуунун келип чаркына, Кара кыргыз калкына катылууну ойлойсуң, катылмак түгүл Манаска катыгыраак сүйлөсөң капилет өлүп сойлойсуң, жүз он беш миң кишиңди көпсүнөсүң каласың, көңүлүң көөдөн карасың, көңкү журтуң алдырган көрүп жүргөн Манасың, көп чогулган кашында – Көкөтөйдүн ашында көрбөдүм беле сени мен, мындан дагы мыктыраак көтөрүңкү жашыңда, камыштан найза кармадың, Канкор Манас баатырга кайраттанып барганың, калган араң тири жаның, калды беле арманың, жекеме-жеке сайышып, Кабылан Манас канкорго качан келди дарманың, торкодой сууң сыгылдың тоодой болгон кара аттан тоңкоюп барып жыгылдың, ак бөздөй сууң сыгылдың, аңгекке башың тыгылдың, нардай болгон кара аттан арбайып барып жыгылдың, жети урук кытай баласын жердей кылып салгансың, ошол ушу Манасың". Алооке Коңурбайдын эски жарасын козгоду, Көкөтөйдүн ашында жалпы кытайды уят кылганын кыстара кетти. Өз журтунун тынччылыгын көздөдү. Кыргызды жеңе албастыгына көздөрү жетти. Чантуу-кыргыздар оозуңдагы тишиңди күбүйт, алардын он төрт-он беш атасы оболтодон кан болуп келген, сен булар менен кармашсаң Алтайдан өтүп Бээжинге жетпей калышын эскертет. Соорондук туруп сөз улайт: "Той деп келсек кытайды союуга келген экен го Коңурбайың" деп айтат. Кытайдан баары калабалуу бурутка, кайнаган түрк журтка Манас өлбөсө тийишпей турган кепке келди. Той тарап, баары туш-тушка кете баштады. Кырк жигит оюн салып, шаң менен отурганда кытайлар да жөнөдү. Алардын жөнөп атканы таарынгандай болду. Кимден кимден сөз кетти, баягы Алмамбеттин Бакай абасына айтып келген кытайлардын ушагы Манаска жетти. Күн шашке ооду. Кытайлар эбак жолго түшкөн. Манастын ак келтеси чаңырды, "кырк жигит жалпы аттангын" деген үнү жаңырды. Айгайын уккан адамдар дагы эмне болду деп ат-атына камынды...
Манас эпосуна картылган иллюстрация. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2023
Чубактын Алмамбеттен жол талашканы. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0