Коңурбайдын тойдогу таарынычы, кытайлардын кыргызга тартуу бериши. Эпостон 6 факт

© Фото / Теодор ГерценКоңурбай. Герцендин сүрөтү. Архив
Коңурбай. Герцендин сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Жазылуу
Мындан мурдагы баяныбызда Айкөлдүн тукуму Семетейдин тою, наристеге ат коюу, андагы чыккан жаңжалдын тегерегинде айтып бергенбиз.
Арстан Манас элине бүлүк түшүрдү. Не болду деп эч кимиси Эр Манастан сурай албайт, баары эле согушка даярданып атат. Алакен деген чоро абакеси Кошойго Манас тууралуу минтип айтат: "Тиктешкенин көргөндө, тирешкенин көмгөндө, айтканы кабыл келгенде, алдам тилек бергенде Алтайдан көчтүк той үчүн, Арстан Манас канкордун азыр көрдүк чоң күчүн, астыңкы эрди албайып, үстүңкү эрди далбайып, кандалчынын кабындай, муруту Букар шабындай, көз айбаты жалындай, кан жутуучу кайраты кармап калды, аба, карыябыз сен элең, табарсызбы даба". Муну угуп баатыр Кошой карыя, акылы терең дарыя, Бозжорго атын моюндап, ак сакалды коюндап, Эр Манастын алдына барды. Анын неге келгенин Айкөл Манас дароо эле билди, "акыл айтчу немедей, ашыгып келдиң мага, бирок сизден сураарым, ажалга барбы даба, даба болсо ажалга, талкалашып көрөйүн Коңурбай деген дажаалга, жазуудан артык жан өлбөс, тактада жатып кан өлбөс, аттанса куру түшпөгөн, ак жолтой эрдин жолунан, ажалым менин экен го Коңурбайдын колунан" деп келип, андан ар качандан бир качан качып жүрө бербестигин, кытайдын карды тоюп алган соң жакшылыгын көзгө илбей, тамак берген кишини билбегенин айтат. Булардын түбү душман экенин безеленип келип, "кыруудан кыргыз тозулбас, кызыл кан акпай жошулбас, кызмат күнү болсо да, кырк жылы бирге кайнатса, кызыталак кытайга кыргыздын каны кошулбас, көөдөндөн чыкса жаныбыз, көмүлсө жерге денибиз, көөкөргө куйса каныбыз аралашып жүрүү жок, аманат жанга бир өлүм, акыр заман болгончо өлбөй жүргөн тирүү жок, ажал деген аткан ок, балан күнү тием деп, адамдарга айткан жок, атылса тийди бир өлүм, арадан ажал кайткан жок, атпай угуз уулуна, асылганын койбогон, Коңурбайдай шайтан жок, кокус келген колума Коңурбай сындуу душманым, иришип бир иш кылбасам, ичимде кетер бушманым" деп бүтүрөт сөзүн ачуу менен. Бул сөздөрдү шашпай угуп, абасы Кошой Манас баатырды аксымдык кылбашка, ачууну басууга, азат боюн чыңдоого чакырды, айылына келген конокко калба салбоого чакырды. "Азыр кой, баатыр, домогуң, коногун койдой кырган деп, акыр заман журтуна айтууга жаман койбогун, аркаңды артык ойлогун, жайкап туруп кырган деп, жаман атка калбагын" дейт. "Жалпы кытай келиши жакшылык сенин тоюңуз, жакшылыкка жакшылык, жайылдыкты коюңуз, жалпы келген кытайдын жанын кыйып ийүүгө турган экен оюңуз, тушуңда тойго келген соң, душмандыкты коюңуз" дейт. Муну муюп угуп отуруп Манас баатыр көзүн жаштап, көөдөнүн ачып, дүйнөдөн өтүп кетсе кырк баатыр да душман чыгар, аялдар каалаган эрге тиер, кайрылбай кетер кырк чоро, "көбөйгөн бойдон көп өтпөс, көтөрүп жүгүн лөк өтпөс, аз жүргөн бойдон аз өтпөс, мас жүргөн бойдон мас өтпөс, кас жүргөн бойдон кас өтпөс, эпкини тийбей жел өтпөс, эл жүргөн бойдон эл өтпөс, элдин түбү жоо болор, не кылса бенде соо болор, жоонун түбү эл болор, тоонун түбү бел болор, жолборсуң Манас өткөн соң жолдоштун баары не болор, билерсизби, аба" деп ачуу сөзүн дагы айтат. Өзү өтсө, көзү өтсө, Кыргыл баштап кырк чоро кылычын кынга байлап терс карап кетерин, алганы арманда каларын, Абыке баарын армандуу кыларын, ошондо арбак урган кытайлар кайра басып келерин айтып, “ошондо көзүңөр ачылар, абаке” дейт.
Манас эпосуна картылган иллюстрация. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2023
Чубактын Алмамбеттен жол талашканы. Улуу баяндан 6 факт
Кытайлардын кыргындан коркушу. Ошол кезде урушууга камдуу турган аскерлерине кытай каны Алооке буулумун кийип күбүнүп, буудандын бели бүгүлүп, кыргыздар менен алтымыш жыл алышканын, кырк жылдан бери кыйрашканын, бул жолу тойго келип, кырк күн сыйын көргөнүн айтып келип, оосарлыктан Коң төрө кокусунан кеп айтып, оёндун ачуусуна тийип алганын айтып, кайратынан кайтышып суранып аткан эле. Ошол кезде аларга Кошой карыя барат. Ага кытайлар не болгонун билбегенин, эриш менен аркактай бир эл экенин, дини башка болгону менен дили бир экенин айтып, Манастын чакырып алып тоюна, жамандык алып оюна турганын түшүнө албаганын каңкуулайт. Уруксат болсо кайталык, "тойго келип томаяк, Кыйшыңгүү кылды тентекти, тентек кылган бадырек, аябай жеди келтекти, ушу дүйнө нааданы, он төрт экен адамы, алардан бири калбады" деп, аны жок кылууда кыргыз менен бирге ойрот, кытай, тарса, жөөт, сакалат чогуу кармашканын айтышып, тоюңарга немис, бараң, арман, орус, ооганы, дагы-дагы атын уккан, өзүн көрбөгөн элдер келиптир, эми атына жан тартып Калдайдын уулу Коң төрө бир сөз айтып коюптур, бир сөзү миң сөз болуп тараптыр, анын баарын кечиришип, кырылышпай кетели дешет. Коң төрөнүн сөзү үчүн кыздан тартуу тарта турушканын, адамдан тартуу беришерин айтышат, жок, ага болбосо, атышам десе көрөлү, ажалдуубуз өлөлү, ак сакал Кошой сен келдиң, акылдашып көрөлү деп Кырмуз уулу Мурадил Кошойго кыйла акылдашат. Анын кебин улай ак сакалы Алооке "айтпай турган кеппи деп, аты көттө калганга, козгоп жаман кеп айткан, Коңурбай иши эппи" деп, бир жагынан өз канын айыптап чыгат. Кытайлардын корккон сөзүн угуп, кыргызга ат коюуга батынбай турган кебетелерин көрүп Кошой кайтайын деп атына минди.
Карыя Кошой кыргыз тарапка барды түз эле. Анын алдына казактан Эр Көкчө, Элемандын Төштүгү, Эштектерден Жамгырчы, Анжиянда Санжыбек, ак ала сакал Музбурчак, Көкмөктүн уулу Керкөкүл, Көчпөсбайдын Жанайы, көңкү калган жыйылып, көсөмдөрдүн далайы келди, кырк баатырдын баары, Кыргыл, Бакай кары келди. Кыргыздын колу кылкылдап, кытайга уруш салууга даярданып лыкылдап, азырданып алыптыр. Кошой ачуу менен үн катты: "Сая болор ысыкта түркүгү күмүш көк чатыр, салкыны тиер кыргызга сандыргалуу көй баатыр, чакырып алып тоюна, чыр сүйдүңбү, көй баатыр, жамандык алып оюңа, Орто Азия, Түркстан, Ойротко маалим элдирсиң, ойлонбостон иш кылган ойрон кыргыз сендирсиң, мурункулар кеп айткан, кеп айтканда нени айткан, үйдө баатыр, жоодо жок, үлгүсү ушу деп айткан, камданып баарың калыпсың, Канкор Манас баш болуп, кайраттанып алыпсың, алакандай кытайга ат койгону калыпсың, жолоочу тосуп алуучу, кай түрдүү баатыр болсо да, кармашканы жолоочу, каракчы атка калуучу, изди тосуп алуучу, издегени жолоочу, урушуп жүрүп алса да, ууру атка калуучу". Кошойдун өз элин намыстантар бул сөзү кыйланы ойго салды. Ырас эле, короого келген конокко компоңдоп кол салганыбыз ылайыкпы дешти. Кытай да Ак Тааланын кулудур, ал дагы адам уулудур деген Кошой андан ары Коңурбайдын сөзү үчүн алардын кыздар менен кулдарды тартуу кылабыз деген таклибин айтты эле, эң алдын Алмамбет көзүн жаштады, дароо эле туулган жеринде калган туңгуч сүйүүсү багышталган Эсенкан кызы Мыскалдын элесин көз алдына келтирди. Абакеси Кошойдун айтканына баш ийкеп, куп болорун билдирди. Капталдан Төштүк сөз баштады, кажылдаган кытайдын камалганы чын болсо, не кылалык миң кызын, Эр Алмамбет төрөмө берип койсо болбойбу, Эсенкандын бир кызын, ошондо топураган кытайлар тойдон аман кайтар дейт. Эр Төштүк айткан бул сөзгө элдин баары макул болду. Анан кырк миң жамбы берсин, кара аттан бир миң берсин дешти тартууга. Бул сөздү айтып барууга Кан Кошой баш болгон элчилер камданды. Алар барганда Алооке менен Соорондүк баш болуп кандарынын баарысы каршы келди жүгүнүп, кабыргасы бүгүлүп, лайламалуу деп, өз дининче окунуп, Өкүмөт Кошой абаңа ызат кылып чокунуп. Кыргыздын айтканына Нескара мындай деди: "Кызыл чок ойрот журтуна кызматты кылып салдыңар, кылымга толук кытайдан кыз алмак болуп калдыңар, эми ага-тууган бололук, аралаш айыл конолук, куугун менен сүргүндү, куру жыйып дүрбөөндү, кутурбайлык, коёлук, курчалып куда бололук, кыз беришип, кыз алып, кызматына батышсын, кытай, кыргыз кыңк этпей кыйыры бирге жатышсын, кадырлашып калышсын, какандын калың журтунан каалаган кызын алышсын, камдандан даам татышсын, катарлашып жатышсын". Нескара өзүнчө эле коркуп жүргөн экен, ушул жерден кетпей кала тургандай, өз жерине жетпей кала тургандай кооптонуп. Кытайдын улуктары булар канча кыз сурайт экен, жүз миң десе да берели деп кеңешет. Бороончусу калтылдап "аларыңар канча кыз, болжолун билсек болобу" деп сурап иет. Ошондо кыргыздан барган Агыш дөө сөзүн баптап айтат: "Каалабайбыз миң кызды, кадыр салып айтабыз канга ылайык бир кызды, ылгабайбыз миң кызды, ырастап туруп айтабыз, ыгы келсе бир кызды, кашыңа келген канча жан, баашалыкка көтөргөн башчыңар экен Эсенкан, калкына кара жар экен, каныңардын колунда, кастарлуу кызы бар экен, как ошону алсам деп, каалайт экен Алмакем!"
Этнофестиваль. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Төрт баатырдын Кытай калааларын дүрбүдөн көрүшү. Улуу баяндан 7 факт
Бир гана кыз сураганга кытайлар намыстанды. Жок дегенде элүүнү айтпайбы, жүздү айтпайбы, миңди айтпайбы дешти. Бу кыргыздар кытайларды кете тон кийсе кең көрбөйт, теги өзүнө тең көрбөйт, буулум тон кийсе кең көрбөйт, мурунтан эле тең көрбөйт деп намыстанды. Кытайдын Күн чыгышта акыры Бээжин, Бакбурчун айланасы алты айлык, ага кытай толгонун, эчен чалкар көлү барын, ай жарымына жол жүрсө, эч бир тамар суу таппас, не биябан чөлү барын, жайнап жаткан кара курт эли барын, чылк өлчөөсүз Чынмачын, Күдүң калаа, кең Кентун, Саңылоо, Байман журтуна сан жетпешин, Ашыккыч эли четинде, Кубайыс, Кумул бетинде эчен эли барын айтат. Анан ошончо элден болгону бир кыз сурайбы? Эсенкан кызын сураган күйөө ким болду экен деп чыгат Жолой балбан бир убак кыргыз тарапка карап. Акбай жөн турабы, ал кызды Алмамбет баатырдын алышын айта салат токтолбой.
Тойдун бүтүп, элдин кайтышы. Кытай-кыргыз биригип анык орду болду дешет, жер дүңгүрөйт. Кыргыз, кытай жарашып, токтолбоду бир адам, тойдон кайтты тарашып. Семетей деп ат койгон Абунасир заманы да элине кетти. Кырк чоро Алтайдын жери алыс деп жайында Алайда калып, кышында Анжиян жердемек болду. Самаркан менен Букарга, самаган барсын буларга, Арабанты, Ак-Дөбө, Анжиян менен Маргалаң, абыдан жыргайт барган жан деген сөз айтылды. Душманы менен жарашып, буудандын баарын байлашып, кайсы бирөөн караса, Букардын тоосун жайлашып, аземдүү күлүк байлашып, арбыны Алай жайлашып, журт бөлүнбөй токтошуп, чубуртуп жылкы жоктошуп, азыраагы элинин ашып Ала-Белинен, Суусамыр келип оттошуп, Ала-Тоонун жеринен, асты бири соо калбай акең кыргыз элинен, Терс-Маёо менен Ак-Сайды, тебелеп оттоп көп жайды, ара жери Ысык-Көл, тоосу салкын, ою чөл Сары-Өзөн менен Илени, самаган жердеп бу жерди, арадан эки жыл өтүп, аргамжыдан кыл өтүп, кулуну өсүп тай болуп, курамасы бай болуп, кунан болуп тайлары, кутуруп кутман байлары, кубат толуп алачка, куралган дүкөн Таласта.
Манастын Алтайга көчүшү. Эки жай, үч кыш өтүп Манаска дагы бир ой келди. Атадан калган Алтайды эстеп, Ботболоктун бою бар, Бордуу тоонун ою бар, куушунда жаткан кыргыздын биринде миңден кою бар, Амур дайра, Жанасай, абыдан жери малга жай, Эртиш, Уркун эки суу, эне-атам өскөн жери бу, эми кайра барайын дейт. Эндекей элине, карасы жок калкына барып, айтпай алач журтунун аяк-башын жыймак, азаптуулар болсо көзүнүн жашын тыймак болот. Анан ат чаптырат, чабармандар жетимиш болуп Асы менен Жөлөккө, Азиреттин Кара-Тоосуна, Ысар менен Көлөпкө, Керме-Тоо кыргыз элине, Кенептин чөптүү жеринде жаткан Айдаркан уулу Көкчөгө, Куландыда Төштүккө, Кенжуттагы Кошойго кабар кылды Манастын аманатын айтып. Баатыр баштап эл көчтү. Эки ай жүрүп Алтайга жетти. Коңурбай менен элдешкенин белгилеп Коңурбайын баш кылып Бээжин жакшыларын чакырып, он жети күнү той берди, орчун кытай журтун ыраазы кылып, аттап-тондоп коё берди. Кытайды кетирип, үч жашар Семетейге сүннөт той бермекке ислам диндин баарысын баланы отургузуу зыяпатына чакырды. Ары жактан Орчун Кумул калаасынан келди. Кадырлуулар калбай келди, бийликтүүлөр баары келди. Кошой баатыр баш болуп балага бата берди. Эр Манас дагы бир айкөлдүгүн көрсөтүп баланын тоюна деп токсон бээ сойдурду, томаягын, карыбын тобу менен жыйнап, этке, чыкка тойдурду. Семетейдин багы деп, анын ээлей турганы Эр Манастын тагы деп түмөн журт алакан жайып жүзүнө бата тартты. Семетей жатат эч нерсе менен иши жок, сала турган кушу жок, бир гана билгени – атасын тарткан уйкусу.
Манас эпосунан Герцондун иллюстрациясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2023
Кыргыз колунун Бээжинден тартуу алып, жерине кайтышы. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0