https://sputnik.kg/20230814/asanbek-stamov-omur-bayany-1077814559.html
Асанбек Стамов — өмүр баяны
Асанбек Стамов — өмүр баяны
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Асанбек Стамов Москва районундагы Мураке айылында 1938-жылы 28-августта туулган. 14.08.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-08-14T12:40+0600
2023-08-14T12:40+0600
2023-08-14T13:04+0600
кыргызстан
асанбек стамов
биография
өмүр баяны
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/10/1069032595_0:40:2048:1192_1920x0_80_0_0_e36d036d267c4b13c31ab75592cfcf0c.jpg
1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1962-жылы Токмок шаарындагы Токтогул атындагы мектеп-интернатта мугалим болуп иштөөдөн баштаган.1987-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун көркөм адабиятты пропагандалоо бюросунун директору, 1989-жылы "Чалкан" журналынын редактору, 1992-жылы пенсияга чыкканга чейин "Учкун" мамлекеттик концернинин төрагасы болуп иштеген.Алгачкы кадамЧыгармачылык жолун 1959-жылы "Ала-Тоо" журналына "Ата" деген чакан повестин басуудан баштайт. Биринчи китеби 1966-жылы "Таанышуу" деген ат менен "Кыргызстан" басмасынан жарык көргөн. 1975-жылы "Жаңы тууган" повести үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон."Таанышуу", "Кеч күздө", "Жаңы тууган", "Нөшөрдөн кийин", "Ак кар", "Жол боюнда жалгыз там", "Эгиз тал", "Чүй дастандары" аңгеме-повесттерден турган китептери Москвада басылып, "Кыргыз жазуучуларынын антологиясына" киргизилген. Ошондой эле Азис Несиндин, Муса Жалилдин чыгармалары боюнча котормолору жарыкка чыккан. Жазуучунун чыгармалары башка чет тилдерге да которулган.Асанбек Стамов эгемен жылдардан тарта 20 жылдай кыргыз элинин ХVI кылымдан берки тарыхын изилдеп "Хан Тейиш" романын жазган. Жазуучунун көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсү анын бардык чыгармалары камтылган 12 томдугун чыгарган.Сыйлыктары1967-жылы СССР Журналисттер союзунун, 1969-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, СССРдин Ардак белгиси ордени жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган.1993-жылы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу наамын алган, ошондой эле маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Манас орденинин кавалери болгон.Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Асанбек Стамов 2010-жылы 7-августта 72 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.
https://sputnik.kg/20230808/tattybubu-tursunbaeva-biografiya-1077669450.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/10/1069032595_0:12:2048:1548_1920x0_80_0_0_7a5cbb6b6f7b0abe60cd57d7e3350392.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, асанбек стамов, биография, өмүр баяны
кыргызстан, асанбек стамов, биография, өмүр баяны
Асанбек Стамов — өмүр баяны
12:40 14.08.2023 (Жаңыртылды: 13:04 14.08.2023) Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Асанбек Стамов Москва районундагы Мураке айылында 1938-жылы 28-августта туулган.
1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1962-жылы Токмок шаарындагы Токтогул атындагы мектеп-интернатта мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1964-1966 — радиокомитетте редактор, улук редактор;
1967-1969 — Кыргызстан мамлекеттик басмасынын улук редактору;
1969-1971 — Кыргызстан КП БКнын аппаратында инструктор;
1971-1973 — Кыргызстан мамлекеттик басмасынын директору болуп дайындалган;
1973 — Кыргыз ССРинин маданият министринин биринчи орун басары;
1985-1987 — Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадиокомитетинин төрагасы;
1985-1990 — Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.
1987-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун көркөм адабиятты пропагандалоо бюросунун директору, 1989-жылы "Чалкан" журналынын редактору, 1992-жылы пенсияга чыкканга чейин "Учкун" мамлекеттик концернинин төрагасы болуп иштеген.
Чыгармачылык жолун 1959-жылы "Ала-Тоо" журналына "Ата" деген чакан повестин басуудан баштайт. Биринчи китеби 1966-жылы "Таанышуу" деген ат менен "Кыргызстан" басмасынан жарык көргөн. 1975-жылы "Жаңы тууган" повести үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон.
"Таанышуу", "Кеч күздө", "Жаңы тууган", "Нөшөрдөн кийин", "Ак кар", "Жол боюнда жалгыз там", "Эгиз тал", "Чүй дастандары" аңгеме-повесттерден турган китептери Москвада басылып, "Кыргыз жазуучуларынын антологиясына" киргизилген. Ошондой эле Азис Несиндин, Муса Жалилдин чыгармалары боюнча котормолору жарыкка чыккан. Жазуучунун чыгармалары башка чет тилдерге да которулган.
Асанбек Стамов эгемен жылдардан тарта 20 жылдай кыргыз элинин ХVI кылымдан берки тарыхын изилдеп "Хан Тейиш" романын жазган. Жазуучунун көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсү анын бардык чыгармалары камтылган 12 томдугун чыгарган.
1967-жылы СССР Журналисттер союзунун, 1969-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, СССРдин Ардак белгиси ордени жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган.
1993-жылы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу наамын алган, ошондой эле маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Манас орденинин кавалери болгон.
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Асанбек Стамов 2010-жылы 7-августта 72 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.