00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Таттыбүбү Турсунбаева — өмүр баяны

© Sputnik / Александр ФедоровТаттыбүбү Турсунбаева
Таттыбүбү Турсунбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Жазылуу
Легендарлуу актриса Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июлда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында туулган.

Өмүрү жана чыгармачылыгы

Таттыбүбү төрт эркек бир туугандын арасында жалгыз кыз болгондуктан эрке, шайыр, тентек болуп өсөт. Агасы Нуркан менен өзгөчө ынак эле. Экөө мектептеги, райондук маданият үйүндөгү өздүк көркөм чыгармачылык ийримине жазылган. Экөө тең спортко кызыгып, баскетбол, волейбол боюнча мелдештерге катышат. Таттыбүбү 9-классында бийиктикке секирүү боюнча облустук жарышта 1-орунду алган. Республикалык кароо-сынакка да чогуу келип, агасы аккордеондо ойноп, Таттыбүбү "Гүлкайыр" деген ырды аткарып 1-орунду ээлешкен. 1960-жылы "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу фильмге да экөө чогуу тартылышат.
Жылдызы эрте жанган тубаса талант 17 жашында Ташкенттеги А.Н. Островский атындагы Театр жана көркөм өнөр институтунун драма жана кино актёру факультетине тапшырып, окуусун 1966-жылы аяктаган.
Ошол жылдан тартып көзү өткүчө Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеген.
1974-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамы берилген. СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү болгон.
© Sputnik / Александр ФедоровАктриса театра и кино, заслуженная артистка Киргизской ССР Таттыбубу Турсунбаева
Актриса театра и кино, заслуженная артистка Киргизской ССР Таттыбубу Турсунбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023

Үй-бүлөсү

Актриса курсташы Имаш Эшимбековго турмушка чыккан. Экөө театрда бирге иштеп, айрым спектаклдерде чогуу ойношкон. Мисалга Шекспирдин "Ромео менен Жульеттасында" Таттыбүбү Жульеттанын, Имаш Эшимбеков Ромеонун; Мар Байжиевдин "Төрт адамында" бири Назинин, экинчиси Азиздин образын алып чыкканын айтса болот.
Жубайлар Асел, Канат аттуу уул-кыздуу болушкан. Алар 10 жылдай гана чогуу жашап, балдары кичине кезинде түшүнбөстүктөн улам ажырашып кетишет.
Таттыбүбү Турсунбаева 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында мезгилсиз дүйнө салган.
© Фото / из личного архива Нуркана ТурсунбаеваАктриса театра и кино, заслуженная артистка Киргизской ССР Таттыбубу Турсунбаева
Актриса театра и кино, заслуженная артистка Киргизской ССР Таттыбубу Турсунбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023

Театрдагы ролдору

Таттыбүбү Турсунбаева сахнада керемет ролдорду жараткан. Алардын көбү дүйнөлүк жана советтик классикалык чыгармалардагы образдар: Асел (Ч.Айтматов, "Делбирим"), Кар канышасы (Е.Шварц, "Кар канышасы"), Бьянка (У.Шекспир, "Азоого чалма"), Нази (М.Байжиев, "Эрөөл"), Бүбү (К.Маликов, "Осмонкул"), Төрөкан (А.Токомбаев, "Өлбөстүн үрөнү"), Гүлмайра (Т.Абдумомунов, "Жыгылган оогонго күлөт"), Лайлум (Ш.Садыбакасов, "Ак боз ат"), Эркеайым (Ш.Садыбакасов, "Ак боз ат"), Жульетта (У.Шекспир, "Ромео менен Жульетта"), Чолпон (К.Маликов, "Бийик жерде"), Шафак (М.Карим, "Ай тутулган түндө"), Зулайка (М.Байжиев, "Байыркы жомок"), Анвар (Ч.Айтматов менен К.Мухаммеджанов, "Фудзиямада кадыр түн"), Дездемона (У.Шекспир, "Отелло"), Амелия (Г.Лорка, "Бернарда Альбанын үйү"), Элпи (К.Мамбетакунов, "Омар Хайямдын махабаты"), Мадина (М.Байжиев, "Ар бир үйдө майрам"), Зулайда (Т.Абдумомунов, "Машырбек үйлөнөт"), Фелисьяна (Лопе де Вега, "Бий мугалими") жана башкалар.
© Фото / из личного архива Нуркана ТурсунбаеваАктриса театра и кино, заслуженная артистка Киргизской ССР Таттыбубу Турсунбаева
Актриса театра и кино, заслуженная артистка Киргизской ССР Таттыбубу Турсунбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023

Кинофильмдердеги ролдору

Атактуу артист кинотасмаларда да кайталангыс, эстен кеткис образдарды жараткан. Алсак: Салима ("Салиманын ыры"), Айзада ("Эң тил алчаак"), Толгонайдын жаш кези ("Саманчынын жолу"), Акмөөр ("Акмөөр"), Уркуя ("Отко таазим"), Зейне ("Ак куулар конгон айдың көл"), Жээнгүл ("Атадан калган туяк"), Асия ("Сүйүү жаңырыгы"), Бейтааныш сулуу ("Кызыл алма"), Зулайка ("Процесс") ж.б.
Жолболду Алыбаев (ортодо). Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2023
Жолболду Алыбаев — өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0