Далайдын дартына даба тапкан Сабырбек Жумабеков. Хирургдун жашоосунан сүрөт баян
Далайдын дартына даба тапкан Сабырбек Жумабеков. Хирургдун жашоосунан сүрөт баян
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн белгилүү хирург, ортопед, профессор Сабырбек Жумабековдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 59 жашка чыккан атактуу окумуштуунун сүрөттөгү... 11.08.2023, Sputnik Кыргызстан
Сабырбек Жумабеков Таластын Айтматов районунун Сатыке айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы элет жеринде өтүп, таенесинин колунда өскөн. Өспүрүм кезинде атасынын буту көпкө чейин ооругандыктан дарыгер болууну кыялданган. Мектепти аяктап, борбордо Медициналык институтта окуп, Украинанын Симферополь шаарындагы мединститутта тажрыйба топтойт. Болочоктогу атактуу хирург 26 жашында илимдин кандидаттыгын, 30 жашында илимдин докторлугун Москвадан жактаган. Мекенге кайтып келгенден кийин травматолог-ортопед бир катар медициналык мекемелерде эмгектенип, орто жолдо АКШдагы Калифорния университетинде да тажрыйба топтойт. Профессор 500гө жакын илимий иш жазып, ондогон илимдин кандидатын, докторун өстүргөн. 40 миңден ашык адамга операция жасап, миллиондон ашык бейтапка консультация берген. Ошондой эле бир бейтаптын бутунун сөөгүн 31 сантиметрге өстүрүп Гиннесс китебине кирген.Тема боюнча:
Бүгүн белгилүү хирург, ортопед, профессор Сабырбек Жумабековдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 59 жашка чыккан атактуу окумуштуунун сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Сабырбек Жумабеков Таластын Айтматов районунун Сатыке айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы элет жеринде өтүп, таенесинин колунда өскөн. Өспүрүм кезинде атасынын буту көпкө чейин ооругандыктан дарыгер болууну кыялданган. Мектепти аяктап, борбордо Медициналык институтта окуп, Украинанын Симферополь шаарындагы мединститутта тажрыйба топтойт. Болочоктогу атактуу хирург 26 жашында илимдин кандидаттыгын, 30 жашында илимдин докторлугун Москвадан жактаган. Мекенге кайтып келгенден кийин травматолог-ортопед бир катар медициналык мекемелерде эмгектенип, орто жолдо АКШдагы Калифорния университетинде да тажрыйба топтойт. Профессор 500гө жакын илимий иш жазып, ондогон илимдин кандидатын, докторун өстүргөн. 40 миңден ашык адамга операция жасап, миллиондон ашык бейтапка консультация берген. Ошондой эле бир бейтаптын бутунун сөөгүн 31 сантиметрге өстүрүп Гиннесс китебине кирген.
Жумабеков узак убакыт Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Травматология жана ортопедия кафедрасын жетектейт. Сүрөттө ал чет элдик шакирттери менен
Жумабеков 2008-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган, бирок тез эле мандатын тапшырып берген. Ал эми 2010-жылы саламаттык сактоо министри болуп бир жылдай иштеген
Эл аралык деңгээлдеги илимпоз Кыргызстандын атынан ири иш-чараларга катышып турат. Сүрөттө Жумабеков Москвада өткөн "Ортопедиянын жазгы күндөрү" аталышындагы ири конгрессте