Элине ак дилинен кызмат кылган. Иманкалыкованын сүрөттө калган ирмемдери
Элине ак дилинен кызмат кылган. Иманкалыкованын сүрөттө калган ирмемдери
Sputnik Кыргызстан
Быйыл белгилүү мамлекеттик ишмер Зууракан Иманкалыкованын 100 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган... 08.07.2023, Sputnik Кыргызстан
Зууракан Иманкалыкова 1923-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепти аяктаган соң мугалим болуп иштеп, коомдук иштерге активдүү катышкан. Мыкты уюштуруучу 25 жашында Талды-Суу райкомунун биринчи катчысы болуп дайындалган. Кийин Ысык-Көл облусунун жаштар коммунисттик союзунун биринчи катчысы болуп, 1954-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасынын орун басары кызматына барган. Эки жылдан соң катчы, 60-70-жылдары сыйлыктар бөлүмүн жетектеп 25 жылдай өмүрүн кыргыз парламентине арнаган.Бир нече чакырылыштын депутаты 1971-жылдан тарта мугалимдик кесипти аркалап, Кыргыз улуттук университетинин Тарых кафедрасында, даярдоо бөлүмүндө сабак берип, бир топ кадрларды өстүргөн. Тарых илимдеринин кандидаты жеке жашоосунда жолдошу менен төрт уул-кызды тарбиялап өстүргөн. Мамлекеттик ишмер 2011-жылы 12-июнда 88 жашында дүйнөдөн кайткан.Тема боюнча:
Быйыл белгилүү мамлекеттик ишмер Зууракан Иманкалыкованын 100 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин чогултту.
Зууракан Иманкалыкова 1923-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепти аяктаган соң мугалим болуп иштеп, коомдук иштерге активдүү катышкан. Мыкты уюштуруучу 25 жашында Талды-Суу райкомунун биринчи катчысы болуп дайындалган. Кийин Ысык-Көл облусунун жаштар коммунисттик союзунун биринчи катчысы болуп, 1954-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасынын орун басары кызматына барган. Эки жылдан соң катчы, 60-70-жылдары сыйлыктар бөлүмүн жетектеп 25 жылдай өмүрүн кыргыз парламентине арнаган.
Бир нече чакырылыштын депутаты 1971-жылдан тарта мугалимдик кесипти аркалап, Кыргыз улуттук университетинин Тарых кафедрасында, даярдоо бөлүмүндө сабак берип, бир топ кадрларды өстүргөн. Тарых илимдеринин кандидаты жеке жашоосунда жолдошу менен төрт уул-кызды тарбиялап өстүргөн. Мамлекеттик ишмер 2011-жылы 12-июнда 88 жашында дүйнөдөн кайткан.
Иманкалыкованы кыргыз интеллигенциясынын түптөөчүлөрүнүн бири дешкен. Себеби ал элеттен таланттуу жаштарды таап, идиректүүлөрүн окууга жөнөтүп, айрымдарын өз камкордугуна алган. Сүрөттө ал кыргыз элинин каймактары менен
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, мамлекеттик ишмер Зууракан Иманкалыкова, драматург Токтоболот Абдумомунов, коомдук ишмер, котормочу Тургунбек Суванбердиев жана министр Күлүйпа Кондучалова атасы менен
Ата мекендик авиациянын башында турган Ишенбай Абдраимов, Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри Сакин Бегматова жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасынын орун басары Зууракан Иманкалыкова
Солдон оңду көздөй окумуштуу Курмангалы Каракеев, мамлекеттик ишмер Зууракан Иманкалыкова, атактуу хирург Иса Ахунбаев, скульптор Тургунбай Садыков жана дирижёр Асанкан Жумакматов. Фрунзе шаары, 1970-жылдар