70 жылдай өмүрүн музыкага арнаган. Дирижер Жумакматовдун сүрөттөгү ирмемдери
70 жылдай өмүрүн музыкага арнаган. Дирижер Жумакматовдун сүрөттөгү ирмемдери
Sputnik Кыргызстан
Быйыл СССРдин эл артисти, залкар дирижер Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгы белгиленүүдө. Бул датага утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу маэстронун... 18.06.2023, Sputnik Кыргызстан
Асанкан Жумакматов кичинекейинен музыкага жакын өсүп, 17 жашында Фрунзедеги музыкалык драма театрынын урма аспаптар боюнча музыканты болуп ишке алынган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Москвадагы консерваториянын эки жылдык студиясында билим алып, 25 жашында Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын дирижеру болуп иштей баштаган. Кийин Москвадагы консерваторияда беш жыл окуп, аны кызыл диплом менен бүтүргөн. СССРдин эл артисти ондогон жыл ар кыл чыгармачыл жааматтарда башкы дирижёр, көркөм жетекчи, директор кызматтарын аркалап 50дөн ашык опера жана балетти оркестрлештирип атактуу композиторлордун чыгармаларын элге сунуштаган. Ошондой эле симфониялык оркестр түзүп, аны узак убакыт жетектеген. КР Баатыры узак убакыт Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип далай шакирттерди тарбиялай алган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты 2008-жылдын 21-июлунда 85 жаш курагында дүйнө салган.Тема боюнча:— Даректүү тасмаларды мыкты тарткан. Режиссёр Лиля Турусбекованын сүрөттөрү— Согуш маалында көчүрүлгөн элди жайгаштырган Казы Дыйканбаев. Сүрөт түрмөк
Быйыл СССРдин эл артисти, залкар дирижер Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгы белгиленүүдө. Бул датага утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу маэстронун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Асанкан Жумакматов кичинекейинен музыкага жакын өсүп, 17 жашында Фрунзедеги музыкалык драма театрынын урма аспаптар боюнча музыканты болуп ишке алынган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Москвадагы консерваториянын эки жылдык студиясында билим алып, 25 жашында Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын дирижеру болуп иштей баштаган. Кийин Москвадагы консерваторияда беш жыл окуп, аны кызыл диплом менен бүтүргөн. СССРдин эл артисти ондогон жыл ар кыл чыгармачыл жааматтарда башкы дирижёр, көркөм жетекчи, директор кызматтарын аркалап 50дөн ашык опера жана балетти оркестрлештирип атактуу композиторлордун чыгармаларын элге сунуштаган. Ошондой эле симфониялык оркестр түзүп, аны узак убакыт жетектеген. КР Баатыры узак убакыт Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип далай шакирттерди тарбиялай алган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты 2008-жылдын 21-июлунда 85 жаш курагында дүйнө салган.
Москвадагы консерваториянын алдындагы эки жылдык студияны аяктаган 25 жаштагы жигит борбор калаадагы Опера жана балет театрынын дирижёру болуп дайындалган
Жумакматов Москвада студент болуп жүргөн жылдары СССРдин академиялык театрынын музыкалык жетекчиси, башкы дирижеру болуп иштеп, окууну кызыл диплом менен аяктаган
Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисттери Кайыргүл Сартбаева менен атактуу дирижер Асанкан Жумакматов. Залкар инсандар 600дөй чыгарманы оркестрлештирип радиого жаздырган.
Окумуштуу Курмангалы Каракеев, мамлекеттик, коомдук ишмер Зууракан Иманкалыкова, атактуу хирург Иса Ахунбаев, скульптор Тургунбай Садыков жана дирижер Асанкан Жумакматов. Фрунзе шаары, 1970-жылдар.