Согуш маалында көчүрүлгөн элди жайгаштырган Казы Дыйканбаев. Сүрөт түрмөк

Жазылуу
Быйыл белгилүү мамлекеттик ишмер Казы Дыйканбаевдин 110 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Казы Дыйканбаев 1913-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Үч жашка чыкканда ата-энеси башка жердештери сыяктуу Кытайга качып, беш жашында жакындары менен мекенге кайтып келе жаткан жолдо атасы Дыйканбай Кочкорбаев оорудан кайтыш болот.
Жыйырманчы жылдардын башында айылда мектеп ачылып, он жаштагы Казы ал жактан сабак алат. Кийин Караколдогу кыргыз-орус мектебинде, Фрунзедеги атайын курста билим алып, Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунун студенти болгон. Ал жактан коммунисттик отрядга кошулуп, атчан чалгындоочулардын катарында болгон. 1932-жылы Ташкенттеги Орто Азия план-экономикалык институтунда окуп, ал жактан өзүнүн жөндөмүн көргөзө алган студент Кыргыз ССРинин Пландоо комиссиясына жумушка чакыртылып, жаш жигит эл чарбасын өнүктүрүүнүн планын түзүүгө жигердүү катышкан. Кийин ошол эле мекемеде экономист болуп эмгектенип, мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өтүп, 27 жашында Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары ага республикага көчүрүлүп келген ишкана, завод, адамдарды жайгаштыруу милдети жүктөлгөн.
Ал эми 1944-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигинде стажировкадан өтүп, Кыргыз ССРинин биринчи тышкы иштер министри болуп дайындалган. Ал жылы ага биринчилерден болуп СССРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы ыйгарылып, министр болуп тогуз жыл эмгектенген. Ошол эле маалда өкмөт башчысынын орун басары кызматын аркалаган.
Кийинки жылдары Фрунзе обкомунун биринчи катчысы, Кыргызстан компартиясынын өнөр жай, транспорт, курулуш боюнча катчысы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, Министрлер кеңешинин төрагасы болгон. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер 2010-жылы 16-февралда 97 жашында каза болгон.
Тема боюнча:
90 жашка чыкмак. Мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин сүрөттөрү
Манаска байланган өмүр. Жусуп Мамайдын жашоосунун урунттуу учурлары
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Атасынан эрте ажыраган жигит билимге умтулуп, Каракол, Фрунзе, Ашхабад, Ташкент шаарларында билим алган

Атасынан эрте ажыраган жигит билимге умтулуп, Каракол, Фрунзе, Ашхабад, Ташкент шаарларында билим алган - Sputnik Кыргызстан
1/13

Атасынан эрте ажыраган жигит билимге умтулуп, Каракол, Фрунзе, Ашхабад, Ташкент шаарларында билим алган

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунун студенттери: Өмүралиев, Сейдуллаев жана Казы Дыйканбаев. 1931-жыл.

Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунун студенттери: Өмүралиев, Сейдуллаев жана Казы Дыйканбаев. 1931-жыл. - Sputnik Кыргызстан
2/13

Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунун студенттери: Өмүралиев, Сейдуллаев жана Казы Дыйканбаев. 1931-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Мамлекеттик кызматта ийгиликтүү иштеген Дыйканбаев 27 жашында Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары болгон

Мамлекеттик кызматта ийгиликтүү иштеген Дыйканбаев 27 жашында Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары болгон - Sputnik Кыргызстан
3/13

Мамлекеттик кызматта ийгиликтүү иштеген Дыйканбаев 27 жашында Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары болгон

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кыргыз ССРинин биринчи тышкы иштер министри балдары Марта, Людмила жана Асакул менен. Фрунзе шаары, 1945-жыл.

Кыргыз ССРинин биринчи тышкы иштер министри балдары Марта, Людмила жана Асакул менен. Фрунзе шаары, 1945-жыл. - Sputnik Кыргызстан
4/13

Кыргыз ССРинин биринчи тышкы иштер министри балдары Марта, Людмила жана Асакул менен. Фрунзе шаары, 1945-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Мамлекеттик ишмер Казы Дыйканбаев (биринчи катарда бешинчи турат) Москвада эл өкүлдөрү менен. Москва шаары, 1946-жыл.

Мамлекеттик ишмер Казы Дыйканбаев (биринчи катарда бешинчи турат) Москвада эл өкүлдөрү менен. Москва шаары, 1946-жыл. - Sputnik Кыргызстан
5/13

Мамлекеттик ишмер Казы Дыйканбаев (биринчи катарда бешинчи турат) Москвада эл өкүлдөрү менен. Москва шаары, 1946-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары кызы Марта экөө

Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары кызы Марта экөө - Sputnik Кыргызстан
6/13

Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары кызы Марта экөө

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Дыйканбаев Кыргыз ССРинин Жогорку Совети менен Министрлер кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Сүрөттө ал кесиптештери менен.

Дыйканбаев Кыргыз ССРинин Жогорку Совети менен Министрлер кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Сүрөттө ал кесиптештери менен. - Sputnik Кыргызстан
7/13

Дыйканбаев Кыргыз ССРинин Жогорку Совети менен Министрлер кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Сүрөттө ал кесиптештери менен.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Лента кескен Дыйканбаев. Ал согуш жылдары СССРден эвакуацияланган бир топ ишкана жана көчүрүлүп келгендер менен иш алып барган.

Лента кескен Дыйканбаев. Ал согуш жылдары СССРден эвакуацияланган бир топ ишкана жана көчүрүлүп келгендер менен иш алып барган. - Sputnik Кыргызстан
8/13

Лента кескен Дыйканбаев. Ал согуш жылдары СССРден эвакуацияланган бир топ ишкана жана көчүрүлүп келгендер менен иш алып барган.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы сүлүктүлүк шахтёрлор менен. 1958-жыл.

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы сүлүктүлүк шахтёрлор менен. 1958-жыл. - Sputnik Кыргызстан
9/13

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы сүлүктүлүк шахтёрлор менен. 1958-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы "Кара-Сай" заставасынын чек арачылары менен жолугушууда. Дыйканбаев так ортодо отурат. Ысык-Көл облусу, 1959-жыл.

Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы "Кара-Сай" заставасынын чек арачылары менен жолугушууда. Дыйканбаев так ортодо отурат. Ысык-Көл облусу, 1959-жыл. - Sputnik Кыргызстан
10/13

Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы "Кара-Сай" заставасынын чек арачылары менен жолугушууда. Дыйканбаев так ортодо отурат. Ысык-Көл облусу, 1959-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

1961-жылы Дыйканбаев жүйөсүз себептер менен кызматтан алынган. Сүрөттө Дыйканбаев.

1961-жылы Дыйканбаев жүйөсүз себептер менен кызматтан алынган. Сүрөттө Дыйканбаев. - Sputnik Кыргызстан
11/13

1961-жылы Дыйканбаев жүйөсүз себептер менен кызматтан алынган. Сүрөттө Дыйканбаев.

© Фото / из семейного архива Абдумомуновых

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Компартиянын борбордук комитетинин катчысы Исхак Раззаков, акын Насирдин Байтемиров жана драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаарындагы Кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасы. 1958-жыл.

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Компартиянын борбордук комитетинин катчысы Исхак Раззаков, акын Насирдин Байтемиров жана драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаарындагы Кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасы. 1958-жыл. - Sputnik Кыргызстан
12/13

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Компартиянын борбордук комитетинин катчысы Исхак Раззаков, акын Насирдин Байтемиров жана драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаарындагы Кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасы. 1958-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Оңдон биринчи турган Казы Дыйканбаев. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер 2010-жылы 97 жашында көз жумган. Азыр анын ысымын ТИМдин алдындагы Дипломатиялык академия алып жүрөт.

Оңдон биринчи турган Казы Дыйканбаев. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер 2010-жылы 97 жашында көз жумган. Азыр анын ысымын ТИМдин алдындагы Дипломатиялык академия алып жүрөт. - Sputnik Кыргызстан
13/13

Оңдон биринчи турган Казы Дыйканбаев. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер 2010-жылы 97 жашында көз жумган. Азыр анын ысымын ТИМдин алдындагы Дипломатиялык академия алып жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0