Бийлик кыргыз-тажик чек арасын ачуу макулдашылды деген маалыматты төгүндөдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Тажикстан менен чек арасындагы паспорттук көзөмөл пункту. Архив
Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасындагы паспорттук көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Жазылуу
Учурда биринчи кезекте чек ара тилкелерин тактоо маселеси турганы айтылды.
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кыргыз-тажик чек арасын ачуу макулдашылды деген маалыматты төгүндөдү.
Буга чейин тажикстандык ЖМКлар Согд облусунун губернатору Раджаббой Ахмадзода Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев менен жолугушууда чек араларды ачууга келишишкени тууралуу айтканын жазган.
Облустагы өкүлчүлүк июль айында жолугушуу болгонун, ага Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы да катышканын билдирди. Жыйында биринчи кезекте чек ара аймактарында тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу максатында кылым карыткан коңшу элдердин ынтымагын бекемдөө менен облустар аралык ар тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу маселелери талкууланганы айтылды.
"Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы мамлекеттик деңгээлде эки тараптуу чечилүүчү маселе. Учурда өкмөттөр аралык комиссия чек араны тактоо жумуштары боюнча активдүү иш алып барууда. Ошондуктан биринчи кезекте эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин аягына чыгуу, экинчи кезекте чек араны ачуу маселесин этап-этап менен кароо, ар тараптуу байланыштарды чыңдоо маселелери турат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2021-жылдагы тажик тараптын кол салуусунан кийин Кыргызстан чек аралардын баарын жаап, адамдардын өтүшүнө да, жүк ташууга да тыюу салган.
Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде кыргыз аскерлеринин күзөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Баткендеги чырдан кийин бийлик өкүлдөрү зыяндын ордун толтуртууга макулдашты
Жаңылыктар түрмөгү
0