https://sputnik.kg/20230724/sadyr-zhaparov-dinara-kutmanova-uulun-kachyruu-1077265304.html
Жапаров: Кутманова баласын качырыш үчүн "уурдап кетти" деп спектакль уюштуруптур
Жапаров: Кутманова баласын качырыш үчүн "уурдап кетти" деп спектакль уюштуруптур
Sputnik Кыргызстан
Президент экс-министрдин сиңдиси коррупциялык схеманын баарын тергөөгө ачык айтып бергенин белгиледи. 24.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-24T12:03+0600
2023-07-24T12:03+0600
2023-07-24T12:04+0600
кыргызстан
саясат
динара кутманова
садыр жапаров
уурдоо
бала
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/04/1069688905_229:369:2901:1872_1920x0_80_0_0_3e3ce7dd2fbb9276a5263ca787306714.jpg
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова баласы уурдалганын айтып спектакль уюштурушуптур. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.Мамлекет башчынын айтымында, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү атайын ушундай ыкма жасашкан.Буга чейин Динара Кутманова ЖМКларга 35 жаштагы уулу Кемелбек Кутмановду белгисиз адамдар Стамбулда уурдап кетип, 600 миң доллар талап кылганын айткан. Кыргызстандын укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылса да натыйжа болбой жатканын билдирген эле. Бирок ИИМ экс-министрдин баласы уурдалды деген маалыматты тастыктаган жок. Милициянын версиясы боюнча, 27-июнда Кемелбек Кутмановго эл аралык издөө жарыяланган, ал эми 11-июлда аны Түркиянын миграциялык кызматы кармаган. Учурда Кыргызстанга депортациялап, жоопкерчиликке тартуу маселеси каралууда.Өткөн жумада УКМК Кутманованын өзү, уулу, уулунун досу, эжеси жана үй кызматчысы катышкан коррупциялык иш боюнча маалымат тараткан.
https://sputnik.kg/20230722/tashievdin-balasny-aytyp-chek-arachylardy-korkutkan-kishi-karmaldy-1077238194.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/04/1069688905_324:274:2689:2048_1920x0_80_0_0_43f4f279211420540e145511c8dc44ba.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, динара кутманова, садыр жапаров, уурдоо, бала
кыргызстан, саясат, динара кутманова, садыр жапаров, уурдоо, бала
Жапаров: Кутманова баласын качырыш үчүн "уурдап кетти" деп спектакль уюштуруптур
12:03 24.07.2023 (Жаңыртылды: 12:04 24.07.2023) Президент экс-министрдин сиңдиси коррупциялык схеманын баарын тергөөгө ачык айтып бергенин белгиледи.
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова баласы уурдалганын айтып спектакль уюштурушуптур. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "
Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү атайын ушундай ыкма жасашкан.
"Баласын эч ким уурдап кетпептир. Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын. Дароо министрге (ички иштер министри — ред.) чалсам "спектакль уюштуруп жатышыптыр" дейт. Түркияда кармалып турат. Жакында депортация болуп келет. Кумтөр маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коебуз? Мага жеткен маалыматтар боюнча, Кумтөрдөн жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаларды жеп коюптур. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каякка кеткен, кимиси канча алган жана башканын баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе, ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт, таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот", — деди Жапаров.
Буга чейин Динара Кутманова ЖМКларга 35 жаштагы уулу Кемелбек Кутмановду белгисиз адамдар
Стамбулда уурдап кетип, 600 миң доллар талап кылганын айткан. Кыргызстандын укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылса да натыйжа болбой жатканын билдирген эле. Бирок ИИМ экс-министрдин баласы уурдалды деген маалыматты тастыктаган жок. Милициянын версиясы боюнча, 27-июнда Кемелбек Кутмановго эл аралык издөө жарыяланган, ал эми 11-июлда аны Түркиянын миграциялык кызматы кармаган. Учурда Кыргызстанга депортациялап, жоопкерчиликке тартуу маселеси каралууда.
Өткөн жумада УКМК Кутманованын өзү, уулу, уулунун досу, эжеси жана үй кызматчысы катышкан
коррупциялык иш боюнча маалымат тараткан.