Мурдагы министр Динара Кутманованын жакындары жана туугандары кармалды

© Пресс-служба правительства КРЖаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрин мурда жектеп турган Динара Кутманова. Архивдик сүрөт
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрин мурда жектеп турган Динара Кутманова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Жазылуу
Жума күнү УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев өкмөттүн жыйынында Кутманова министр болуп турганда миллиард сомдук долбоорлорду бала-чака, тууган-уруктарына бөлүп берип койгон деген маалыматты айткан.
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрин мурда жетектеп турган Динара Кутманованын бир катар жакындары жана туугандары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Эске салсак, жума күнү УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев өкмөттүн жыйынында Кутманова министр болуп турганда миллиард сомдук долбоорлорду бала-чака, тууган-уруктарына бөлүп берип койгон деген маалыматты айткан.
Атайын кызмат Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарына жана "Жаратылышты өнүктүрүү фондунун" кызматкерлерине карата коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөө уланып жатканын билдирди.
УКМКнын маалыматында 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки мезгилде жаратылышты жана экологияны коргоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын каражаттарынын эсебинен жыл сайын 3 млн. 700 миң доллар (325 млн. сом) бөлүнгөнү айтылган. Үч жылда каржылоонун жалпы суммасы 969 миллион 568 миң сомду түзгөн. Көрсөтүлгөн акчанын 789 миллион 568 миң сому жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга фонд тарабынан берилгени маалымдалган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө фонддун ишмердүүлүгүндө бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталганы кабарланды.

"Тактап айтканда, Жаратылыш ресурстары министрлиги жана "Ходжаев" ЖКнын ортосунда алдын ала макулдашуу боюнча тендерсиз түз келишим болгон. Жалпы суммасы 34 млн. сомго 1000 комплект атайын кийимдерди алып келүү боюнча келишим түзүлгөн. Келишимдин мыйзамсыз түзүлүшүн экс-министр К.Д.А. (Динара Кутманова — ред.) колдоо кылган, ал эми "Ходжаев" — экс-министрдин уулунун жакын досу", — деп айтылат маалыматта.

Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын корутундусуна ылайык, өлкөнүн базарларындагы комбинезондун баасы 11 миллион сомдон ашпайт, 23 миллион сомдук айырманы "К.Д.Анын өзүнүн үй-бүлөсү өздөштүргөн".
Эксперттик комиссиянын үч отуруму К.Д.А. тарабынан туунду уюмдардын кызыкчылыгын лоббилөө жана кысым көрсөтүү менен өткөнү аныкталганын билдирди. Экс-министрдин көрсөтмөсү менен төртүнчү жыйын комиссия мүчөлөрүнүн иш жүзүндөгү катышуусуз формалдуу түрдө өткөнүн Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү тастыктаганын кошумчалады.
"Каржыланган 110 долбоордун ичинен азыркы этапта 22 долбоор текшерилди, алардын көбү өз максатына туура келбейт. Каржылоо мурда түзүлгөн макулдашуулар боюнча жүргүзүлгөн, б.а. максатка ылайыктуулугун жана актуалдуулугун аныктоо менен экологиялык жана башка экспертизаларды өткөрбөстөн бекитилип, каржыланган", — деди ведомстводон.
Бюджеттик каражаттарды түз алып кетүүгө өзүнчө долбоорлор шылтоо болгонун айтышты.
"Мындан тышкары, Жаратылыш ресурстар министрлигинин ишине түздөн-түз кийлигишкени тууралуу түз далилдер келип түшкөн жана К.К. — экс-министрдин уулу долбоорду каржылоонун суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө алган. Мындай көрсөтмөсүндө аталган мекеменин директору К.К. беш чарбалык субъектилерден 17 миллион сомдон ашык суммада компенсациялар алынган.
Ошондой эле, А.Г.А – экс-министрдин эжесинин көрсөтмөсүнө ылайык, К.К. "Жашыл мурас" коомдук фондунун долбоору боюнча 7 млн. 560 миң сом алган. A.Г.A. кармалып, күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу үй камагына бошотулган.
"Дагы бир факт – "Э.К." коомдук фондунун эсебине Чүй районундагы кичи ГЭСти курууга 23 миллион сом которулган. Ал эми "Э.К." коомдук фондунун директору чындыгында экс-министрдин үй кызматчысы болуп иштейт. Бөлүнгөн 23 миллион сомдун 15 миллионун Кутманованын үй-бүлөсү өздөштүргөнү аныкталган", — деп айтылат билдирүүдө.
Кылмыш иши козголгондон бери төмөнкү адамдар кармалып, айыпталууда:
Жаратылыш ресурстары министрлигинин экс-биринчи орун басары, эксперттик комиссиянын төрагасы С.К.Р. — УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;
Жаратылыш ресурстары министрлигинин экс-орун басары И.Б.М. — УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын директору, эксперттик комиссиянын мүчөсү К.Т.К. — УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;
"Жаратылышты өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун директору К.Ж.Т. – УКМКнын СИЗОсуна киргизилген;
Фонддун экологиялык долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү боюнча адиси О. у Э. үй камагына чыгарылган;
Жакын тууганы A.Г.A. (жогоруда эжеси деп айтылды — ред.), Кутманованын үй-бүлөсүнө жакын мамилеси бар жеке ишкер Х.Ш.Т. — УКМКнын СИЗОсуна камалган;
"Э.К." коомдук фондунун директору, М.А.М. (чындыгында Кутманованын үй кызматчысы) — УКМКнын СИЗОсуна камалган.
Учурда УКМК тарабынан дагы башка жана жогоруда көрсөтүлгөн фактыларга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Ведомствонун маалымат кызматы жакынкы арада Кутманованын катышуусунда тергөө иш-чараларын жүргүзүү пландалып жатканын билдирди.
Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Ташиев Ноокат жолу бүтпөсө, 1-сентябрда транспорт министри иштен кетерин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0