Омскиден Бишкекке автобус каттамы жанданмай болду. Жол акысы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүШаар аралык автобустар. Архив
Шаар аралык автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Жазылуу
Автобус бир жумада бир жүрөт, ал эми билеттер 17-июндан тарта сатыкка чыгат.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. 7-июлдан тарта Омск — Бишкек каттамы жандана турганын Омскоблавтотранс билдирди.
Омск автобекетинен автобус жума күнү саат 20.00дө чыгат.
"Билеттер 17-июндан тарта сатылмакчы. Каттамга Setra үлгүсүндөгү ыңгайлуу автобустар чыгат. Жол кире 6000 сом", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми багаж үчүн жүргүнчү 600 сом төлөйт.
Аэропортто турган учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2023
Абу-Даби — Бишкек — Абу-Даби каттамынын өзгөчө шарттары жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0