Жапаров Акаев катасын кантип оңдогонун жана жакшы иштерин айтып берди

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүМурдагы президент Аскар Акаев. Архив
Мурдагы президент Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2023
Жазылуу
Президент "иштебеген киши жаңылбайт" деп союз ыдырагандан кийин бардык мамлекеттерде кыйынчылыктар болгонун белгиледи.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров мурдагы президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга келиши жана лекция окуусуна каршы чыккандар боюнча пикирин билдирди. Ал "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде Акаевдин жасаган иштери тууралуу айтып берген.
Президенттин айтымында, Акаевдин суракта берген көрсөтмөлөрү "Кумтөрдү" Кыргызстанга алганга аябай пайдасы тийген.
"Ошол мезгилде кетирген каталарын дагы ушул жерден оңдоп кетти десем болот. Азыр дагы кеч эмес. "Кумтөр" мындан ары дагы 30-40 жыл Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштейт. "Кумтөрдүн" алтыны дароо элдин пайдасына иштей баштады. Эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды эселеп көтөргөнгө жардам болду", — деди Жапаров.
Журналист ага көпчүлүк өлкөнүн бүгүнкүдөй абалга кептелишине дал ушул Аскар Акаев күнөөлүү экенин, ал туура башкарганда мындай болмок эмес деген пикирин айткан. "Негизи эле Аскар Акаев юридикалык болбосо да моралдык жоопкерчиликти сезиши керек беле?" деп сурады.
"Эми ал убакта кандай кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болду, азыр баарына баа берип сындаш кыйын. Анткени ошол мезгилде союз ыдырап, 15 өлкө өз арабаларын өздөрү тартып калган. СССР бардык мамлекеттерди бири-бирине байлап койгон экен. Бир эле техника өндүрүүдө керектүү заводдорду ар башка мамлекеттерге куруп коюшкан. Ушул сыяктуу чырмалышкан маселелер көп болгон. Бизде эле эмес, көпчүлүк өлкөлөрдө завод-фабрикалар жоюлуп кетти. Ал эми "Кумтөр" сыяктуу маселеде оң жолду таап, айыл чарба, мал чарбасын чачыратпай сактап калса болмок. Бул өзүбүздөн көз каранды эле. "Иштебеген киши жаңылбайт" дейт. Иштеген киши кемчилик кетирбей койбойт. Жакшы жактарын дагы айтып коюшубуз керек. Биринчилерден болуп улуттук валютабызды жүгүртүүгө киргизген. Бул жерден абдан көрөгөчтүк кылган. Азыркыга чейин биздин валюта чөлкөмдөгү күчтүү валюта болуп кунун жоготпой келе жатат. Бул ошол убактагы абдан чоң жетишкендик болгон", — деди президент.
Белгилей кетсек, өткөн жумада Аскар Акаев жубайы менен Бишкекке келип, үч окуу жайда лекция окуй турганы пландалган. Бирок коомчулуктун сынына байланыштуу лекциялар өтпөй турган болду.
Качкын президент Курманбек Бакиев иниси Жаныш Бакиев менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2023
Садыр Жапаров Курманбек Бакиев ырайым сураса кандай чечим кабыл аларын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0