Батыш РФтен кооптончу дагы бир себеп тапты. Суу түбүндөгү чубалгылар коркунучта

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүБалтика флотунун кемелерин денизге чыгышы. Архив
Балтика флотунун кемелерин денизге чыгышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2023
Жазылуу
Кремлге карай учурулган учкучсуздар тууралуу кадрлар ачыкталгандан бери РФтин стратегиялык каршылаштары карбаластап калды. Бир нерседен чочулагандай Зеленский да багытын улам буруп, Европаны аралап жүрөт...
Ага катар эле НАТОдогу кожоюндары Россия гибриддик согуш театрында аларга көргүлүктү көрсөтүп койбойбу деп санааркай баштаганын боолголойт Виктория Никифорова. Серепчинин учкай ой толгоосу РИА Новости сайтына жарыяланган.
Альянстын башкы катчысынын жардамчысы Дэвид Каттлер постсоветтик мамлекеттер менен байланыштуу кеңейтүү аракетинен капыстан четтеп, Москванын Европа, Британия жана АКШны байланыштырып турган суу түбүндөгү чубалгыларды катуу жабыркатып коюуга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин коомчулукка жар салды. Бул батыш дүйнөсүн толук масштабдуу башаламандыкка кептейт.
"Москва НАТОнун өтө маанилүү инфраструктурасын активдүү түрдө картага түшүрүүдө, батыш мамлекеттеринин баарында – газдан тарта интернетке чейин камсыздап турган суу түбүндөгү коммуникацияларга катуу сокку урушу ыктымал", — деген Каттлердин докладын The New York Times да жарыялаган. Натолук генералдын айтымында, "Атлантикада, анын тышында россиялык кемелердин күзөтүү деңгээли мурдагы жылдарга караганда алда канча жогору".
Түндүк жана Балтика деңиздерде кемелер "кыйла тобокелдүү" жүрөт. Бул Батыш Европа жана Түндүк Америка "Украина менен болгон согушта Россиянын бутасына" айланып калышы мүмкүн.
Батыш инфраструктурасына чабуул коюу менен Москвага "батыш турмушун талкалап, Украинаны колдогон өлкөлөргө кысым көрсөтүү" мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калышынан чочулайт Каттлер. Суу түбүндөгү инфраструктура — батыш экономикасы үчүн чындап эле олуттуу. Улуу Британия чубалгылардын жабыркашы күнүнө 7,4 триллион фунт өлчөмүндөгү каржылык транзакцияларды бөгөттөп, электрдин болжол менен төрттөн бир бөлүгүн өчүрүп коёрун эсептеп чыкты. Демек, Лондон биржасы кыйрап, ал эми өлкөнүн турмушун камсыздоо тутумуна катуу сокку урулат.
Ал эми бул тек гана кичинекей бир арал. Бирок маселе, албетте, экономикада гана эмес. Суу түбүндөгү коммуникациялардын жарылышы натолук аскердик машинанын америкалык башкармалыгын да жабыркатышы ыктымал. Эгер 2020-жылы НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлери бул тутумда аяр абалда, суу түбүндөгү инфраструктурасынан катуу көз каранды экени даана байкалган жашыруун докладды тыңдашты.
Америкалык аскерлердин 5G мобилдик тиркемесине, маалыматтарды булуттарга сактоого өтүшү менен бул коркунуч улам күчөп барат. Суу түбүндөгү жалпы миллион чакырымдан ашуун узундуктагы 400 чакты чубалгы Европа менен АКШнын ортосундагы интернет-трафиктин 95 пайызын берет.
Авиабомба. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын бомбалары Украина Куралдуу күчтөрүнүн дараметин начарлатууда
Маалыматтарды өткөрүүдөгү үзгүлтүктөрдөн улам америкалыктар континентте өз желдеттерин тескөө кыйла кыйындайт. 2008-жылы Египет менен Италиянын ортосундагы чубалгылардын бузулушу Иракта америкалык учкучсуздардын учуш санын он эсеге азайткан. Чубалгылардын бузулушу өзөктүк ооздуктоого мүмкүн болбой калган гибриддик согуштук аракеттер театрында болуп калышы да өзүнчө кыйындыктарды жаратат. Суу түбүндө чубалгылар үзүлдү дейли, ким күнөөлүү? Ошол үчүн өзөктүк согушту тутантуунун кажети барбы?
"Түндүк агымды" жардыруу менен америкалыктар мындай аракетин дүйнө жүзүнө тастыкташты. Бул ирет алар Кремлге карата жасалган диверсиядан дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, ошол жардырууну териштирүүгө европалык желдеттерин мажбурлоодо. Анан, албетте, шектин баары Россия тарапка оойт. Генерал Каттлердин Москвага карата санаасы да – ушул аракеттин бир бөлүгү. Россия өз газ түтүгүн жардырса, анда мындан ары да Москва тараптан диверсияларды күтүүгө болмок.
Чындыгында "иликтөө" аяктай элек. Альянс генерал-лейтенант Ганс-Вернер Вирманн башында турган суу түбүндөгү инфраструктурасын коргоо үчүн бүтүндөй бир бөлүм түптөдү. Орустардан коргонуу шылтоосу менен НАТО Россия чек араларын бойлой деңиз күзөтүн күчөттү.
Бир жагынан Россия тараптан суу түбүндөгү коммуникацияга коркунуч туурасындагы кыйкырыктар РФтин каршылаштарынын Атлантика жана Балтикадагы аскердик жайгашуусун мыйзамдаштырууга багытталган кадимки маалыматтык чабуулу. Мында да америкалыктарга пайдалуу болгон кандайдыр бир диверсияны уюштурушу толук ыктымал.
Экинчи жагынан, бул – альянстагы ашынган достор бириккен, макулдашылган долулук. Кыязы, НАТО жетекчилиги өз абалынын бардык тобокелдиктерди жакшы түшүнөт. Мындан ары да альянстын кеп Украинада деп түр көрсөтүшү мүмкүн эмес. Чындыгында Түндүк атлантикалык альянс Россияга каршы колундагы бардык каражаттар, анын ичинде украиналыктарды пайдалануу менен согушууда.
Кремлдин үстүндөгү учкучсуздар, Россиянын территориясындагы диверсиялар, анын батышындагы калааларга сокку уруу... Булардын баары америкалык кожоюндардын жетеги жана уруксаты менен жасалып жатканы айдан ачык. Алардын баарын караманча танышы да эч нерсени өзгөртө албайт.
Нью-Йорк шаарындагы Эркиндик айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Батыш башкаларга жакпаган себебин аңдай баштады… Ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0