Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россиянын бомбалары Украина Куралдуу күчтөрүнүн дараметин начарлатууда

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүАвиабомба. Архивдик сүрөт
Авиабомба. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
Жазылуу
Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн тескелүүчү авиабомбаларын топтоштуруп колдонуу украиналык армиянын аскердик потенциалын начарлатып, киевдик режимдин "контрчабуулда" ийгиликке жетишине бөгөт болорун боолголойт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Украинанын авиациясы жана аба чабуулдарынан коргонуу тутумунун абалы кескин начарлап, пехотасы кыйрап, ок өткөрбөс техникасы калктуу пунктуларда баш калкалоодо. Ыкчам багыттарда Украина Куралдуу күчтөрүнүн согуштук аракеттеринин активдешүүсү бир аптада Батыш тартуулаган бардык техниканын талкаланышына алып келет.
Атайын аскердик операция башталгандан тарта Россия кеңири колдонулган куралдардын, күчтүү ок-дарынын өндүрүшүн кыйла жогорулатты. АКШ менен НАТО аскердик операция зонасында россиялык тескелүүчү 250, 500 жана1500 кг калибрдеги авиабомбаларды топтоштуруп колдонулушуна катуу тынчсызданышат. Украина Куралдуу күчтөрүнүн чындап эле алардан коргонуучу жана мизин кайтаруучу каражаттары жок.
Жүздөгөн кило жардыргыч заттардан тышкары Россиядан учкан ар бир канаттуу "Валькириянын" спутниктик навигациясы бар. Кое берилген чекитинен 70 чакырымга чейинки аралыктагы бутасына таамай тиет. Демек, бул учактарга каршылаш тараптын аба чабуулунан коргонуучу тутумдар комплекстери жете албайт. Авиабомбаларынын майнаптуулугу таамай ракеталык куралдардын күчүнө тете. Кыйла төмөн баасы мындай ок-дарыны РФтин бюджетин эңшербей тургандай тынымсыз режимде пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Россиялык заманбап С-400 зениттик-ракеталык комплекстеринен же "аба – аба" тибиндеги Р-37М авиациялык гиперүндүү ракеталарынан айырмаланып, украиналык армиянын советтик өндүрүштөгү С-300 зениттик-ракеталык комплекстери 100 чакырымга чейинки аралык менен чектелген. Эсиңиздерде болсо заманбап үлгүлөр буталарын 400 чакырымга чейинки аралыктан жабыркатышат. Ошол себептен Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн бомбалоочулары каршылаш тарабынын позицияларын, логистикалык объектилерин күнү-түнү талкалоодо. Украина армиясы өткөн айда 15 миң жоокеринен, 430 танк жана ок өткөрбөс унаасынан, 225 артиллериялык куралынан, залптык октун реактивдүү тутумунун 18 орнотмосунан ажырады.
АКШнын гиперүндүү ракетасын сыноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2023
АКШ гиперүндүү куралдардын "сырын" таптыбы? Аскердик сереп
Military Watch басылмасынын эсебинде РФ күчтөрү "фронттун линиясы аркылуу Украинанын согуш жүргүзүү жөндөмүн бир кыйла" чектеп койду. Темир жол түйүндөрү жана Павлограддагы кампаларга урулган бир гана россиялык топтоштурулган сокку Украина Куралдуу күчтөрүнүн С-300 зениттик-ракеталык комплекстеринин эки дивизионун, "Гром-2" ыкчам тактикалык-ракеталык комплексинин баллистикалык ракеталарын, жүздөгөн тонна ок-дарысын жок кылып койду.
Мурдараак Польшанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Раймунд Анжейчак Украина жеңиштен ого эле ыраак экенин, себеби анын ресурстары жана Батыштын согуштук потенциалы басаңдап жатканын айткан. Ошол эле учурда ал Россиянын согуштук аракеттерди улантуу үчүн мүмкүнчүлүктөрү чексиз экенин белгилеген.
Киевдик режимге берилген америкалык курал-жарак, анын ичиндеги бир нече миң FIM-92 Stinger тибиндеги көчмө зениттик-ракеталык комплекстер, ар кыл өлкөдөн НАТО топтоп берген советтик "Бук", "Тор", С-300 зениттик-ракеталык комплекстери жана башка аба чабуулдарынан коргонуучу батыштык комплекстер атайын аскердик операция зонасында айрым бир тоскоолдуктарды жаратпой койгон жок. Анткен менен Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн тескелүүчү авиациялык 250дөн 1500 кг чейинки калибрдеги ок-дарысы украиналык согуштук аракеттер театрындагы Батыштын аба чабуулунан коргоо аракеттеринин баарын талкалай алды.
Ар кыл кубаттуулуктагы канаттуу түзөтүүчү авиабомбаларды чыгаруудан тышкары РФ коргоо өнөр жай комплекси заманга бап фугастык авиабомбалардын көлөмүн бачым эле көбөйтө алды. ТАСС маалымат агенттигинин россиялык коргоо өнөр жай комплексиндеги булактарынын айтымында, жакшыртылган ФАБ-250 (250 кг калибрдеги гравитациялык авиабомбасы) "канаттуу платформасына" жана инерциялык навигациялык системасына ээ болду. Канат "байлаган", таамай ФАБ-250 бомбалоочудан саатына 800-900 км ылдамдыкта чыгып, бутасына карай 80 чакырымдык аралыкты пландайт. 1962-жылдагы үлгүсүнөн жаңыртылган россиялык ФАБ-500 авиабомбанын да башкарууда кошумча модулга ээ болуп, канаты, куйрук тарабы бүктөлүп-ачылуучу коррекцияга ээ болушу аны таамай куралга айлантты.
Су-34 фронттук бомбалоочу истребители да ФАБ-250 авиабомбасынан 24тү, 500 килограммдык калибрдеги 14 бомбаны же бир жарым тонналык бомбаларды ташый алат. РФтин каршылаш тарабына бир эле Су-34түн учурулушу эмнеге кептей турганын элестете аласызбы?!
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина "контрчабуулунун" үч сценарийи. Артемовскидеги кырдаал
РФтин коргоо өнөр жайы атайын аскердик операция башталганга чейин эле өтө күчтүү түзөтүүчү жаңы авиабомбалардын сериялык чыгарылышын да өздөштүргөнүн эске сала кетейин. Ошентип, УПАБ-500Б 390 кило жардыргыч затты ташыйт. Эң узак 40 чакырымга чейин учат. Авиабомбалар каршылаш тараптын курал жана аскердик техникасын, коргоо өнөр жай комплексин, автомобиль жана темир жол көпүрөлөрүн инерциялык-спутниктик мээлөөчү тутумдарын пайдалануу менен таамай талкалоого ылайыкталган.
УПАБ-1500Б касташкан тарапка карай 1010 килограмм ташып, 50 чакырымга чейинки аралыктан Украина Куралдуу күчтөрүнүн тереңдеги командалык пунктуларын, өтө бекем аскердик инфраструктуралардын объектилерин таамай жок кылат. УПАБ-1500Б авиабомбалары атайын аскердик операция зонасында 2022-жылдын жазынан тарта Мариуполдо пайдалана баштаган. Алгачкы "карлыгачтарынын" чабуулуна Россияда ишмердигине тыюу салынган "Азов" уюму кабылган.
Мындай ок-дарыларда "аттың – унуттуң" принциби иштейт. Буталарын таамай жок кылууга кепилдик бар. Россиянын авиабомбаларынын топтоштурулуп колдонулушу Украина Куралдуу күчтөрүнүн чыңдалган райондорун, натолук курал-жарагын жер менен жексен кылууда. Алдыңкы катарга жана ыкчам тылга 230 танк жана башка ок өткөрбөс техникадан 1550 бирдик коюлганы маалым эле.
Аба чабуулдарынан коргонуунун бардык жана келечекте чыгарыла турган системалары да мында алсыз. Бардык калибрдеги авиабомбалар Су-30СМ жана Су-35 көп буталуу истребителдерге, фронттук Су-34 бомбалоочулары менен Су-25 чабуулчуларына туура келет.
Батыштагылар Украина жаатындагы терс өңүттөгү сценарийлерди чыгара баштаганы да капыстан эмес. Ак үй да Украина куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулу" кандуу кыргынга айланып кетишинен чочулап туру.
2-майда Конгресстеги парламенттик угууда АКШ коргоо министринин эл аралык коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Селеста Валландер: "Россиянын согуштук дараметин тоготпой коюп, ката кетирип албашыбыз керек. Анткени жаңылыштыкка жол берилген ставканын куну өтө жогору", - деди. Буга башка кепти кошумчалоонун кажети жоктур...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар
Patriot зениттик ракеталык комплекстери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Patriot менен F-16: суу кечпей калган америкалык мифология
Жаңылыктар түрмөгү
0