Батыш башкаларга жакпаган себебин аңдай баштады… Ой толгоо

© AP Photo / Julia NikhinsonНью-Йорк шаарындагы Эркиндик айкели. Архив
Нью-Йорк шаарындагы Эркиндик айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Жазылуу
Атайын операциянын орток бир жыйынтыгы – Вашингтондун глобалдык бийлигинен кол жуушу. Ооба, Кошмо Штаттар союздаштарын силкинтип, мобилизациялай алды. Бирок ошол эле учурда Украина жаатындагы саясатынан улам Батышка кирбеген ондогон өлкөлөрдү өзүнөн оолактатып койду.
Алар америкалык таасирдин орбитасынан учуп чыгып мурдагы гегемонду таптакыр эле көзгө илбей калды. Ал айланасына көз чаптырып, жалгыз калганын аңдады деп белгилейт Виктория Никифорова. Серепчинин учкай ойлору РИА Новости сайтына жарыяланган.
АКШ менен экономикалык байланыштары чырмалышкан Кытай да америкалык мамлекеттик катчы Блинкенди тоготпой турат. Вашингтон ондогон жылдар бою каралашкан Индия да Украинага боор тартуу чакырыктарына кулак жапырып койду. Ал тургай америкалыктар өздөрүн кожоюн сезген Африка да Россия менен экономикалык жана аскердик кызматташтыгын өнүктүрүүдө.
Жарым кылымдан бери алакалаш Сауд Арабиясы да АКШнын сөзүн тыңдабай мунай казууну кыскартуудан баш тартып, өзүнүн мунай экспортунда доллардан четтей баштады. Өздөрү калкалап келген Латын Америкасынын өлкөлөрү да Ак үйдү акыл калчоого чакырып, жаңжал тутантууга жол берилбестиги туурасында насаатын айтууда. Ошол эле учурда Кытай, Россия менен достошууга бел алышты.
Түркиянын да күтүүсүздөн өз кызыкчылыктары жаралды. Аны менен чектелбей мындай көрүнүш Нигерия, Индонезия, Бразилияда да байкалат. Алардын эч кимиси Украинаны Россияга кагыштырып, жок кылуудагы Вашингтон кадамдарын колдобойт. Көп полярдык дүйнө ушул тапта өзүн таасын көрсөтүүдө.
Албетте, Кошмо Штаттар азыр да мурдагыдай эле абдан бай. Биринчи сапты ээлеген армиясы да сакталуу турат. Авиаташуучулары да өз ордунда. Бир жагынан дүйнө өлкөлөрүнүн башчылары россиялык-украиналык согуштук аракеттер театрына көз салып, эң оболу анда Вашингтондун Россияга койгон чабуулун көрүштү. Кезекте ким, кайсы өлкө? Ар биринде ушул суроо туулду...
Россия аскердик да, экономикалык да кысымга бекем туруштук берип, өз нугунда жолун улап барат. Дүйнө жүзүндөгү мамлекет жетекчилери "ушундай кылсак болот беле?" деп ойлонуп калышты.
АКШ мамлекеттик катчысы Дональд Лу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
АКШ мамкатчысынын жардамчысы Кыргызстан менен Тажикстанга эмне максатта келди
Жыл айланбай жатып америкалыктар өздөрү обочодо калганын түшүнө башташты. "Батыш жана дүйнөнүн калган бөлүгүнүн ортосундагы жар — согуштун (Украинадагы) ар кыл түшүнүгүнөн да тереңирээк. Анын себеби — ааламдашууну тескөөдөгү Батыштын катачылыктарына кансыз согуштан берки топтолгон олуттуу таарыныч (тагыраак, кайнаган кыжыр)", — деп кейийт Улуу Британиянын мурдагы тышкы иштер министри Дэвид Миллибэнд Foreign Affairs басылмасындагы макаласында.
Дүйнөдө өлкөлөр табигый түрдө баш көтөрүштү. Миллибэнд мырза мындай глобалдык козголоң "эрежелерге негизделген америкалык тартипти" кулатып коюшу мүмкүн экенин моюнга алат. Себеби "Россияны колдогон же бейтарап мамиледеги өлкөлөрдө Жер калкынын үчтөн экисинен көбү жашайт" эмеспи.
Мындайда кантип америкалык үстөмдүктү сактап калууга болот? Миллибэнд Кошмо Штаттарга Бириккен Улуттар Уюмун реформалап, Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнө көбүрөөк акча салууга кеңеш берет. Бирок АКШда өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү багууга акчасы жок.
Анын ордуна өзүнүн монополиялык абалынан пайдаланмактыр, бирок азыр эч ким өзүнүн аздектегенин күрөшсүз бере салбайт. Өнүгүп келе жаткан мамлекеттер бүгүн тынымсыз алдыга жылып, жерден боорун көтөрүп, орто классын түптөп, сабаттуу калк катмарын түзүп, маалыматка сугарылган акылдуу жаштарга ээ болушкан.
Миллибэнд эки үстөлдү ээлегендерди зекип калса, анын оппоненти, бразилиялык саясат таануучу Матиас Спектор аларды жактап, болгону алар үлкөн державалардын тирешине аралашпоого тырышып жатканын белгилейт. Алар – миллиарддаган калк, АКШ, ал тургай Англия жоктогу түпкүлүктүү дүйнөнүн эзелки өлкөлөрү. Алар өздөрү бүтүм чыгара алышат, балким, Батыш ага кулак салганы оң чыгар. Антпесе, бүтүндөй адамзаттан кертилип калган айсберг сымал Батыш улуу белгисиздикке карай бараткандай...
Пентагондун башчысы Ллойд Остин (оңдо). Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Рамштайн: АКШ менен НАТОнун "Украина долбоорун" жандантууга соңку салымы
Жаңылыктар түрмөгү
0