Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Patriot менен F-16: суу кечпей калган америкалык мифология

© Фото / U.S. Army / Eugen WarkentinPatriot зениттик ракеталык комплекстери. Архив
Patriot зениттик ракеталык комплекстери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Жазылуу
Украинада Patriot зениттик ракеталык комплекстер АКШнын улуттук кызыкчылыктарына коркунуч жаратат. Себеби душмандын ракеталык куралы жана авиациясына туруштук бере албайт.
40 жылдан бери пайдаланылып келе жаткан америкалык "Патриоттор" касташкан тараптарынын бир дагы учагын атып түшүрө алган эмес. Йемендик козголоңчулар менен учкучсуз жана ракеталардын жардамы менен жүргөн күрөш да майнапсыз болгон. Башында Patriot зениттик ракеталык комплекси турган аба чабуулунан коргонуучу тутум Сауд Арабиясынын объектилерин ар кошкон аба соккуларынан сактай албай турганын айтат аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Россиялык атайын аскердик операциясынын зонасы батыш куралдарынын сапатын катаал сыноодон өткөрүп, Кошмо Штаттардын аба чабуулунан жана ракетага каршы коргонуучу каражаттар жаатында технологиялык жактан артта экенин даана тастыктайт. АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Европалык командачылыгынын, НАТОнун Европадагы Бириккен куралдуу күчтөрүнүн командачысы америкалык генерал Кристофер Каволи 26-апрелде
Конгрессте Киев өзүнө убада кылынган машиналардын 98 пайызын алганын билдирди. Танк, пехота машинасы жана Patriot зениттик ракеталык комплекстери да камтылган башка техникалар берилген.
"Киевге контрчабуул үчүн курал-жаракты жеткирдик, жүргүзүлүп жаткан операцияларды колдоо үчүн жабдуу дагы улантылат", - деди ал. Пентагондун өкүлдөрү Одессада Украинага түшүп жаткан куралдарды улам текшерип турат. Анткен менен "жүргүзүлгөн операциялар" азырынча байкалбайт, Украина Куралдуу күчтөрү ушул тапта жымжырт коргонууда.
Вашингтон менен Берлин Киевге Patriot зениттик ракеталык комплексинин эки батареясын бермекчи. Алардын ар бири – 1 млрд. доллардын тегерегинде, төрт зениттик ракетадан 4 – 8 түзүлүштү камтыйт. Батареясында 16дан 32ге чейинки ракета бар. Politico басылмасы да мурдараак Украина Куралдуу күчтөрү баллистикалык ракеталарды кармоого ылайыкталган Patriot MIM-104 модификациясын аларын кабарлаган. Апрель айында Украинада мурдатан убада кылынган курал топтомдору аскердик нөөмөткө киришти.
Атайын аскердик операция зонасында россиялык күчтөр баллистикалык ракеталарды пайдаланбайт. Эч бир каражатты караандатпаган гиперүндүү "Искандерлер" квазибаллистикалык траекториялар боюнча гана учушат. Учак, учкучсуз жана канаттуу ракеталарды америкалык комплекстер кармай албайт. 40 жылдан бери ар кыл мамлекеттерде Patriot зениттик ракеталык комплекстери касташкан тараптын эч бир учагын атып түшүргөн эмес.
2021-жылдын кышында йемендик козголоңчулар орточо аралыктагы баллистикалык ракеталардын залпы менен Сауд Арабиясынын объектилерине сокку уруп, аба чабуулунан коргонуучу америкалык комплекстерин бүт дүйнөгө уяткарган. Болжол менен ирандык же йемендик өндүрүштөгү орточо аралыктагы ракеталар 1000 чакырымды багындырып, Patriot зениттик ракеталык комплекстери жайгашкан "бекем корголгон" алты районду таап, Эр-Рияддын үстүндөгү THAAD тутуму аркылуу кармалышкан.
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина "контрчабуулунун" үч сценарийи. Артемовскидеги кырдаал
200 чакырым аралыктан ракетага каршы коргоочу Terminal High Altitude Area Defense (THAAD) – россиялык С-500дүн америкалык аналогу. Бирок мүчүлүштүктөрү арбын. 2019-жылдын күзүндө саудиялык күчтөр "Патриоттор" менен да мунай объектилерине урулган ракеталык соккулардын мизин кайтара алган эмес. 2017-жылдын декабрында хуситтердин Burkan 2-H баллистикалык ракеталарына карай Patriot PAC-2 комплексинен коё берилген беш MIM-104C ракетасынын бири да тийген эмес.
Patriot америкалык зениттик ракеталык комплекси 1983-жылы иштелип чыгып, ири аскер-деңиз жана аскер-аба базаларын, административдик-өнөр жай борборлорун абадан коюлган чабуулдардын баарынан калкалоого багытталган. Жарнамалык роликтеринде Patriot зениттик ракеталык комплекстери бир эле убакта 100дөн ашуун абадагы бутаны аныктап, тааный алары айтылат. Ошондой эле тандалган сегиз бутасын тынымсыз коштоп, 100 чакырым аралыктан, 60 метрден 24 чакырымга чейинки бийиктиктен, 90 градустук сектордон ташталган үч ракета менен алардын ар бирине чабуул коё алары даңазаланат. Анткен менен Вашингтондун асманын "норвегиялык мүнөздөгү" NASAMS зениттик ракеталарынын кайтарат.
Азыркы согуштук жаңжалдарда Patriot зениттик ракеталык комплекстери улам уттуруп келет. 2020-жылдын январында тегин жерден Ирандын ракеталык соккулары Иракта АКШнын ири аскердик базасындагы жүз чакты америкалык жоокерди жок кылганы маалым.
Patriot тар сектордо, горизонт үстүндө гана буталарын таап, жапыз учкан буталарын, атап айтканда, 60 метрге чейинки бийиктиктеги ракета жана учкучсуздарды "көрө албайт". Гиперүндүү объектилерге жете албайт. Согуш шартында буталарын кыйратуу божомолу – 0,4, башкача айтканда үч ракетанын бири тиет.
Пентагон Украинанын аба чабуулунан коргоочу каражаттар апрелдин аягына чейин биротоло бузулуп калышынан, россиялык сокку уруучу авиация атайын аскердик операция зонасындагы үстөмдүгүн күчөтөрүнөн чочулап туру. Ошол эле учурда даңазалуу америкалык Patriot зениттик ракеталык комплекстеринин күчү туурасында Украинада эч кимди үмүттөндүрбөй деле койгондору оң болмок. Себеби комплекс технологиялык жактан эбак эскирип, улам жаңыртуу потенциалы деле калбай калган.
Украинанын асманында америкалык "ашкере наздуу" F-16 истребителинин да пайда болушу арсар, себеби Кошмо Штаттардын аскер-өнөр жай комплексинин рыноктук кызыкчылыктарына туура келбейт. Украиналык согуштук аракеттер театрында бул учактар согушка жарамдуу эмес, өзгөчө тейлөөнү талап кылып, таза учуш тилкелери керек.
Business Insider басылмасы Россия истребителдер жеткирилип, F-16ны кабыл алууга даярдыктын жүрүшүндө эле Украина Куралдуу күчтөрүнүн каалаган аэродромун жок кылышы ыктымал экенин жазды. Бирок Пентагондогулар жагдайды түшүнгүсү жок... Пентагондун баамында украиналык жаңжалда россиялык аскердик авиациянын потенциалы анча жабыркаган жок, ал эми РФтин Аба-космостук күчтөрүндө "1000 истребитель жана бомбалоочу" бар.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар
Пентагондун башчысы Ллойд Остин (оңдо). Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Рамштайн: АКШ менен НАТОнун "Украина долбоорун" жандантууга соңку салымы
Жаңылыктар түрмөгү
0