Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Рамштайн: АКШ менен НАТОнун "Украина долбоорун" жандантууга соңку салымы

© AFP / ANDRE PAINПентагондун башчысы Ллойд Остин (оңдо). Архив
Пентагондун башчысы Ллойд Остин (оңдо). Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Жазылуу
Киевдин зарыгып күткөнүнө карабастан "донор өлкөлөр" Рамштайн авиабазасындагы жолугушууда Украина Куралдуу күчтөрүн натолук истребитель, ыраакка ташталчу ракеталар менен жабдууга даай алышпады. Курал агымын он эсе көбөйтүүгө да дегеле ниеттенишпейт.
Украина "кемеси" чөгүп барат, Батыш үчүн мындан ары "Россияны жеңүү" атыккан майнапсыз долбоорго чыгым болуунун кажети жок. Германиядагы Рамштайн авиабазасында 21-апрелде киевдик режимдин элүү чакты "донор өлкөсү" он биринчи ирет кезигишти. Анын жыйынтыгына аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салган.
Пентагондун башчысы Ллойд Остин жана АКШ Армиясынын штаб жетекчилеринин комитет төрагасы Марк Милли жыйындын катышуучуларына "эбегейсиз прогресс" жана вазийпанын маанисинен кеп салды. Муну менен алар жалпыга дем берүүгө тырышканы менен украиналык согуштук аракеттер театрындагы реалдуулук, цифралар жана фактылар оптимизмге жетелей албайт. "Донорлор" жакында эле Украинаны "230дан ашуун танк жана 1550 чакты ок өткөрбөс машина, ошондой эле тогуздан ашуун танк бригадасын кармоого мүмкүндүк берчү жабдуу жана материалдар" менен жабдыды.
Ошентсе да ок өткөрбөс техникасы эски, анан да Украина Куралдуу күчтөрүнүн ыкчам багыттарды жиреп өтүшү үчүн таптакыр эле кичине. Күзүндө жеткирилери айтылган америкалык M1A1 Abrams танктары атайын аскердик операция зонасындагы күчтөрдүн балансына таасир этүүгө дараметсиз. АКШ Армиясынын курамынан алынган ошол 31 бирдиктин корпустары да бир ремонттолгон.
11 миң украиналык жоокер "көктөмдөгү контрчабуул" үчүн Кошмо Штаттарда "айрым даярдыктан" өтүп келди. Киевдин операциялык активдүүлүк үчүн күчү да, каражаты да жетишсиз, бирок Батыш курмандыктарды талап кылып жаткандай. АКШ менен НАТО украиналык күчтөрдүн абалына да кайыл болуп, согуштук аракеттердин жүрүшүн "жандантуу" далалатында.
Батыштагылар россиялык экономика "узакка созулган согушту көтөрө алат, бирок интенсивдүү согуштук аракеттерге туруштук бере албайт" деген пикирде. Бирок ошол эле учурда The Economist басылмасы акчалай чыгымдар согуштук аракеттерге жолтоо эмес, себеби Москва экономикалык тең салмактуулукту сактай алганын белгилейт. Атайын аскердик операцияга Россия бир жыл ичинде болгону 5 триллион рубль же ИДӨнүн 3%ын сарптады.
Ошол эле учурда РФ аскердик техниканы да оголе көп чыгарууга үлгүрдү. Быйыл дагы 1500 танк жасап, 12 миңден турган танк армадасын толуктамакчы. Бул иштин чети эле... Батыш тарабынан 230 танк, 1550 ок өткөрбөс машина берилгени менен 2022-жылдын 24-февралынан бери россиялык күчтөр Украинанын 8820дан ашуун ок өткөрбөс техникасын, анын ичинде 3000 чакты танкын (https://t.me/mod_russia/25904) талкалаган. Украиналык жаңжал АКШ менен НАТО планетадагы коңшуларына согуш, өлүм жана кыйроону гана алып келерин айгинелеп турат.
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш кандай шартта Украинага жардамын токтотот? NYT божомолу
Украина Батыштан бир топ убакыттан бери эле америкалык өндүрүштөгү F-16 истребителдерин берүүнү өтүнүп келет. Бирок өткөн апта аягында Рамштайн авиабазасында "донор өлкөлөр" бул учактар менен жабдуудан он биринчи жолу баш тартты.
Ошентип натолук учактар дале Украина Куралдуу күчтөрдүн кол жеткис кыялы бойдон калууда. Анткен менен украиналык бир нече учкуч 23-апрелде АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн Аризона штатында өз даярдыгын сыноо үчүн барды. Дал ошол жакта америкалык учкучтардын өздөрү да F-16 истребителдерин айдоону өздөштүрүшөт. Эскалациянын логикасы Вашингтонду эртеби-кечпи акыры киевдик режимди натолук истребителдер менен жабдууга түртөт өңдөнөт.
Кийин кандай болгон күндө да Украина Куралдуу күчтөрүнүн авиаторлорун тез окута коюу мүмкүн эмес. Анткени америкалык машиналар МиГ-29дан курал тутуму жана согушта пайдалануу тактикасы менен кескин айырмаланат. Даярдык үчүн далай жылдар керек. Анан калса Польша менен Словакия тартуулаган МиГ-29 учактары да эскилиги жана начар абалынан улам жарактан чыгарылып, тетиктер үчүн жөнөтүлдү.
Ошол себептен бул ирет Рамштайн авиабазасында F-16лардын советтик аналогдору туурасында сөз да козголгон жок. Анын ордуна аба чабуулдарынан коргонуучу украиналык тутумду чыңдоодон кеп салышты. Экинчи дүйнөлүк согуш кезиндеги ар кандай зениттик ракеталык комплекси жана зениттик түзүлүштөрдү Украинаны АКШ да, Германия, Нидерланды, Франция, Италия, Норвегия, Канада да жабдып келет.
Тизме узун экени чын, бирок аба чабуулдарынан коргонуучу украиналык системанын өзү жок. Россиялык таамай гиперүндүү ракеталардан (душмандын радарларына булар көрүнбөйт) же бир жарым тонналык пландалган авиабомбалардан коргонуучу каражаттарга да ээ эмес. Мындай катаал реалдуулукту бир нече NASAMS зениттик ракетасы же пайдаланууга берилген 40 жылдан бери душмандын бир да учагын атып түшүрө элек айтылуу Patriot зениттик ракеталык комплекси да өзгөртө албайт (https://ria.ru/20230419/pvo-1866373176.html).
Рамштайндагы он биринчи кезигүүдөн соң Украина ТИМ башчысынын сабырсыз орун басары Андрей Мельник бул жолу да өзүн кармай албай Батыштан аскердик көмөктү "он эсеге" көбөйтүп же ички дүң өндүрүмдү куру дегенде бир пайызга жогорулатууну талап кылды.
Чындыгында АКШ менен НАТО украиналык армияны ач-ток кармоодо. Киевге 19-апрелде берилген 325 млн. долларлык америкалык аскердик жардамдын кезектеги топтомунда негизинен ок-дары камтылган. Ошентсе да Украина Куралдуу күчтөрүндө дале HIMARS үчүн, 155 мм жана 105 мм артиллериялык дүрмөттөр, танкка каршы коргонуучу миналар, ошондой эле TOW ракеталары тартыш. АКШ киевдик режимди баш-аягы 36 млрд. долларга көмөк көрсөткөнү менен арасында эч кандай "керемет курал" деле жок.
Батыштын аскердик жабдуусунан майнап чыкпады. Себеби Украина Куралдуу күчтөрү толук кыйроого дуушар болууда. Өткөн аптада эле атайын аскердик операция зонасында 4000ден ашуун украиналык аскер набыт болду. Киев андай оор жоготуулардын он пайызын гана моюнга алып, калганын кабарсыз деп жарыялоодо.
Бир аз мурдараак Пентагондун башчысы Ллойд Остин жана британ коргоо министри Бен Уоллес украиналык көйгөйдү Вашингтондо талкуулап, куралдуу жаңжалдын атайын аскердик операция зонасынын чегинен чыгып кетүү тобокелдигин тынчсыздануу менен белгилешкен.
АКШ Армиясынын штаб жетекчилеринин комитетинин төрагасы Марк Милли 2023-жылы украиналык армиянын жеңишке жетери арсар экенин ачык эле айткан.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар
НАТОнун машыгуулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Defender-23 — НАТОнун Россия менен кармашка даярдыгыбы?
Жаңылыктар түрмөгү
0