Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина "контрчабуулунун" үч сценарийи. Артемовскидеги кырдаал

© AFP / SERGEI SUPINSKYУкраиналык аскерлер. Архив
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Жазылуу
Украиналык армиянын "контрчабуулунун" күздөн кышка, кыштан көктөм менен жайга жылдырылышы өнөкөткө айланып барат. Ал эми он биринчи ирет өткөн Рамштайн авиабазасындагы элүү "донор өлкөнүн" жыйыны Украина Куралдуу күчтөрүнө күч кошо албастыгы айдан ачык.
"Украинанын толук жеңишин колдоо" жөнүндөгү АКШ Конгрессинин виртуалдык резолюциясы, Батыштын Россияга каршы көтөргөн ызы-чуусу акыры барып Артемовскиде украиналык күчтөрдүн стратегиялык кыйроосу менен аяктоодо. Андан ары киевдик режим кулап, Кошмо Штаттардын "украиналык долбоору" күм-жам болорун боолголойт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Вашингтон менен Киевдегилер согуш талаасында "Россияны жеңүүнүн" варианттарын талкуулап жатканда россиялык күчтөр Артемовскини толук бошоткону калды. Ал жакта украиналык армия 60 миңден ашуун жоокеринен ажырады.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү калаанын батыш тарабында (шаардын территориясынын онго жетпеген пайызы) күрөшкө дагы тойбой турган чагы. Россиялык чабуулдук отряддар бир суткада эки-үчтөн кварталды тазалоодо. "Бахмуттук фортециянын сепилдери" россиялык артиллерия менен авиациянын соккулары менен талкаланууда. Артемовскиге алып барчу жол Часов Ярга карай кеткен чыйыр да РФ аскердик бөлүктөрү тарабынан бөгөттөлгөн.
Украиналык аскерлер же сырттан колдоо, ок-дары ала албай, же батыш тарапка от күйгөн жерден чыга албай калып жатышат. Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери Артемовскиден жарандык, жайкын жашоочулардай чыгып кетүүгө аракет кылышууда. Жоготуулар ушунчалык чоң, ошондуктан украиналык Башкы штаб негизги калктуу конуштарды, атап айтканда, Артемовск, Авдеевка жана Угледарды коргоо тактикасын ыкчам өзгөртүүгө тырышууда. Ал эми аталган райондордо Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү жайгашкан жайларды, объектилерин россиялык пландалган бомбалар жер менен жексен кылууда.
Украиналык командачылык чабуулдук аракеттер үчүн күч жана каражаттары жетишсиз экенин түшүнүп турат. Жоокер жана техника жаатындагы тартыштыгы, артиллериялык дүрмөт, абадан колдоо жана аба чабуулдарынан коргонуучу каражаттардын таңсыктыгы кандай гана "контрчабуул" болбосун өзүн өзү жок кылууга тете эмеспи. Бирок аргасы жок, анткени Вашингтон Киевден топ жарган аскердик ийгиликти же жеңилгенин моюнга алышын талап кылат. Кандай болгон күндө да Киев былтыркыдай каржылык, курал жана ок-дары жагынан жардам ала албайт. Батыш арсеналдары түгөнүп, ал эми АКШ менен НАТОнун аскер-өнөр жай ишканалары украиналык жүктү көтөрө албай баратат.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн "аргасыз контрчабуулу" киевдик режимде кандайдыр үмүттөрдү да жандыргандай. Мисалы "Азов" уюмунун командири Богдан Кротевич The Washington Post басылмасынын кабарчысына "контрчабуул" маалында Украина Россиянын чакан калааларын басып аларын, аларды украиналык территорияларды кайтарып беришин талап кылып, алмашууга болорун да жоромолдогон.
Украиналык аскер кызматкерлер танк менен барып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Столтенберг: НАТО өлкөлөрү Украинага убада кылган жардамдын 98 пайызын берди
Батышта украиналык контрчабуулдун үч негизги сценарийи (багыты) каралат. Киевдик булактар Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулу" майдын биринчи жарымында деп болжошот. Бул үчүн 50 миңдин тегерегиндеги жоокерден турган 12 жаңы механизациялаштырылган бригада түптөлүп, Батыштын ок өткөрбөс техникалары менен жарым-жартылай жабдылган. Пентагондогулар Европадан келген жүздөгөн эски танк жана америкалык ок өткөрбөс транспортерлор "керемет курал" катары Украинага дем болоруна, аларды көрүп Россия армиясы чегине баштарына чындап ынанышат окшойт.
АКШнын Россиядагы мурдагы элчиси жана НАТОнун үлкөн өкүлдөрүнүн бир Александр Вершбоу: "Баары ушул контрчабуулга жараша болот", - деп билдирди. Ошол эле учурда Ак үй кокус украиналык бул аракет майнапсыз болуп калса, андан кийинки кесепеттерден чочулайт. АКШнын европалык союздаштары Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулунун" ийгиликтүү болоруна ишене албайт. Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулу" үчүн Польша менен чектешкен жерге чейинки бардык негиздер бар. "Фронттун" туруксуздугун украиналык лидер Владимир Зеленский да моюндайт.
"Вагнер" жеке аскердик фирмасынын жетекчиси Евгений Пригожин Украина Куралдуу күчтөрү Артемовскинин россиялык күчтөр тарабынан толук куткарылышынан кийин гана активдешерин болжойт. Украиналык аскердик бөлүктөр негизинен Славянск-Краматор агломерациясында жайгашып, Артемовскинин түштүк жана түндүк жагынан сокку урууну пландоодо.
Бирок атайын аскердик операция зонасында россиялык күчтөрдүн тобу саны да, сапаты да жагынан артыкчылыкка ээ. Каршылаш тараптын Авдеевка, Северск, Сватово, Кременная, Марьинка, Угледар, Константиновка жана Дружковкадагы күчтөрүн, объектилери жана бекемделген райондорун, арсенал жана кампаларын четинен жок кылууда. 21-апрелде "Искандердин" бир учуп келиши менен "Грузин легионунун" 60 өкүлү жок кылынды.
Батыш Украина Куралдуу күчтөрүнүн логистикасынын бузулушуна тынчсызданууда, эске салсак аларга Россиянын таамай ракеталык соккулары урулган. Вашингтон менен Киевди кооптондурган дагы бир аскердик-саясий белги – Франциядагы кытайлык элчи Лу Шаенин жакындагы эле билдирүүсү. Ал киши Крым – тарыхый жактан Россияга таандык, ал эми СССРдин мурдагы республикаларынын эл аралык укук жаатында алып караганда эффективдүү макамга ээлик кылбаганын белгилеген. Батыштагылар кымгуут түшүп калышты. Себеби 1991-жылдагы чек аралар кайтарылса, Батыш каалагандай эмес, ошол жылдын биринчи жарымындагыдай кирип каларын белгилейт серепчи.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар
Нью-Йорк шаарындагы Эркиндик айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Батыш башкаларга жакпаган себебин аңдай баштады… Ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0