https://sputnik.kg/20230426/kyrgyzstandyk-13-bokschu-duyno-chempionaty-1074741775.html
Байге фонду 5,2 млн. доллар. Кыргызстандык 13 боксчу дүйнө чемпионатына катышат
Байге фонду 5,2 млн. доллар. Кыргызстандык 13 боксчу дүйнө чемпионатына катышат
Sputnik Кыргызстан
Дүйнө биринчилиги Ташкент шаарында өтөт. 26.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-26T08:52+0600
2023-04-26T08:52+0600
2023-04-26T08:52+0600
спорт
бокс
дүйнө чемпионаты
катышуу
кыргызстан
команда
https://sputnik.kg/img/102861/86/1028618602_0:40:6017:3424_1920x0_80_0_0_b142f786bb4cead936a35384ec1dd5d6.jpg
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бокс боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын 13 спортчу коргойт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.Биринчилик 30-апрелден 14-майга чейин Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтөт. Улуттук команда учурда ал жакта окуу-машыгууларын өткөрүп жатат.Кыргызстандык боксчулардын тизмеси:Белгилей кетсек, бокс боюнча курама команда улук машыктыруучу Акыйкат Абаев, башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана машыктыруучу Улан Сагынбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.Турнирдин байге фонду 5,2 миллион долларды түзөт. Жеңүүчүлөр 200 миң доллардан алат, күмүш медаль тагынгандарга 100 миң, коло медалдын ээлерине 50 миң доллардан берилет.
https://sputnik.kg/20230424/kyrgyzstanda-algachky-iret-shashki-boyuncha-aziya-chempionaty-otot-1074687458.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102861/86/1028618602_319:0:5674:4016_1920x0_80_0_0_f3cc766379dac82bea670251e66428d0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
спорт, бокс, дүйнө чемпионаты, катышуу, кыргызстан, команда
спорт, бокс, дүйнө чемпионаты, катышуу, кыргызстан, команда
Байге фонду 5,2 млн. доллар. Кыргызстандык 13 боксчу дүйнө чемпионатына катышат
Дүйнө биринчилиги Ташкент шаарында өтөт.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бокс боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын 13 спортчу коргойт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Биринчилик 30-апрелден 14-майга чейин Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өтөт. Улуттук команда учурда ал жакта окуу-машыгууларын өткөрүп жатат.
Кыргызстандык боксчулардын тизмеси:
Анвар Хожиев (48 килограмм салмак категориясы);
Нуржигит Дүйшебаев — 51 кг;
Санжар Сейдакматов — 54 кг;
Мунарбек Сейитбек уулу — 57 кг;
Мирзахид Имамназаров — 69 кг;
Жантөрө Ташиев — 63.5 кг;
Жакшылык Таалайбеков — 67 кг;
Нурадин Рустамбек уулу — 71 кг;
Данияр Дамирдин уулу — 75 кг;
Өмүрбек Бекжигит уулу — 80 кг;
Эркин Адылбек уулу — 86 кг;
Бакыт Токтосун уулу — 92 кг;
Оомат Элчоро уулу — +92 кг.
Белгилей кетсек, бокс боюнча курама команда улук машыктыруучу Акыйкат Абаев, башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана машыктыруучу Улан Сагынбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Турнирдин байге фонду 5,2 миллион долларды түзөт. Жеңүүчүлөр 200 миң доллардан алат, күмүш медаль тагынгандарга 100 миң, коло медалдын ээлерине 50 миң доллардан берилет.