https://sputnik.kg/20260728/1102649084.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте “Россия сегодня” эл аралык медиатобу менен Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги биргелешип ШКУнун эксперттик форумун өткөрдү Форумга Кыргызстан... 28.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-28T08:59+0600
2026-07-28T08:59+0600
2026-07-28T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1c/1102648918_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_16b2d0d8716085ae1fd869ef4ee0d2e6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте “Россия сегодня” эл аралык медиатобу менен Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги биргелешип ШКУнун эксперттик форумун өткөрдү Форумга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Монголия, Пакистан, Индия жана башка ШКУ өлкөлөрүнүн ири аналитикалык борборлорунун жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. “Россия сегодня” медиатобунун башкы редакторунун биринчи орун басары Сергей Кочетков акыркы 25 жылда ШКУ дүйнөдөгүтаасирдүү уюмдардын бирине айланганын белгиледи. Анын айтымында, азыркы чалкеш кырдаалдардын шартында мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөө, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле маалыматтык көз карандысыздыкты камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ.
Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылы үчүн базистик окуу планынын негизинде мектеп окуучуларынын каникулдарынын графигин бекитти. Бекитилген графикке ылайык, окуучулар төмөнкү мөөнөттөрдө эс алышат:Күзгү каникул – 2026-жылдын 11–15-ноябры (5 календарлык күн). Кышкы каникул – 2027-жылдын 1–10-январы (10 календарлык күн). Жазгы каникул – 2027-жылдын 3–8-марты (6 календарлык күн). Май айындагы майрамдык эс алуу – 2027-жылдын 1–9-майы (9 календарлык күн). Окуучулар мектепке 10-майда кайтып келишет. Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн каникулдар эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага кошумча узартылат. Бул кошумча эс алуунун так мөөнөттөрү райондук жана шаардык билим берүү органдары тарабынан аймактык-климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен аныкталат.Ошондой эле жайкы каникулду эсепке албаганда, окуу жылынын узактыгы 1-класстар үчүн 32 жума, 2-класстар үчүн 33 жума, ал эми 3–11-класстар үчүн 34 жума болуп белгиленди.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда жергиликтүү сотторго биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө жана курагынын чегине жеткенге чейин дайындалган судьялар салтанаттуу түрдө ант беришти. Маалыматка ылайык, президенттин жарлыгынын негизинде төмөнкү судьялар жергиликтүү сотторго дайындалды:Чүй облустук административдик сотуна – Мирослав Укушов;Аламүдүн райондук сотуна – Нурсултан Узаков;Сокулук райондук сотуна – Данияр Асылбашев (курагынын чегине жеткенге чейин).Ант берүү аземинде Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, мыйзамдуулукту бекем сактоого, көз карандысыздык жана ак ниеттүүлүк принциптерине бекем болууга чакырды.
Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдөгү мигранттарга карата талаптарды катаалдаштырган жаңы мыйзамдарга кол койду. Бул мыйзамдагы эң негизги өзгөрүүлөр төмөнкүлөр: Балдардын өлкөдө жүрүү мөөнөтү. Мындан ары мигранттын баласынын Россияда мыйзамдуу жүрүү убактысы ата-энесинин патентинин мөөнөтүнө түздөн-түз байланыштуу болот. Эгер патенттин мөөнөтү узартылбаса же ал жокко чыгарылса, ата-энеси балдары менен бирге 15 күндүн ичинде Россиядан чыгып кетиши керек. Ал эми бала 18 жашка толгондон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө же өзүнчө патент алууга милдеттүү. Кирешени тастыктоо талабы. Чет элдик жарандар өлкөдө белгиленген өлчөмдөн аз эмес киреше таап жатканын далилдеп турушу шарт. Эгер мигранттын айлыгы эң төмөнкү көрсөткүчтөн аз болуп калса, анын иш берүүчү менен түзгөн келишими токтотулуп, Россияда жүрүү мөөнөтү азаят. Бул процессти көзөмөлдөө үчүн Салык кызматы менен Социалдык фонд мигранттардын кирешеси жана жумушу тууралуу маалыматтарды Ички иштер министрлигине берип турат.
Бишкекте “Россия сегодня” эл аралык медиатобу менен Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги биргелешип ШКУнун эксперттик форумун өткөрдү Форумга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Монголия, Пакистан, Индия жана башка ШКУ өлкөлөрүнүн ири аналитикалык борборлорунун жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. “Россия сегодня” медиатобунун башкы редакторунун биринчи орун басары Сергей Кочетков акыркы 25 жылда ШКУ дүйнөдөгүтаасирдүү уюмдардын бирине айланганын белгиледи. Анын айтымында, азыркы чалкеш кырдаалдардын шартында мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөө, экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле маалыматтык көз карандысыздыкты камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ.Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылы үчүн базистик окуу планынын негизинде мектеп окуучуларынын каникулдарынын графигин бекитти. Бекитилген графикке ылайык, окуучулар төмөнкү мөөнөттөрдө эс алышат:Күзгү каникул – 2026-жылдын 11–15-ноябры (5 календарлык күн). Кышкы каникул – 2027-жылдын 1–10-январы (10 календарлык күн). Жазгы каникул – 2027-жылдын 3–8-марты (6 календарлык күн). Май айындагы майрамдык эс алуу – 2027-жылдын 1–9-майы (9 календарлык күн). Окуучулар мектепке 10-майда кайтып келишет. Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн каникулдар эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага кошумча узартылат. Бул кошумча эс алуунун так мөөнөттөрү райондук жана шаардык билим берүү органдары тарабынан аймактык-климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен аныкталат.Ошондой эле жайкы каникулду эсепке албаганда, окуу жылынын узактыгы 1-класстар үчүн 32 жума, 2-класстар үчүн 33 жума, ал эми 3–11-класстар үчүн 34 жума болуп белгиленди.Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда жергиликтүү сотторго биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө жана курагынын чегине жеткенге чейин дайындалган судьялар салтанаттуу түрдө ант беришти. Маалыматка ылайык, президенттин жарлыгынын негизинде төмөнкү судьялар жергиликтүү сотторго дайындалды:Чүй облустук административдик сотуна – Мирослав Укушов;Аламүдүн райондук сотуна – Нурсултан Узаков;Сокулук райондук сотуна – Данияр Асылбашев (курагынын чегине жеткенге чейин).Ант берүү аземинде Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, мыйзамдуулукту бекем сактоого, көз карандысыздык жана ак ниеттүүлүк принциптерине бекем болууга чакырды.Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдөгү мигранттарга карата талаптарды катаалдаштырган жаңы мыйзамдарга кол койду. Бул мыйзамдагы эң негизги өзгөрүүлөр төмөнкүлөр: Балдардын өлкөдө жүрүү мөөнөтү. Мындан ары мигранттын баласынын Россияда мыйзамдуу жүрүү убактысы ата-энесинин патентинин мөөнөтүнө түздөн-түз байланыштуу болот. Эгер патенттин мөөнөтү узартылбаса же ал жокко чыгарылса, ата-энеси балдары менен бирге 15 күндүн ичинде Россиядан чыгып кетиши керек. Ал эми бала 18 жашка толгондон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө же өзүнчө патент алууга милдеттүү. Кирешени тастыктоо талабы. Чет элдик жарандар өлкөдө белгиленген өлчөмдөн аз эмес киреше таап жатканын далилдеп турушу шарт. Эгер мигранттын айлыгы эң төмөнкү көрсөткүчтөн аз болуп калса, анын иш берүүчү менен түзгөн келишими токтотулуп, Россияда жүрүү мөөнөтү азаят. Бул процессти көзөмөлдөө үчүн Салык кызматы менен Социалдык фонд мигранттардын кирешеси жана жумушу тууралуу маалыматтарды Ички иштер министрлигине берип турат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1c/1102648918_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d79eb7c0f2cd4a7f174a0e818d97f0a4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио