00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:56
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Унаалар, акча жана "оңой утуштар": интернет-лотереялардын тузагына түшүп калбоо жолдору
11:04
25 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Өзбекстан Кыргызстан менен биргелешкен дары-дармек өндүрүшүн түзүп, анын продукциясын Кыргызстан аркылуу Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) рыногуна чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда билдирди. Ал белгилегендей, Өзбекстан ЕАЭБге мүчө эмес, бирок Кыргызстан менен кызматташуу эки өлкөгө тең жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Министр белгилегендей, Кыргызстан жыл сайын 2 миллиард доллардан ашык көлөмдө дары-дармек импорттойт. Ошол эле учурда Түштүк Азиянын фармацевтикалык рыногу 65 миллиард долларды, ал эми ЕАЭБ рыногу 30 миллиард долларды түзөт. Кудратов кызматташуунун дагы бир келечектүү багыты катары электротехника тармагын атады. Ал ошондой эле акыркы үч жылда Өзбекстан электротехникалык продукциясын 162 өлкөгө экспорттой баштаганын маалымдады. Мындан тышкары, министр айыл чарба, текстиль жана мал чарбачылыгы тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү сунуштады.Анын айтымында, ноябрь айында Ысык-Көл облусунда картошканы ири көлөмдө, заманбап технологияларды колдонуу менен өстүрүү башталса, октябрда Чүй облусунда көчөт өстүрүү үчүн "Достук багы" долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Ошондой эле Өзбекстан жүн менен терини кайра иштетүү жана текстиль өндүрүшүн биргелешип өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Наманган облусунун чек арасында аянты 12 миң чарчы метрден ашкан соода-логистикалык борбор курулду. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Кыргыз-Өзбек бизнес-форумунда "Кыргыз эко экспорт" компаниясынын башкы директору Уланбек Максымбеков билдирди. Анын айтымында, Наманган облусунун жетекчилиги менен биргеликте бул долбоордун алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрүнө чакан экономикалык аймак түзүү сунушталат. Ал белгилегендей, учурда долбоор боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Азырынча түзүлө турган экономикалык аймактын чек араларын тактоо маселеси каралып жатат. Максымбековдун айтымында, борбордун инфраструктурасы дээрлик даяр. Учурда 12 миң чарчы метрден ашык объект курулуп, көпүрөлөр жана жолдор салынган, электр энергиясы тартылган.
Монополияны жөнгө салуу кызматы күйүүчү май ташыган компаниялар менен күйүүчү-майлоочу майлардын баасын турукташтырууга багытталган макулдашууга кол койду. Мекеменин маалыматына ылайык, документтин негизги максаты — өлкөнү АИ-92 бензини, дизель майы жана автогаз менен туруктуу камсыз кылуу, ошондой эле күйүүчү майдын негизсиз кымбатташына жол бербөө. Аталган кызмат макулдашуунун аткарылышын көзөмөлдөп, өлкөдөгү күйүүчү май рыногундагы туруктуулукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөрүн билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0