https://sputnik.kg/20260728/1102657889.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү тапшырмасы коюлду. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан... 28.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-28T15:00+0600
2026-07-28T15:00+0600
2026-07-28T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1c/1102657723_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1f05da4aed4a154916a4b1bff1b7aa83.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү тапшырмасы коюлду. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз-Өзбек бизнес-форумунда Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшан Сабиров билдирди. Анын айтымында, учурда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 1,2 миллиард долларды түзөт. Ошондой эле ал эки мамлекеттин кызматташтыгынын алкагында ишке ашып жаткан долбоорлорго токтолду: Учурда өлкөдө 30дан ашык биргелешкен ишкана иштеп жатат. Аларга киргизилген инвестициянын көлөмү 80 миллион доллардан ашат Текстиль фабрикалары, айнек заводу, агроөнөр жай комплекси, туризм, инфраструктуралык жана айыл чарба долбоорлору жигердүү ишке ашууда Анжиян, Фергана жана Наманган облустарынын жетекчилери баштаган чоң делегация келип, индустриалдык парктарды жана эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууда. Сабиров форумдун алкагында суммасы 800 миллион долларга жакын болгон 14 меморандум жана келишимдерге кол коюла турганын кошумчалады. Жалпысынан тараптар биргелешкен инвестициялык долбоорлордун суммасын 2 миллиард долларга чейин жеткирүүнү пландаштырууда.
Улуттук банк Евробиримдиктин "ЭкоИсламикБанкка" каршы киргизген санкцияларынан кийин өлкөнүн банк сектору туруктуу иштеп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, коммерциялык банктар кадимки режимде иштеп, кардарларга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүдө. Улуттук банк кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзөрүн жана зарыл болгон учурда санкциялардын өлкөнүн финансылык системасына тийгизген таасирин азайтуу үчүн тиешелүү чараларды көрөрүн белгиледи. Ошол эле учурда Экономика жана коммерция министрлиги эл аралык санкциялык режимдердин талаптарын сактоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга арналган жумушчу кеңешме өткөнүн маалымдады. Министр Бакыт Сыдыков мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрүнө Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги жана АКШнын Каржы министрлигинин өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгы тууралуу маалымат берген.Министрликтин маалыматына караганда, эл аралык өнөктөштөр Кыргызстан санкцияларды кыйгап өтүүгө жол бербөө боюнча көрүп жаткан чараларга оң баа беришкен. Алар санкциялык тобокелдик жогору болгон компанияларды текшерүү жана кошумча көзөмөлдү талап кылган субъектилерди аныктоо багытындагы иштерде жылыш бар экенин белгилешкен. Жумушчу кеңешмеде "ЭкоИсламикБанктын" өкүлдөрү банк мыйзамдардын, эл аралык санкциялардын жана ички көзөмөл эрежелеринин талаптарын сактоо менен иш алып барарын билдиришкен.
Кыргызстанда жыл сайын 28-июлда Вирустук гепатиттерге каршы күрөшүү күнү белгиленет. Бул күндүн максаты – гепатит ооруларына көңүл буруу, алардын алдын алууга, эрте аныктоого жана убагында дарылоого болорун элге түшүндүрүү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, вирустук гепатиттерге каршы күрөшүү саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2030-жылга чейин вирустук гепатиттерди адамдардын ден соолугуна олуттуу коркунуч жараткан оорулардын катарынан чыгарууну максат кылып жатканын белгиледи. Кыргызстан бул демилгени колдоп, ага жетүү багытында ырааттуу иштерди жүргүзүп жатат. Орун басардын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан төмөнкү чаралар каралууда: В гепатитине каршы акысыз эмдөө жана экспресс-тестирлөө; акысыз текшерүүдөн өткөрүү; вирустук гепатиттерди акысыз дарылоо.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү тапшырмасы коюлду. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз-Өзбек бизнес-форумунда Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшан Сабиров билдирди. Анын айтымында, учурда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 1,2 миллиард долларды түзөт. Ошондой эле ал эки мамлекеттин кызматташтыгынын алкагында ишке ашып жаткан долбоорлорго токтолду: Учурда өлкөдө 30дан ашык биргелешкен ишкана иштеп жатат. Аларга киргизилген инвестициянын көлөмү 80 миллион доллардан ашат Текстиль фабрикалары, айнек заводу, агроөнөр жай комплекси, туризм, инфраструктуралык жана айыл чарба долбоорлору жигердүү ишке ашууда Анжиян, Фергана жана Наманган облустарынын жетекчилери баштаган чоң делегация келип, индустриалдык парктарды жана эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууда. Сабиров форумдун алкагында суммасы 800 миллион долларга жакын болгон 14 меморандум жана келишимдерге кол коюла турганын кошумчалады. Жалпысынан тараптар биргелешкен инвестициялык долбоорлордун суммасын 2 миллиард долларга чейин жеткирүүнү пландаштырууда.Улуттук банк Евробиримдиктин "ЭкоИсламикБанкка" каршы киргизген санкцияларынан кийин өлкөнүн банк сектору туруктуу иштеп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, коммерциялык банктар кадимки режимде иштеп, кардарларга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүдө. Улуттук банк кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзөрүн жана зарыл болгон учурда санкциялардын өлкөнүн финансылык системасына тийгизген таасирин азайтуу үчүн тиешелүү чараларды көрөрүн белгиледи. Ошол эле учурда Экономика жана коммерция министрлиги эл аралык санкциялык режимдердин талаптарын сактоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга арналган жумушчу кеңешме өткөнүн маалымдады. Министр Бакыт Сыдыков мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрүнө Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги жана АКШнын Каржы министрлигинин өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгы тууралуу маалымат берген.Министрликтин маалыматына караганда, эл аралык өнөктөштөр Кыргызстан санкцияларды кыйгап өтүүгө жол бербөө боюнча көрүп жаткан чараларга оң баа беришкен. Алар санкциялык тобокелдик жогору болгон компанияларды текшерүү жана кошумча көзөмөлдү талап кылган субъектилерди аныктоо багытындагы иштерде жылыш бар экенин белгилешкен. Жумушчу кеңешмеде "ЭкоИсламикБанктын" өкүлдөрү банк мыйзамдардын, эл аралык санкциялардын жана ички көзөмөл эрежелеринин талаптарын сактоо менен иш алып барарын билдиришкен.Кыргызстанда жыл сайын 28-июлда Вирустук гепатиттерге каршы күрөшүү күнү белгиленет. Бул күндүн максаты – гепатит ооруларына көңүл буруу, алардын алдын алууга, эрте аныктоого жана убагында дарылоого болорун элге түшүндүрүү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, вирустук гепатиттерге каршы күрөшүү саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.Ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2030-жылга чейин вирустук гепатиттерди адамдардын ден соолугуна олуттуу коркунуч жараткан оорулардын катарынан чыгарууну максат кылып жатканын белгиледи. Кыргызстан бул демилгени колдоп, ага жетүү багытында ырааттуу иштерди жүргүзүп жатат. Орун басардын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан төмөнкү чаралар каралууда: В гепатитине каршы акысыз эмдөө жана экспресс-тестирлөө; акысыз текшерүүдөн өткөрүү; вирустук гепатиттерди акысыз дарылоо.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1c/1102657723_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7af27beddcbc50d51427654ec0baa484.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио