00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:56
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Электрондук акча эми мураска калат: жаңы тартип кандай иштейт?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Почему гепатит опаснее многих болезней которых мы боимся и как провериться бесплатно сегодня
16:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мекенчилдик үй-бүлөдөн башталат: өз өлкөсүн баалаган муунду кантип тарбиялоо керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Более 1200 сёл в зоне риска»: МЧС — о климате, ледниках и системе оповещения населения
18:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Деньги уходят в крипту и недвижку — потому что фондового рынка нет. Что с этим делать (и причем тут Кумтор)
20:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстанда браконьерлик үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп, айрым учурларда жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган мыйзам күчүнө кирди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, эгер мыйзамсыз аңчылык же балык уулоо олуттуу зыян келтирсе, браконьерге 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салынат же эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми транспорт, кайык, авиация, жардыргыч заттар, химиялык каражаттар, электр тогу, синтетикалык торлор жана жаныбарларды массалык түрдө жок кылууга мүмкүндүк берген башка ыкмалар колдонулса, 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат. Төмөнкү учурларда жаза жети жылга чейин күчөтүлөт:коруктарда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында браконьерлик кылса; сейрек кездешүүчү же жоголуу коркунучундагы жаныбарларды мыйзамсыз жок кылса; кызматтык абалынан пайдаланып мыйзам бузса; өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирсе же этиятсыздыктан оор кесепеттерге алып келсе. Белгилей кетсек, 10 миң сомдон жогору зыян олуттуу, 100 миң сомдон жогору зыян ири, ал эми 1 миллион сомдон жогору зыян өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян деп эсептелет.
Бишкекте күйүүчү май бир күндө эки сомго кымбаттады. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов муну дүйнөлүк дүң баалардын өсүшү менен түшүндүрдү. Ага ылайык, бүгүн АИ-92 бензини 86,9 сом, АИ-95 99,9 сом болду. Дизелдин баасы 1,6 сомго өсүп, 99,9 сомго жетти. "Күйүүчү майдын баасы аймактарга жеткирүү чыгымына жараша айырмаланат. Баткенде Бишкекке салыштырмалуу 3-3,5 сомго, Нарында 1 сомго, Таласта 1,5-2 сомго кымбат болушу мүмкүн. Бааны турукташтыруу механизми иштеп жатат. Бирок дүйнө жүзүндө дүң баалар өсүүдө. Мамлекет да бааны жогорулатууга аргасыз болуп жатат. Болбосо компаниялар чоң чыгымга учурап, банкрот болушу мүмкүн. Анда Кыргызстанга күйүүчү майды ким ташып келет?" — деди Эшатов. Ошондой эле учурда компанияларда 25-30 күнгө жете турган күйүүчү май запасы бар экенин, бирок ал азайып жатканын кошумчалады.
Кыргызстандагы көпчүлүк медреселерде окуучулар диний билим менен гана чектелип, мамлекеттик стандарттагы жалпы билимди онлайн-форматта алып жатышат. Мындай көрүнүш өлкөнүн жети облусундагы 21 медреседе жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында аныкталганын Акыйкатчы институту билдирди.Мониторингдин жүрүшүндө окуу жайларында уставдык жана каттоо документтеринин жоктугу, окуу программаларынын мамлекеттик стандарттарга шайкеш келбегени, ошондой эле санитардык, медициналык жана өрт коопсуздугу боюнча талаптардын сакталбаганы да аныкталган.Мындан тышкары, бир катар медреселер юридикалык жактан катталган даректе эмес, башка жерде иш жүргүзөрү, ал эми окуучулардан алынган төлөмдөр расмий келишимсиз жүргүзүлөрү белгиленген.Анонимдүү сурамжылоого катышкан окуучулардын көбү мамлекеттик билим берүү стандартындагы окууга толук мүмкүнчүлүк жок экенин, ошондой эле зордук-зомбулукту алдын алуу жана мамлекеттик органдарга кайрылуу жолдору тууралуу маалымат жетишсиз экенин айтышкан.Аталган мыйзам бузуулардан кийин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына, Башкы прокуратурага жана Саламаттык сактоо министрлигине сунуштарды жөнөткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0