Баткендеги куруучуларга акысы бериле баштады. Бийлик даттангандарга жооп берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБаткенде үй куруп жаткан куруучулар. Архив
Баткенде үй куруп жаткан куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2023
Жазылуу
Бийликтин берген убадасына карабай кээ бир куруучулар акчасын толук ала албай жатканын айтууда.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Президенттик администрация Баткендеги куруучулардын эмгек акысы толук берилерин убадалады.
Белгилей кетсек, өткөн жумада 300 адам 30 миллион сомдук акысын бир нече айдан бери ала албай жатканын айтып, президентке кайрылышкан. Чек арадагы кагылышта талкаланган үйлөрдү курууда тендерден уткан башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" Капчыгай айылына "Алмалуу Доор курулуш" аттуу субподрядчыны жалдаган. Андан соң ал дагы жети-сегиз суб-субподрядчы жалдап, ар бирине беш-ондон үй бөлүп берген.
Өлкө башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбековдун айтымында, мамлекет каражатты өз убагында эле куруучу компанияларга бөлүп берген. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев "Алмалуу Доор курулуш" компаниясынын директору Доорбек Кадыров жана кайрылуу жасаган жумушчулардын өкүлү Өмүрбек Жусупбек уулун кабыл алган.
"Эки тарап бир пикирге келди. Чечилбей жаткан маселесине чекит коюлуп, алар кайра Баткенге барып 15 күн ичинде курулушту толук аягына чыгарабыз деп убада кылышты. Фирманын жетекчиси жол кырсыкка учурап байланышка чыкпай калганын айткан. Ал учурда жумушчулар "бизди алдап кетти, эми эмгек акыбызды төлөбөй коюшу мүмкүн" деп шектенип, курулушун токтотуп салышкан. Компаниянын жетекчиси келишимде көрсөтүлгөн сумманын 10 пайызын иш толук бүткөндө берерин айткан. Натыйжада курулуш кечигип келген", — деди Орунбеков.
Андан соң "Алмалуу Доор курулуштун" жетекчиси куруучулардын акчасы бүгүн берилип баштаганын айтты.
"Менин башка жактан каражатым түшүшү керек эле, ошону убагында ала албай калдым. Ал арада кырсык болуп кетти. Бүгүн Баткенге өкүлдөрүм барып акчаларын берип жатат. 15 күндүн ичинде үйлөрдүн баары курулуп бүтүп калат", — деди Кадыров.
Ал эми куруучу Өмүрбек Жусупбек уулу өзүнө таандык 4,5 миллион сомду беришкенин тастыктады. Башкаларды дагы бүгүн облустук администрацияга чакырганын, азырынча каражат колуна тие электигин белгиледи.
Бирок жумушчулардын бири Максат Амираев эмгек акысын толук ала албай жатканын айтууда.
"Курулуш материалын, азык-түлүк саткан дүкөндөргө карыздарды бербейбиз деген интригалар чыгып жатат азыр. Жалпы 30 миллион сом карыз болсо, анын 7 миллионун усталарга берип эле бүтүрүп таштамакчы болуп жатышат. Жеке мен 700 миң сом алышым керек эле, анын да 200 миңин кармап калып, дагы алдагансып жатат. Бирок ошол 500 миң сом да колума тие элек", — деди Амираев.
Белгилей кетсек, Баткенде талкаланган 418 үйдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сом бөлүнгөн. Президент Садыр Жапаров жаңы жылга чейин баарын куруп бүткөрүүгө тапшырма берген. Бирок ал аткарылбай, кийинчерээк башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" компаниясы март айында иш толук соңуна чыгарын убадалаган. Бирок мөөнөтү кайра-кайра жылып отуруп, эми майда бүтөрү айтылууда. Курулуш иштерин көзөмөлдөө президенттин иш башкармалыгына тапшырылган.
Баткен облусунда курулган турак-жайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Мамкурулуш: Баткенде 100дөн ашуун үйдүн курулушунан кемчиликтер аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0