00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

300дөй адам акысын ала албай жатат. Баткенде үй салгандар президентке даттанды

© Фото / Эламан КарымшаковСтроительство домов в Баткене
Строительство домов в Баткене - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
Жазылуу
Курулушчулардын айтымында, фирманын жалпы карызы 30 миллион сомго жетет. Жетекчиси өз убагында төлөбөй качып жүрөт.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Баткендин Капчыгай айылында үйлөрдү салган курулуш фирмалары акчасын ала албай жатканын айтып президентке кайрылышты.
Курулушчулардын 10 чакты өкүлү Бишкекке келип, Жогорку Кеңештин депутаттарына да арыз-муңун айтышкан.
Алардын билдирүүсүнө ылайык, талкаланган үйлөрдү курууда тендерден уткан башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" Капчыгай айылына үй салууга "Доор курулуш" аттуу субподрядчыны жалдаган. Андан соң ал дагы жети-сегиз суб-субподрядчы жалдап, ар бирине беш-ондон үй бөлүп берген.
12 үй курган "Чоролор" фирмасынын өкүлү Өмүрбек Жусупбек уулу көйгөйдү президенттин өзүнө түз жеткирүү үчүн атайын Бишкекке келгенин айтты.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич, Ак-Сай жана Капчыгай айылдарынын курулуш иштериндеги көйгөй тууралуу сизге кайрылып жатабыз. Ишти 97-98 пайызга бүткөргөнбүз, бирок жети айдан бери эмгек акыбызды подрядчылар бербей качып жүрөт. Ал жакта иштеген 300дөй адамды сыздатып жатат. Өзбекстандан да усталар келип иштеди эле. Субподрядчы "Доор курулуштун" жетекчиси "каалаганыңарды кылып алгыла" деди. Бул фирманын жалпы карызы 30 миллион сомго жетет", — деди Жусупбек уулу.
Ошондой эле курулушчу башкы подрядчыга жана бийлик өкүлдөрүнө даттанышса да натыйжа болбой жатканын белгиледи.
"Садыр Нургожоевич, сизге айта турган көп сөзүбүз бар. Бизди кабыл алып, карапайым элдин үнүн угуп коюшуңузду суранабыз", — деп суранды Жусупбек уулу.
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Ражабалиев да бул маселени көтөрүп, өкмөт катуу көзөмөлгө алышын талап кылган.
Белгилей кетсек, Баткенде талкаланган 418 үйдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сом бөлүнгөн. Президент Садыр Жапаров жаңы жылга чейин баарын куруп бүткөрүүгө тапшырма берген. Бирок ал аткарылбай, кийинчерээк башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" компаниясы март айында иш толук соңуна чыгарын убадалаган. Бирок мөөнөтү кайра-кайра жылып отуруп, эми майда бүтөрү айтылууда. Курулуш иштерин көзөмөлдөө президенттин иш башкармалыгына тапшырылган.
Баткен облусунда курулган турак-жайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Мамкурулуш: Баткенде 100дөн ашуун үйдүн курулушунан кемчиликтер аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0