Мөөнөтү 4 жолу жылды. Баткенде талкаланган үйлөр качан курулуп бүтөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБаткен облусунда жаңы үйлөрдүн курулушу. Архив
Баткен облусунда жаңы үйлөрдүн курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Жазылуу
Аткаминердин айтымында, бүгүн мөөнөтүн апрелдин аягына чейин жылдыруу чечими кабыл алынды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Баткенде талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштеринин мөөнөтү төрт жолу жылдырылды. Бул туурасында Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимов "Ишеним" фракциясынын жыйынында билдирди.
Фракция лидери Улугбек Ормонов жыйынга эмне себептен башкы подрядчы, "Аманат курулуш инвест" компаниясынын жетекчиси, келбегенин сурады.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Улукбек Ормонов
Депутат Жогорку Кенеша Улукбек Ормонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
"Эмне анын жетекчиси өзгөчө кишиби? Эмнеге ала келген жоксуз, алар үчүн сиз жооп берип жатасыз. Силердин алдыңарда башкы подрядчы жооптуу да", — деди Ормонов.
Акимов алардын чакырылбаганын айтты. Курулушка каралган 1,3 миллиард сомдун 90 пайызы которулганын билдирип, калганы кепилдик катары кармалып турганын белгиледи.
"Чакырган жок дебей Баткен боюнча маселе коюлгандан кийин өзүңүз алып келишиңиз керек болчу. 1-мартта бүтөт деп айттыңар эле, азыр 15-апрель болуп жатат" деген депутат курулуш качан толук аяктаарына кызыкты.
© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник градостроительно-планировочного отдела МП "Бишкекглавархитектура" Азирет Акимов
Начальник градостроительно-планировочного отдела МП Бишкекглавархитектура Азирет Акимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
"Өзү негизи биринчи 31-декабрга чейинки мөөнөт берилген. Кийин 1-мартка жылдырылган, бирок Ноорузда барганыбызда 1-апрелге узартылган. Бүгүн дагы апрелдин аягына чейин жылдырылды. Буюрса 1-майда толук бүтүрөбүз. Бир эле үй калат, анткени анда үй эсинин талаптары бар болчу, ал аткарылбай иш кеч башталган", — деди Акимов.
Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев "башкы подрядчы, "Аманат курулуш инвесттин" директору 20 жаштагы балабы, анын тажрыйбасы ушунчалык молбу?" деп сурады.
© Фото / пресс-служба ЖКДепутат ЖК Нурбек Сыдыгалиев
Депутат ЖК Нурбек Сыдыгалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
"20 жаштагы бала деп жатпайбы. Эмне, ал төрөлгөндө эле курулушчу болуп түшүптүрбү?" — деди Сыдыгалиев.
Аткаминер бул боюнча маалыматы жоктугун айтты.
"Аманат курулуш инвест" буга чейин үй курганбы же жокпу, так маалыматым жок. Аны тактап сизге жеке жолдоп коём", — деди Акимов.
Буга чейин өкмөт Баткенде талкаланган 418 үйдү курууга 1,3 миллиард сом бөлүнөрүн билдирген. Президент Садыр Жапаров жаңы жылга чейин баарын куруп бүткөрүүгө тапшырма берген. Бирок ал аткарылбай, кийинчерээк башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" компаниясы март айында иш толук соңуна чыгарын убадалаган. Курулуш иштерин көзөмөлдөө президенттин иш башкармалыгына тапшырылган.
Баткен облусунда курулган турак-жайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Мамкурулуш: Баткенде 100дөн ашуун үйдүн курулушунан кемчиликтер аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0