"Сосновка" посту оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды

© Sputnik / Павел ЛьвовЖүк ташуучу унаалар. Архив
Жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 17-апр. Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда кар жаап, бороон болуп жатканына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Азыркы учурда "Сосновка" постунда 1000ге жакын автоунаа токтоп турат.

"Жолчулар карды тазалоо, кум-туз себүү иштерин тынымсыз жүргүзүүдө. Жолго кышкы дөңгөлөктөр менен чыгууну жана айдоочулар 500 метр аралыкты сакташы керектигин эскертебиз", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жолго чыгып кеткендерге ашуу тилкелеринен өтүүдө чынжырчаларды алып жүрүү, жолдун каршы тилкесине чыкпоо жана жол тазалоочу атайын техниканын ишине тоскоол болбоо сунушталды.
Бишкек — Ош жолунда кардан тазалоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2023
Бишкек — Ош жолу бардык унаалар үчүн убактылуу жабылды
Жаңылыктар түрмөгү
0