Кыргызстандык оор атлетчилер Түштүк Кореяга Азия чемпионатына барат. Тизме

© Sputnik / Владимир АстапковичОор атлетчи. Архив
Оор атлетчи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023
Жазылуу
Биринчиликке төрт спортчу барат.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ченджу шаарында (Түштүк Корея) өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, мелдеш 19-апрелде башталып, 2-майга чейин уланат.
Чемпионатка бара турган спортчулардын тизмеси:
Бекдөөлөт Расулбеков — 102 кг;
Эмил Молдодосов — 89 кг;
Изат Артыков — 73 кг;
Ишенбек Муратбек уулу — 67 кг.
Оор атлетика боюнча улуттук курама команда улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Бишкекте алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Байге фонду 540 миң сом. Бишкекте алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0