https://sputnik.kg/20230405/ryabkov-rossiya-menen-aksh-chataktyn-kyzuu-fazasynda-turganyn-aytty-1074182530.html
РФ ТИМи Россия менен АКШ чатактын кызуу фазасында турганын айтты
РФ ТИМи Россия менен АКШ чатактын кызуу фазасында турганын айтты
Sputnik Кыргызстан
Рябков АКШ үчүн Россиянын чечкиндүүлүгүн жеткиликтүү баалай билбегендик каргашалуу ката болуп каларын белгилеген. 05.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-05T17:11+0600
2023-04-05T17:11+0600
2023-04-05T17:12+0600
россия
акш
мамиле
бузуу
тим
сергей рябков
https://sputnik.kg/img/07e7/04/05/1074181485_211:573:2833:2048_1920x0_80_0_0_545d7e4a82a84097b4ee9693dd145bbb.jpg
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Россия менен АКШ чатактын кызыган учурун баштан кечирип жатканын РФ ТИМинин башчысынын орун басары Сергей Рябков Sputnik радиосунун обосунда айткан.Ал азыр "тилекке каршы, өзөктүк чатактын кооптуулугу боюнча кептин көп чыгып жатканын" белгиледи. Рябковдун сөзүнө караганда, көп нерселерде "америкалык каршылаштар" акылга сыйгыс иштерди кылып жатат."Биздин америкалык каршылаштар көп маселелерде ишти ойлонбой, чагымчылык менен акылга сыйгыс ыкмалар менен жүргүзүп келет. Өздөрүнүн тантыраган жана эч нерсеге негизделбеген сокур сезими менен Россияны стратегиялык жактан жеңилүүгө дуушар кыларына ишенип алган. Бул алардын акылы жайында экендигинен шек санатат. Сөздүн түз маанисинде, от менен ойногондук", — деп кошумчалаган министрдин орун басары.Рябков РФтин суверендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана мамлекеттүүлүгүнө тап койгондорго каршы Россия "бардык чараларды көрүп, бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланган" чечкиндүүлүгүн АКШнын жеткиликтүү баалай билбегендиги алардын каргашалуу катасы болорун белгиледи.Дипломат андан мурда өз ара ымала бузулгандыгын жана ураганын айткан. Москва бул боюнча жоопкерчиликти Вашингтонго жүктөгөн болчу.
https://sputnik.kg/20230331/rf-tyshky-sayasat-zhany-koncepciya-bekitti-1074063163.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/05/1074181485_779:495:2849:2048_1920x0_80_0_0_1af2eda6ecdf62478f67ca5942294d7f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, акш, мамиле, бузуу, тим, сергей рябков
россия, акш, мамиле, бузуу, тим, сергей рябков
РФ ТИМи Россия менен АКШ чатактын кызуу фазасында турганын айтты
17:11 05.04.2023 (Жаңыртылды: 17:12 05.04.2023) Рябков АКШ үчүн Россиянын чечкиндүүлүгүн жеткиликтүү баалай билбегендик каргашалуу ката болуп каларын белгилеген.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Россия менен АКШ чатактын кызыган учурун баштан кечирип жатканын РФ ТИМинин башчысынын орун басары Сергей Рябков
Sputnik радиосунун обосунда айткан.
"Учурда Россия менен АКШ чатактын кызуу фазасында турат. Аталган мамлекеттин ар кыл багытта Россия менен гибриддик согушка кирип жатканын көздөн өткөрүүдөбүз. Бул согуштун кээ бир түрлөрү мурда болгон эмес, мурда кездешкен эмес, кансыз согуш мезгилинде да болушу мүмкүн эмес", — деген дипломат.
Ал азыр "тилекке каршы, өзөктүк чатактын кооптуулугу боюнча кептин көп чыгып жатканын" белгиледи. Рябковдун сөзүнө караганда, көп нерселерде "америкалык каршылаштар" акылга сыйгыс иштерди кылып жатат.
"Биздин америкалык каршылаштар көп маселелерде ишти ойлонбой, чагымчылык менен акылга сыйгыс ыкмалар менен жүргүзүп келет. Өздөрүнүн тантыраган жана эч нерсеге негизделбеген сокур сезими менен Россияны стратегиялык жактан жеңилүүгө дуушар кыларына ишенип алган. Бул алардын акылы жайында экендигинен шек санатат. Сөздүн түз маанисинде, от менен ойногондук", — деп кошумчалаган министрдин орун басары.
Рябков РФтин суверендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана мамлекеттүүлүгүнө тап койгондорго каршы Россия "бардык чараларды көрүп, бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланган" чечкиндүүлүгүн АКШнын жеткиликтүү баалай билбегендиги алардын каргашалуу катасы болорун белгиледи.
Дипломат андан мурда өз ара ымала бузулгандыгын жана ураганын айткан. Москва бул боюнча жоопкерчиликти Вашингтонго жүктөгөн болчу.
31 Жалган Куран 2023, 19:47