Келерки аптага карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовКар жааган аба ырайы. Архивдик сүрөт
Кар жааган аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2023
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, көпчүлүк аймактарда аптанын башында кар жаап, жолдор тайгак болот.

Чүй

19-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт. 20-24-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. 25-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Талас

19-24-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. 25-февралда айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тайгак болот.

Ош

Региондо 19-февралда кар жаап, 20-24-февраль күндөрү күн ачык болот. 25-февралда кар жаашы күтүлүүдө.

Жалал-Абад

19-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, бирок күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерге туман түшөт. Жуманын аягында көпчүлүк жерге кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Баткен

19-февралда кар жаашы күтүлөт. 20-24-февралда жаан-чачын жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы 1-6 метрге жетип, багыты өзгөрүп турат. 25-февралда кар жаашы мүмкүн.

Ысык-Көл

19-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Андан соң аптанын аягына чейин жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Нарын

19-февраль күнү кар жаашы күтүлүүдө. 20-24-февралда жаан-чачын болбойт, 25-февралда кар жаайт. Жолдор тайгак болот.
Кишилер көчөдө бара жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Чыкылдаган аяз коштойт. Февралга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0