Чыкылдаган аяз коштойт. Февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКишилер көчөдө бара жатат
Кишилер көчөдө бара жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Жазылуу
Февраль ичинде Кыргызстандын бир катар дыйканчылык аймактарында күн жылыды дегенде 14 градуска чейин чыкса, кээ бир аймактарда аяз күчүнө киргенде 32 градуска чейин суук болору айтылды.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 2022-жылдын февраль айынын аба ырайына берилген божомолун, тагыраагы, абанын температурасын жана жаан-чачындын көлөмүн Кыргызгидромет агенттиги жарыялады.
© Фото / КыргызгидрометФевралдагы абанын орточо температурасы
Среднемесячная температура воздуха по Кыргызстану в феврале 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Февралдагы абанын орточо температурасы
© Фото / КыргызгидрометФевралдагы жаан-чачындын орточо көлөмү
Среднемесячное количество осадков в Кыргызстане в феврале 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Февралдагы жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Февралда жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу мүмкүн.
Чүйдө абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп -1…-3, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6 болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градустан -7…-12 градустун арасында өзгөрүлүп турмакчы. Аймактын түндүгүндө кээ бир түндөрү -11…-16 градус болушу мүмкүн. Күндүз 0…+5 — +8…+13 градустун ортосунда турары айтылды. Кээ бир күндөрү абанын температурасы -1…-6 га түшөрү болжолдонууда.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -2… -7 жана -10…-15 градус арасында, күндүз термометр -3 …+2ден тарта +3…+8 градуска чейин көрсөтүп турарын билдиришти.

Талас облусу

Бул аймакта жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Таласта абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -2…-4 градусту көрсөтөрү маалымдалды. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан тарта -9…-14 градуска чейин болору, ал эми күндүз термометр -1 …+4төн тарта +6…+11 градуска чейин көрсөтүп, аба ырайы өзгөрүп турарын божомолдошту. Кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз -2…-7 градус болуп төмөндөшү мүмкүн деп эскертилди.

Ош облусу

Бул дубанда жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
Ош облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан алганда 1-1,5 градустан жогорулап, термометр тоо этектериндеги райондордо 0…-2 градусту көрсөтөрү айтылды.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 0…+5 градуска чейин, күндүз +1…+6 менен +9…+14 градустун ортосунда болорун божомолдошту.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен -7…-12 градуска, ал эми күндүз -2…+3төн тарта +7…+12 градуска чейин өзгөрүлүп турушу ыктымал.
Завотделом метеопрогнозов Кыргызгидромета Асылбубу Маткеримова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Радио
Метеоролог Кыргызстанда жазга чейин аба ырайы кандай болорун айтты

Жалал-Абад облусу

Бул аймакта жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот дешти.
Жалал-Абад облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогорулап, 0…+2 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 0…+5 градуска чейин чыгары айтылды. Күндүз термометр +1…+6дан +9…+14 градуска чейин көрсөтүшү мүмкүн. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен -7…-12 градуска чейин, ал эми күндүз -2…+3төн +7…+12 градуска чейин өзгөрүлүп турмакчы.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10дон -4 …+1 градуска чейин болуп, күндүз 0…+5 градуска чыгары божомолдонду.

Баткен дубаны

Бул облуста жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.
Баткенде абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогорулап, 0…+2 , тоо этектериндеги райондордо 0…-2 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 0…+5 градуска, күндүз +1…+6дан тарта +9…+14 градуска чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5 жана -7…-12 арасында, күндүз -2 …+3төн тарта +7…+12 градуска чейин өзгөрүлүп турары айтылды.
Погода в Бишкеке почти за сто лет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Бишкектеги орточо температура 1925-жылдан бери кандай өзгөрдү. Инфографика

Ысык-Көл облусу

Башка дубандардай эле бул аймакта да жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Ысык-Көлдө абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогорулап -1…-3, чыгышында -4…-6 градус болору күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -0…-5тен тарта -6…-11 градус, чыгышында кээ бир түндөрү -10…-15 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн дешти. Күндүз абанын температурасы негизинен 0…+5 градустун тегерегинде болуп турат.

Нарын дубаны

Бул аймакта жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
Теңир-Тоодо абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде калып -13…-15, Кочкор районунда -7…-9 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -9…-14төн тарта -18…-23 градуска чейин өзгөрүлүп турарын билдиришти. Күндүз абанын температурасы 0…-5тен -6…-11 градуска чейин, Кочкор районунда -4 … +1ден тарта +3…+8 градуска чейин болору айтылды. Ал эми Ат-Башы районунда кээ бир түндөрү аяз чыкылдап, термометр -27…-32 , күндүз -10…-15 градусту көрсөтөт дешти.
Фотограф Уильям Беррард-Лукас Жаныбарлардын портрети номинациясында мыкты деп аталды. Ал Кенияны байырлаган сейрек кездешүүчү кара кабыланды тартып алган. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Аюулардын "үлпөт тою", сейилге чыккан көпөлөк... Жаратылыштын укмуштуу 18 сүрөтү
Жаңылыктар түрмөгү
0