АКШ "Түндүк агым" боюнча актанып, ага Россиянын дипөкүлчүлүгү жооп берди

© Sputnik / Артур Габдрахманов / Медиабанкка өтүүВашингтондогу АКШнын Мамлекеттик департаментинин имараты. Архив
Вашингтондогу АКШнын Мамлекеттик департаментинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2023
Жазылуу
Дипломат Америка бийлигине Москванын дарегине күнөө коюудан мурда "болгон окуяга өзүнүн катышты жоктугун далилдөөгө аракет кылуусун" сунуштаган.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. АКШ россиялык "Түндүк агым" газ-транспорттук системанын жардырылышындагы өзүнүн катыштыгын танып, анын себебин иликтөө жарылуу болгон жерге ээлик кылган мамлекеттин юрисдикциясында деп эсептейт. Бул туурасында РИА Новости мамдепартаменттин расмий өкүлү Нед Прайска шилтеме кылып жазды.
Мындан мурдараак америкалык журналист Сеймур Херш "Түндүк агымдагы" жарылуу боюнча иликтеп, макаласын жарыялаган. Анда Россиядан Германия жана Европанын башка өлкөлөрүнө газ жеткирген түтүктөрдөгү жасалган былтыркы диверсия боюнча кине АКШ администрациясы менен Норвегиянын бийлигине коюлган.
"Түндүк агым" жана андагы жардыруунун артында АКШ турат деген сөздөр — чылгый дезинформация. Бул нерсени РФ бийлиги козгоп, көтөрүп чыккан калптардан кийин биз дайыма айтып-деп келебиз. Эгер талап кылынса, муну ар кыл формада жасоону улантабыз", — деген Прайс брифингде.
Ал жардыруулар АКШнын аймагында болбогондугун эске алып, иликтөө боюнча башка тараптарды көрсөткөн.
"Бул жардыруулар АКШнын аймагында болгон жок. Жарылуу кимдин жеринде болсо дал ошолор тиешелүү тергөө механизмдери тууралуу айтышы керек", — деген ал иликтөөдөгү АКШнын ролу туурасында сүйлөп жатып.
Прайс Россиянын БУУнун Коопсуздук кеңешинин аянтчасында "Түндүк агымдын" жардырылышы боюнча талкуу өткөрүү демилгесине комментарий берүүдөн баш тарткан.
РИА Новости АКШнын бул кадамына Россиянын Вашингтондогу элчилигинин маалымат катчысы Игорь Гиренконун айткан жообун да жазды.
"Россия тарап кризистик энергетикалык инфраструктуранын бузулушуна байланыштуу кырдаалды жаап-жашырып коюуга жол бербейт. Муну калган нерселер боюнча эч нерсе белгисиз болуп турганда, өзгөчө, деңиздин түбүндө жарылбай калган заряддарды эске алганда да жөн калтыруу мүмкүн эмес", — деп жазылган Гиренконун дипмиссиянын Telegram каналына коюлган билдирүүсүндө.
Ал Прайстын башкара албай калган реакциясы журналисттердин БУУнун Балтика деңизиндеги газ транспортунун жардырылышына күнөөкөрлөрдү издөөгө киришүүсүнө АКШнын мамилеси боюнча берилген негиздүү суроолорунан улам чыгып кеткенин белгиледи.
Дипломат америка бийлигине Москванын дарегине күнөө коюудан мурда "болгон окуяга өзүнүн катышты жоктугун далилдөөгө аракет кылуусун" сунуштаган.
Эске салсак, америкалык журналист, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Сеймур Херш газ магистралында болгон жарылуу боюнча иликтөөсүн 2023-жылдын 8-февралында жарыялаган. Анда америкалык суучулдар НАТОнун Baltops деп аталган машыгуулары учурунда, 2022-жылы жайында "Түндүк агымдын" алдына жардыргыч коюшкан да, аны үч айдан кийин норвегиялыктар иштетип, тагыраагы, жардырганы жазылган.
Херштин бекемдөөсүнө таянсак, АКШнын президенти Байден улуттук коопсуздук боюнча команда менен "Түндүк агым" жаатында 9 айдан ашуун жүргүзүлгөн жашыруун талкуулардан кийин диверсияга баруу чечимин кабыл алган.
Кийинчерээк РИА Новостиге россиялык газ куурун жардырууга АКШнын эч кандай тиешеси жок деген билдирүүсүн айткан. Мындай билдирүүнү Ак үй да жасаган. Ал эми мамлекеттик департамент АКШнын позициясына ишенүүгө чакырган.
 Түндүк агым каналындагы жардыгуу болгон жер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2023
"Түндүк агымдын" жардырылган жерлерин НАТО учактары жайында айланып жүргөн
Жаңылыктар түрмөгү
0