Газ түтүгүндөгү жардыруунун чоо-жайы ачыкталды. Кыңыр иш 40 жыл күтпөйт...

© AP Photo / Swedish Coast Guard"Түндүк агым — 2" жардыруусу. Архив
Түндүк агым — 2 жардыруусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2023
Жазылуу
Сеймур Херш — жөнөкөй журналист эмес, батыш журналистикасынын мыктысы, чыныгы кумир. Анын эмгектери эркин жана көз карандысыз журналистикасынын үлгүсү катары университеттерде окутулуп, изилденет.
Дүйнөлүк маалымат айдыңында мурдагы күнү океан толкундарына жашырып коюуга мүмкүн болбогон "бомба" жарылды. Белгилүү америкалык журналист Сеймур Херш өз сайтына XXI кылымдын геосаясий жаңжалын тутандыра турган иликтөөсүн жарыялады.
Херш америкалык атайын кызматтын үлкөндөрүнө шилтеме кылуу менен "Түндүк агым — 2" россиялык-европалык магистралдык газ түтүгүндө теракты уюштуруу жана жасоого даярдыкты ийне-жибине чейин талдап бергенин белгилейт Сергей Савчук. Серепчинин макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Докладда баары кызык. Маселен, газ түтүгүндөгү жардырууну АКШ мамлекеттик департаменти, Пентагондогу аскерлер жана Борбордук чалгындоо башкармалыгынын тыңчылары менен биргеликте РФтин атайын аскердик операциясына чейин эле, 2021-жылдан тарта пландай баштаган. Бул да тегин жерден эмес, дал ошол 2021-жылы "агымдын" линиялык бөлүгүнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берүү башталган. Башкача айтканда, газ сордуруу иштерине аз эле калган.
Вашингтон Германия жана европалык өлкөлөрдүн бир тобу Москва менен мамилени үзүү талаптарын аткарбай жатканын, тескерисинче, россиялык газды сатып алуунун көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенгенин аңдаган. Операцияны өкмөттөн мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жана анын орун басары Виктория Нуланд тескегени айтылды. Ал эми Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Билл Бернске пландын практикалык иштелмеси табышталган.
Херш өз макаласында план эң башында аскердик гана мүнөздө болгонун белгилейт. Аскер-аба күчтөрүнүн өкүлдөрү тереңге ылайыкталган ок-дары менен сокку урууну сунушташкан. Флоттук командачылык суу түбүндөгү кайыктардан коё бериле турган торпедалар менен жардыргысы келген. Аягында андай эки вариант да четке кагылган. Себеби магистралдын үстүндөгү сокку уруучу учак россиялык байкоо салуучу каражаттарга дароо чалдыкмак. Ал эми торпедалардын дабышын жаңырык локаторлору бачым эле аныктап коймок. Ошол себептен мина менен аралыктан жардыруу чечими кабыл алынган. Заряд НАТОнун BALTOPS 22 пландалган машыгуу маалында аскердик суучулдар командасы тарабынан орнотулган. Өз коопсуздугу жана шек жаратпоо үчүн операцияны норвегиялык тарапка тапшырышкан.
Согуштук кеме, учактардын баары аскердик окуу зонасынан узап кеткенден бир нече сутка өтпөй Балтиканын түбүндө үч жардыруу болгону белгилүү. Иликтөөдө сүрөттөлгөн эки учур бүйүр кызытат. Биринчиден, операция туурасында АКШ президенти да сопсонун билген. Жо Байден кармана албай жашыруун маалыматты элге жарыялап салган. Россиялык атайын аскердик операция башталардан туура эки апта мурун, тагыраагы, жетинчи февралда Байден эгер россиялык армия Украинанын чек арасын кесип өтө турган болсо, "Түндүк агым — 2" жок кылынарын ачык эле айтып салган.
Суюлтулган газ өндүрүүчү завод. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2022
Евробиримдик Россиянын дагы бир кайырмагына илингендей
Андан мурун, 28-январда Виктория Нуланд да ошенткен. "Газ түтүгү эч качан ишке берилбейт, көгүлтүр оттун ордуна орустар түтүк аркылуу арак менен жабдысын" деген тейде табалагандай болгон ал. Экинчиден, пландалган жардыруу жөнүндө жашыруун каналдар аркылуу эң кызыкдар өлкөнүн лидерлерин, оболу немец канцлери Олаф Шольцко да кабар берилген.
"Түндүк агым — 2" 22-сентябрда жардырылып, ал эми 3-октябрда АКШ мамлекеттик катчысы Блинкен: "Акыры Европа Путин империялык курал катары колдонуп жаткан арзан россиялык газдан көз карандысыздыгынан толук арыла алат", – деген.
Айтор, жогоруда айтылгандын баары ансыз да жалпыга дайын "сыр" эле, болгону иликтөө боюнча расмий түрдө моюнга алышына гана такалып жаткан. Жакында эле Дания анын жыйынтыктарын россиялык тарапка көрсөтүүдөн баш тарткан эле. Эгер Сеймур Херштин мындай маалыматтык "бомбасы" болбогондо баары ушундай эле көз көрүнөө, бирок юридикалык жактан тастыкталбаган боюнча калмактыр.
Эми Батыш макаланын авторун жок кылууга эбегейсиз кампания жарыялай турганы айдан ачык. Бирок Сеймур Херш – жөнөкөй журналист эмес, батыш журналистикасынын мыктысы, чыныгы кумир. Анын эмгектери эркин жана көз карандысыз журналистиканын үлгүсү катары университеттерде окутулуп, изилденет. Иштери эбегейсиз нуска менен басылат.
Дал ушул калемгер 1970-жылы Вьетнамдын Сонгми кыштагындагы үрөй учурган кылмыштын бетин ачып, коомчулуктун сотуна алып чыккан. Ошондон бир жыл оболу америкалык жоокерлер жергиликтүү элди эзип, кыйнап, зордуктап, анан 504 жайкын тургунду атып салган. Болгондо да алардын 210у жаш балдар болгон. Кийинки иликтөөлөр кыштакта аскерлер же курал болбогонун, ал эми ошол үрөй учурган окуя себепсиз жырткычтыктын акты экенин көрсөткөн.
Өз эмгеги үчүн Херш Пулитцер сыйлыгын алып, ал эми аскердик кылмышкерлердин баарын актап коюшкан. Тек гана лейтенант Уильям Келли үч жылга үй камагына алынып, кийин ал да өкмөттүн ырайымын алган.
Журналистика чөйрөсүндөгү башкы сыйлыгынан тышкары ал Лонг-Айленд университети тарабынан мыкты журналисттерге тапшырылчу Жорж Полк сыйлыгы менен төрт ирет, адам укуктары боюнча Летельер — Моффит, ошондой эле Сэм Адамс сыйлыктарына да татыгандыктан Херштин материалдарына жөн кол шилтеп коё албайсың.
Адатта Сэм Адамс сыйлыгы чынчыл жана этика алкагында иш алып барган атайын кызматтардын өкүлдөрүнө гана тапшырылат. Кезегинде ага Эдвард Сноуден да татыган. Ошондуктан Сеймур Херш тек гана журналист эмес, атайын кызматтар менен кызматташкан киши экенин танып коюу мүмкүн эмес. Бул анын иликтөөлөрүнүн салмагын дагы арттырат. Чындык үчүн жанын аябаган мындай кишиге алдыдагы "бороонго" туруштук беришине тилектеш болгуң келет. Анткени америкалыктар салтында мындай адамдар заматта эле мезгилсиз дүйнөдөн өтүп же абакка тыгылып калат.
Fox News телеканалынын алып баруучусу Такер Карлсон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2022
АКШда 2022-жылы Россия тууралуу жаңырган эң эле акылга сыйгыс калп аталды
Жаңылыктар түрмөгү
0