"Түндүк агымдын" жардырылган жерлерин НАТО учактары жайында айланып жүргөн

© AP Photo / Swedish Coast Guard "Түндүк агым" каналындагы жардыгуу болгон жер. Архив
 Түндүк агым каналындагы жардыгуу болгон жер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2023
Жазылуу
Аскердик эксперт жарылуу боюнча журналисттик иликтөө тобун түзүү керектигин айткан.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. "Түндүк агым" каналында жарылуу болгонго чейин ал жерлерди 2022-жылдын июнь айында АКШ жана Германиянын аскер-деңиз күчтөрүнүн учактары Baltops-22 машыгуусунда үзгүлтүксүз айланып өтүп турушкан. Бул тууралуу РИА Новости жүргүзгөн Flightradar24 архивиндеги тректердин анализинде айтылат.
Америкалык журналист Сеймур Херш 8-февралдагы макаласында бул тууралуу кеңири кеп кылган. Өткөн жылдын июнь айында НАТОнун Baltops машыгуусуна жамынган АКШнын деңиз флотунун суучулдары аралыктан иштетилген жардыруучу түзүлүштөрдү орноткондугун жазды. Кийин ал сентябрдын аягында Балтика деңизинде "Түндүк агымдын" төрт газ түтүгүнүн үчөөнү жок кылууга алып келген.
Flightradar24 агенттигинин маалыматына караганда, 8-16-июнь күндөрү Германиянын, АКШнын P-3 Orion жана P-8 Poseidon учактары болочок жарылуулар болчу жерлердин үстүнөн үзгүлтүксүз өтүп турушкан. Ошол эле учурда алар бир топ төмөндөп учуп, дээрлик ар бир рейсте транспондерлер өчүрүлгөндүктөн, алардын айрым траекториялары порталдын тректерине жазылбай калган.
Атап айтканда, 8-июнда суу астында жүрүүчү кайыктарга каршы америкалык Poseidon учагы Борнхольм аралынын түндүк-чыгышында "Түндүк агым" түтүгүндөгү болочок үч жарылуу болгон жерлердин үстүнөн бир нече ирет айланып өткөн.
Андан кийин америкалык самолёттун ордуна Борнхольмдун батыш тарабындагы күтүү зонасында калган немис чалгындоочу P-3 Orion пайда болгон. Немис учагы аралдын чыгышындагы газ түтүгүндө жарылуу болгон жердин үстүнөн эмнегедир "сегиз" санын жасаганы айтылды.
9-июнда америкалык Poseidon Борнхольмдун түндүк-чыгышында жана чыгышында "Түндүк агымда" жарылуу боло турган жерлердин үстүнөн учуп өткөн.
11-июндан 15-июнга чейин АКШнын Poseidon аба кемелери күн сайын кырсык боло турган жерлерди так айланып, көп учурда төмөнкү бийиктикте көптөгөн бурулуштарды жана татаал учууларды жасап турушкан. Ал эми 16-июнда ал аймактан немис P-3 Orion учуп өткөн.
РИА Новостинин кабарчысы 8-16-июндан кийинки күндөрү НАТОнун аба техникаларынын ошол эле аймактан учкандыгы тууралуу маалыматты таба алган эмес.
Порталдын архивинде болгон тректерге караганда, газ куурлары өткөн жерлерде АКШ жана Германиянын аскердик аба кемелеринин Балтика деңизинин үстүндө минималдуу учуу бийиктиги 600 метрден аз болгон. Бирок ачык мониторинг системасына түшпөй калган каттамдын бөлүктөрүндө андан да төмөн болушу мүмкүн.
Аскердик эксперт, Улуттук коргонуу журналынын башкы редактору Игорь Коротченко белгилегендей, НАТОнун учактары июнь айында диверсиялык топтордун ишин коштоо үчүн газ түтүктөрүнүн аймагындагы кырдаалга мониторинг жана талдоо жүргүзүшкөн.
"Балким, ошол маалда диверсанттар жардыргыч заттарды коюп жатышкандыр. Демек, алар деңиз жээгинде жүрүп жаткан операцияны ачып бере турган кемелердин бар же жок экенине көз салышы керек болчу. Ал эми экинчи жагынан, мындай мониторинг суу астындагы диверсанттардын тобу кандайдыр бир кыйынчылыктарга туш болсо же табылса аларды эвакуациялоо боюнча ыкчам чараларды көрүү үчүн жүргүзүлмөк. Ошондой эле операция интенсивдүү навигация аймагында, жер үстүндөгү жана суу астындагы кырдаалды көзөмөлдөө каражаттары тынымсыз, жакшы иштеген жерде жүргүзүлгөн", — деди ал РИА Новостиге.
Анын айтымында, Flightradar маалыматтары Херш тараткан маалыматка туура келет.
"Ошондуктан "Түндүк агым — 1.2" каналындагы терактылар боюнча эл аралык журналисттик иликтөө тобун түзүү зарыл деп эсептейм. Бул топтун алкагында бардык фактылар, жагдайлар жана документтер топтолушу керек. Жаңы маалыматтар жайгаштырыла турган тийиштүү сайт түзүлүшү зарыл. Анда топтолгон маалыматтар кийинчерээк тергөөнүн натыйжалары БУУда жана башка эл аралык платформаларда АКШнын диверсиясына жана террордук аракеттерине эл аралык коомчулуктан тиешелүү чараларды көрүү талабы менен сунушталган толук кандуу отчёт түрүндө таризделиши керек", — деп кошумчалаган ал.
Россия лидери Владимир Путиндин Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференцияда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2023
Путиндин 16 жыл мурда Мюнхен конференциясында сүйлөгөн сөзү. Тарыхый видео
Жаңылыктар түрмөгү
0