https://sputnik.kg/20230209/osh-meriyasy-byltyr-287-ishkana-achylgan-1072727087.html
Ош мэриясы былтыр шаарда 287 жаңы ишкана ачылганын билдирди
Ош мэриясы былтыр шаарда 287 жаңы ишкана ачылганын билдирди
Sputnik Кыргызстан
Жаңы иш орундары түзүлгөндөн кийин жумушсуздардын саны 611 адамга кыскарган. 09.02.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-02-09T08:33+0600
2023-02-09T08:33+0600
2023-02-09T08:33+0600
кыргызстан
ош
ош мэриясы
бюджет
ишкана
ачуу
жумушсуздук
https://sputnik.kg/img/07e6/04/05/1063407802_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_e1013c955511d42e55aaeea22f41c817.jpg
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Узаган жылы Ош шаарынын бюджети 2,5 миллиард сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 900 миллион сомго көбөйдү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.Ага ылайык, шаарда 2022-жылы 287 жаңы ишкана ачылып, 1 872 жумуш орун түзүлгөн.Өнөр жай ишканалары 6,7 миллиард сомдук продукция чыгарса, айыл чарба багытында өндүрүлгөн товарлардын баасы 1,3 миллиард сомду түзгөн. Ал эми шаардын ишкердик жүргүзүүчү субъектилери тарабынан көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 90,3 миллиард сомду түзгөн. Бул мурдагы жылга караганда 4,9 пайызга көп.Ал эми жумушсуз катары расмий катталган Оштун тургундарынын саны 5 551ге жетип, мурдагы жылга салыштырмалуу 611 адамга кыскарган.
https://sputnik.kg/20230208/tazalyk-zarplata-uvelichenie-1072707674.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/05/1063407802_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_3f2ed2c724004b906385a1223417e990.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ош, ош мэриясы, бюджет, ишкана, ачуу, жумушсуздук
кыргызстан, ош, ош мэриясы, бюджет, ишкана, ачуу, жумушсуздук
Ош мэриясы былтыр шаарда 287 жаңы ишкана ачылганын билдирди
Жаңы иш орундары түзүлгөндөн кийин жумушсуздардын саны 611 адамга кыскарган.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Узаган жылы Ош шаарынын бюджети 2,5 миллиард сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 900 миллион сомго көбөйдү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, шаарда 2022-жылы 287 жаңы ишкана ачылып, 1 872 жумуш орун түзүлгөн.
Өнөр жай ишканалары 6,7 миллиард сомдук продукция чыгарса, айыл чарба багытында өндүрүлгөн товарлардын баасы 1,3 миллиард сомду түзгөн. Ал эми шаардын ишкердик жүргүзүүчү субъектилери тарабынан көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 90,3 миллиард сомду түзгөн. Бул мурдагы жылга караганда 4,9 пайызга көп.
Ал эми жумушсуз катары расмий катталган Оштун тургундарынын саны 5 551ге жетип, мурдагы жылга салыштырмалуу 611 адамга кыскарган.