Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда биологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча мыйзам даярдалат

© Sputnik / Асел АкматМодификацияланган организмдер боюнча тобокелдиктерди баалоо, башкаруу жана мониторингдөө боюнча адис Абдимитал Чынгожоев
Модификацияланган организмдер боюнча тобокелдиктерди баалоо, башкаруу жана мониторингдөө боюнча адис Абдимитал Чынгожоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2023
Жазылуу
Модификацияланган организмдер боюнча тобокелдиктерди баалоо, башкаруу жана мониторингдөө боюнча адис Абдимитал Чынгожоев өлкөнүн биокоопсуздугун камсыздоо боюнча долбоор ишке аша турганын белгиледи.
Биологиялык коопсуздук боюнча мыйзам даярдоо мерчемделүүдө. Бул тууралуу Абдимитал Чынгожоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда биологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча мыйзам даярдалат
Анын айтымында, биотехнология өнүгүп жаткандыктан гендик деңгээлде өзгөртүүгө дуушар болгон организмдерден толук баш тартуу мүмкүн эмес.

"Кыргызстан биотүрдүүлүккө бай мамлекет. Өлкө жалпы кургактыктын 0,13 пайызын түзгөнү менен анда дүйнө жүзүнүн 2 пайыздан ашык флорасы, 3 пайызга чукул фаунасы бар. Аны сактоо үчүн өлкөнүн биологиялык коопсуздугун камсыздоо зарыл. Мына ошондуктан Кыргызстан 1996-жылы биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо боюнча конвенцияга кирген. 2005-жылы анын алкагында биологиялык коопсуздукту сактоо боюнча Картахен протоколун ратификациялаган. Бирок ага карабастан өлкөдө биологиялык коопсуздук боюнча укуктук-нормативдик база түзүлө элек. Мына ошолорду жоюу үчүн БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан өлкөнүн биологиялык коопсуздук механизми боюнча долбоор ишке ашырылганы турат. Ага глобалдык экологиялык фонд тарабынан 1,5 миллион доллар грант берилди. Мындан тышкары, министрлер кабинети үч миллион доллар кошуп, жалпы 4,5 миллион доллар каражат каралууда. Долбоордун негизги максаты — Картахен протоколунда Кыргызстан өзүнө алган милдеттемелерди ишке ашырууга көмөктөшүү. Ал үч чоң компоненттен турат. Биринчиси — укуктук-нормативдик базаны жөнгө салуу. Экинчиси — биологиялык коопсуздукту коргоо үчүн кадрларды даярдап, лабораторияларды гендик өзгөртүүлөрдү аныктай алган жабдыктар менен камсыздоо. Үчүнчүсү — долбоордун алкагында алынган тажрыйба, билимди коомго жайылтуу", — деди Чынгожоев.

Адис Кыргызстанга гендик модификацияланган организмдер импорт аркылуу кирерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0