Жактоочу Марат Касемге түрмөдө кыйноолор болуп жатканын айтты

© Sputnik / DMITRY DUBINSKYSputnik Литва агенттигинин башкы редактору Марат Касем. Архив
Sputnik Литва агенттигинин башкы редактору Марат Касем. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2023
Жазылуу
Латвияда кармалып камакка алынган журналисттин абалы оор, бирок анын илдетине көңүл бурулбай жаткандыгы маалымдалды.
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Sputnik Литва агенттигинин башкы редактору Марат Касемге Ригадагы түрмөдө кыйноолор болуп жатат. Бул тууралуу "Sputnik Ближнее зарубежье" Телеграм-каналында жазылды.
Касем Латвиянын жараны, бир нече жылдан бери Москвада жашайт жана Sputnik Литва агенттиги кирген "Россия сегодня" медиатобунда иштейт. 30-декабрда журналист үй-бүлөлүк маселелери менен Латвияга барган.
Sputnik Литва агенттиги ал 5-январда кармалып, Рига шаардык соту баш коргоо чарасын карап, камакка алуу чечимин чыгарганын жазган. Мындан кийин Касемди дароо Риганын борбордук камагына киргизишкен.
Журналисттин жактоочусунун айтымында, Касем кармалып турган жайдагы шарттар Кыйноолорду алдын алуу жөнүндөгү конвенцияга туура келет. 30-январда аны негизсиз эле соттолгондор отурган корпуска которуп, бир кишилик камерага киргизишкен.
"Антисанитария жана курт-кумурскалардан Касем аллергия болуп жатат. Дем алуу кыйын болгондуктан терезени ачып, түнкүсүн баш кийим, үстүнө калың кийимдерин кийип уктоого аргасыз. Өнөкөт оорулары күчөп кеткен, подагра оорусунан улам бутунун манжалары иштебей калды. Камеранын эшигин тыкылдатып, бул кыйналууларын айтса да эч кандай жооп болбой жатат", — деп жазылат маалыматта.
Жактоочу белгилегендей, Касемге адвокат менен байланышууга камалгандан үч күндөн кийин гана уруксат беришкен, бирок мыйзам боюнча ал жактоочуга сутканын каалаган убактысында чала алат. Абакта иштеген дарыгер Касемдин диагноздоруна көңүл бурбай, аллергияга каршы дарыларды берип койгон. Учурда Касемдин абалы оор.
Юрист муну тергөө иштеринде кысым көрсөтүү менен анын күнөөнү моюнга алган көрсөтмөлөрүнө ээ болуу максаты турат деп эсептейт. Учурда жактоочу Касемди медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү талап кылып, арыз даярдоодо.
Россия ТИМи анын кармалышы боюнча: "Марат Касемдин кармалышы — анын принципиалдуулугу үчүн диктатордук өлкөнүн өчү", — деп билдирген. Ал эми акыйкатчы Татьяна Москалькова Sputnik Литва агенттигинин башкы редакторунун кармалышын сөз эркиндигине кол салуу катары баалап, БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгына кайрылган.
Россиянын Журналисттер союзунун башчысы Владимир Соловьев РИА Новостиге кырдаал боюнча түшүндүрмө берип жатып, муну эң олуттуу мыйзам бузуулардын бири деп эсептээрин жана окуя тууралуу маалыматты бардык эл аралык журналисттик укук коргоо уюмдарына жөнөтөрүн билдирген.
"Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев Касемдин кармалышы тууралуу айтып жатып, уюм эл аралык коомчулукту жооп кайтарууга үндөй турганын жана аны бошотуу үчүн колдон келгендин баарын жасаарын белгиледи. Киселев камакка алуунун өзүн мыйзамсыз деп атаган. Анын айтымында, камакка алуу "европалык мыйзамсыздыктын шартында, башкача айтканда, адам кесипкөй журналисттик ишмердүүлүк менен алектенгендиги үчүн, өзүнүн пикири, позициясы, маалыматы үчүн камакка алынышы мүмкүн болгон" шартта жүргүзүлгөнүн айткан.
Sputnik Литванын шеф-редактору Марат Касем. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Захарова: Батыш Касеновду кармаганы үчүн жоопкерчиликтен кача албайт
Жаңылыктар түрмөгү
0