Россия БУУдан Марат Касемге байланыштуу кырдаалга көңүл бурууну талап кылды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүSputnik Литва агенттигинин башкы редактору Марат Касем. Архив
Sputnik Литва агенттигинин башкы редактору Марат Касем. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2023
Жазылуу
Дипломат журналистти камакка алган Латвия бийлигинин аракетин альтернативалуу көз караштарга каршы күрөш жана оппозициячыл маалымат каражаттарын коркутуу аракети деп баалады.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Россиянын БУУнун Женева кеңсесиндеги туруктуу өкүлчүлүгү Геннадий Гатилов БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк менен БУУнун атайын баяндамачысы Ирен Хандан Sputnik Литва агенттигинин башкы редактору Марат Касемдин камакка алынышына байланыштуу кырдаалга көңүл бурууну талап кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Дипломат журналистти камакка алган Латвия бийлигинин аракеттерин альтернативалуу көз караштарга каршы күрөш жана оппозициячыл маалымат каражаттарын коркутуу аракети деп баалады.
"Биз БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрккө жана БУУнун атайын баяндамачысы Ирен Ханга расмий нота жөнөтүп, алардан бул окуяга көңүл бурууну талап кылдык", — деди Гатилов билдирүүсүндө.
Анын айтымында, туруктуу өкүлчүлүк Латвиядагы орус тилдүү журналисттик коомчулуктун өкүлдөрүнө карата саясий куугунтукка байланыштуу реакцияны күтүүдө.
Марат Касем Латвиянын жараны. Ал бир нече жылдан бери Москвада жашап, курамына Sputnik Литва кирген "Россия сегодня" медиагруппасында иштейт. Журналист 13-декабрда Латвияга үй-бүлөлүк себептерден улам келген. Sputnik Литва агенттиги жетекчисинин кармалып, 5-январда Рига соту аны камакка алганын жазган.
Буга чейин Россиянын Тышкы иштер министрлиги Касемдин кармалышы анын принциптерди кармангандыгы үчүн диктатордук режимдин өч алуусу жана бул оппозицияга каршы террор экенин билдирген. Россиянын акыйкатчысы Татьяна Москалькова Sputnik Литва агенттигинин башкы редакторунун кармалышын сөз эркиндигине кол салуу катары баалап, БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгына кайрылды.
Россиянын Журналисттер союзунун башчысы Владимир Соловьев РИА Новостиге кырдаал боюнча түшүндүрмө берип жатып, муну эң олуттуу мыйзам бузуулардын бири деп эсептээрин жана окуя тууралуу маалыматты бардык эл аралык журналисттик укук коргоо уюмдарына жөнөтөрүн билдирген.
"Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев Касемдин кармалышы тууралуу айтып жатып, уюм эл аралык коомчулукту жооп кайтарууга үндөй турганын жана аны бошотуу үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын белгиледи. Киселев камакка алуунун өзүн мыйзамсыз деп атаган. Анын айтымында, камакка алуу "европалык мыйзамсыздыктын шартында, башкача айтканда, адам кесипкөй журналисттик ишмердүүлүк менен алектенгендиги үчүн, өзүнүн пикири, позициясы, маалыматы үчүн камакка алынышы мүмкүн болгон" шартта жүргүзүлгөнүн айтат.
Sputnik Литванын шеф-редактору Марат Касем. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Захарова: Батыш Касеновду кармаганы үчүн жоопкерчиликтен кача албайт
Жаңылыктар түрмөгү
0