Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Седиев: продакшн студияларга көркөм сүрөтчүлөр жетишсиз

© Sputnik / Асел АкматКөркөм сүрөтчү Камчыбек Седиев
Көркөм сүрөтчү Камчыбек Седиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2023
Жазылуу
Көркөм сүрөтчү Камчыбек Седиев көркөм сүрөтчүлүк кесипте карьералык өсүү бар экенин баса белгиледи.
Кыргызстанда көркөм сүрөтчүлөрдү даярдап чыгарган ЖОЖдор өтө аз. Бул тууралуу Камчыбек Седиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Седиев: продакшн студияларга көркөм сүрөтчүлөр жетишсиз
Ал көркөм сүрөтчү кадрдагы ар бир деталга жооп берген адис экенин белгиледи.
"Бишкектеги бир катар продакшн студияларга көркөм сүрөтчүлөр жетишсиз болуп жатат. Кыргызстандагы студиялардын 90 пайызы биз менен байланышып, иштешет. Көркөм сүрөтчүлөр өлкөбүздө өтө аз болгондуктан, башка долбоорлорго жиберүүгө адис жок болууда. Анын үстүнө бул кесипти окуткан окуу жайлар да аз. Ошондуктан ушул багытка кызыккан жаштарды бирге иштешүүгө чакырып кетмекмин. Көркөм сүрөтчү кино тартуудагы үчүнчү маанилүү адис десек болот. Ал кадрдагы бардык деталдарга жооп берет. Биздин милдет — сценарийге жараша реквизиттерди даярдап, локация табуу. Негедир көпчүлүк жаштар камера алдында иштөөнү каалап, актёр болууну самашат", — деди көркөм сүрөтчү.
Ал көркөм сүрөтчүлүк кесиби ары оор, ары кызыктуу экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0