Бишкек мэриясы ыштан арылуу боюнча пландары менен бөлүштү

© Sputnik / Акылбек БатырбековЫшка бөлөнгөн Бишкек. Архивдик сүрөт
Ышка бөлөнгөн Бишкек. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2023
Жазылуу
Кээ бир сунуштар буга чейин айтылып келген.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы ыштан арылуу боюнча пландары менен бөлүштү.
Калаа башкармалыгы абанын булганышы боюнча кезектеги жыйынын өткөргөн. Жыйында 2025-жылга чейинки жана узак мөөнөттүү — 2050-жылга чейинки пландар айтылды.
Мэрия шаардагы ыштан арылуу үчүн төмөнкү сунуштарды киргизди:
быйыл беш жаңы конушту газга туташтырып, жылуулук берүүнүн альтернативдүү булактарын киргизүү. От казандарын газ менен иштетүүгө өткөрүп, шаарды жылытуунун башка булактарын, мисалы, жылуулук насосторун киргизүү;
Бишкектин тургундарына үйдү келерки кышта Кара-Кеченин көмүрү менен жылытууга тыюу салуу, анын ордуна Казакстандын жогорку калориялуу көмүрүн ташып келүү;
жаңы конуштардагы көмүр менен иштеген мончолордун ордуна 12 муниципалдык мончо куруу;
500 даана экологиялык коомдук транспортту сатып алуу жана алардын санын 1500гө чейин көбөйтүү. Бул транспорттун түрүнө жана таксилер үчүн өзүнчө тилке бөлүп берүү;
автоунааларда катализаторлордун бар-жогун текшерүү;
такси кызматы үчүн 500 даана бир түстүү электр унааларын сатып алуу. Бул үчүн инвестор талап кылынат;
Бишкектин парк зоналарын 21,6 гектарга кеңейтүү, "жашыл коридор" куруу;
башкы планды иштеп чыгуу менен Чүй облусунун эсебинен Бишкек шаарынын аймагын кеңейтүү. Бул түтүн менен күрөшүүгө кандай жардам берери азырынча белгисиз;
тыгынды жоюу үчүн темир жолду, ошондой эле борбордо жайгашкан базарларды, автобекеттерди жана калкты тейлөө борборлорун шаардын сыртына жылдыруу;
көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун көзөмөлдөө, унаа тыгындарын кайрадан азайтуу максатында жаңы жолдорду кеңейтүү жана куруу;
Энергетика министрлиги менен биргеликте ТЭЦ-2ни калыбына келтирүү.
Жыйында каралган бардык маселелерди мэр Эмилбек Абдыкадыров министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго билдирди. Ал өз сунуштарын жана сын-пикирлерин айтканы маалымдалган. Эскерте кетсек, өкмөт башчы ыш менен күрөшүү идеяларын буга чейин билдирген.
Бишкектеги ыш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2023
Бишкектеги ыш: Экология министрлиги бейөкмөт уюмдардын датчиктерине ишенбейт
Жаңылыктар түрмөгү
0