Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшева тууралуу эмне белгилүү? Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДиванда отурган аял. Архив
Диванда отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2023
Жазылуу
Маркумдун сөөгү өзү туулуп өскөн жери Казарманда жерге берилет.
Назгүл Төлөмүшева 1976-жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жарык дүйнөгө келген. Макмал орус тилдүү орто мектебин 1993-жылы аяктаган.
Үч бир туугандын улуусу, өзүнөн кийин иниси менен сиңдиси бар. Атасы Муратбек Төлөмүшев 2022-жылы өтүп кеткен, апасы Бурулуш Төлөмүшева мындан 26 жыл мурда кайтыш болгон.
23 жашында Тогуз-Торонун ошол кездеги акими Курманбек Бакиевге турмушка чыгып, Лейла аттуу кыздуу жана Данияр аттуу уулдуу болгон. Азыр кызы 23, баласы 18 жашта. Жубайлардын ортосунда 26 жаш айырмачылык бар.
2010-жылдагы кандуу апрель окуясынан кийин Курманбек Бакиев менен өлкөдөн чыгып кетип, жубайлар Беларустан башпаанек табышкан.
Төлөмүшева 2016-жылы Беларустагы эң чоң мейманканалардын бири болгон "Минск" отелин башкарган.
47 жашында жүрөк кемтигинен каза болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0